Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2018

Новости за 16.05.2018

Момбеков: ЖЭБ чуусу боюнча Атамбаев менен Жээнбековду да сураш керек (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Бишкектин Жылуулук электр борбору боюнча талкууга азыркы жана мурдагы президенттерди чакырып суроо керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламентте сүйлөп жатып айтты: - Аткаруучулар камалып отурат. Жети бала камалды. А башкаруучулар биякта отурбайбы! Бир депутат Алмазбек Шаршеновичтин атын айтты. Сапар Жумакадырович Сооронбай Шариповичти дейт. Эркиңер жетеби, урматтуу комиссия, экс-президентти да, азыркы президентти, өкмөт башчыны (ал кезде биринчи вице болуп отурган) да чакыргыла! Читать дальше...

Шавкат Мирзиёев АКШга расмий сапар менен барды

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Америка Кошмо Штаттарына расмий сапар менен барды. “Эндрюс” аба майданынан аны АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү тосуп алды. 16-майда Мирзиёев АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугат. Жолугушуунун алкагында алар "Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттары: стратегиялык кызматташтыктын жаңы доорунун башталышы" деген президенттердин биргелешкен билдирүүсүн кабыл алышы жана эки тараптуу кызматташтыкка байланыштуу бир катар документтерге кол коюшу күтүлүп жатат. Эки... Читать дальше...

Эмгекчилдиктер алтын комбинатына каршы

Azattyk.org 

15-майда Нарын районундагы Эмгекчил айылында жүздөй киши чогулуп, Солтон-Сары жайлоосуна алтын кен комбинатын курууга каршы чыгышты. Чогулгандар менен Мамлекеттик геология агенттигинин, жергиликтүү бийликтин жана комбинат курууга лицензиясы бар кытайлык “Жорж майнинг” компаниясынын өкүлдөрү жолугушту.

Илмиянов чет өлкөдө экени кабарланды

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов Сауд Арабиясында жүрөт. Бул тууралуу "Азаттыктын" ишенимдүү маалымат булактары кабарлашты. Илмиянов умрага кеткени, кайра Кыргызстанга кайтып келери жана Рамазан айын мекенинде өткөрөрү айтылууда. Икрамжан Илмиянов мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде алгач анын кеңешчиси, андан кийин президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеген. Учурда ал КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү. (KE)

Исаков: ЖЭБ чуусу боюнча корутундуга Жээнбековду да кошо жазыш керек (видео)

Azattyk.org 

Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна бардык ысымдар жазылышы керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Ал бул корутундуга азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун аты да жазылышы керек деп эсептейт. - Корутунду акыйкат болушу үчүн Сооронбай Жээнбековдун ысымы киргизилип, бардык тиешелүү адамдар аталышы керек, - деди Исаков. Ал ошондой эле "парламент саясий өлүккө айланды" деген билдирүүсү үчүн депутаттардан кечирим суроо сунушунан баш тартты. Читать дальше...

Исаков: ЖЭБ чуусу боюнча корутундуга Жээнбековду да кошо жазыш керек

Azattyk.org 

Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна бардык ысымдар жазылышы керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Ал бул корутундуга азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун аты да жазылышы керек деп эсептейт. - Корутунду акыйкат болушу үчүн Сооронбай Жээнбековдун ысымы киргизилип, бардык тиешелүү адамдар аталышы керек, - деди Исаков. Ал ошондой эле "парламент саясий өлүккө айланды" деген билдирүүсү үчүн депутаттардан кечирим суроо сунушунан баш тартты. Читать дальше...

Түркия Израилдин консулуна өлкөдөн убактылуу чыгып турууну сунуш кылды

Azattyk.org 

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Стамбулдагы башкы консулуна убактылуу өлкөдөн чыгып турууну сунуш кылды. Бул тууралуу “Anadolu” кабар агенттиги Тышкы иштер министрлигиндеги маалымат булагына таянып жазды. Түркия менен Израилдин ортосундагы дипломатиялык жаңжал 14-майда, Газа секторундагы палестиндер менен израил күчтөрүнүнүн кагылышуусунан кийин тутанган. Буга Америка Кошмо Штаттарынын Иерусалимде эчилигин ачканы себеп болгон. Андагы кагылыштарда 60тан ашык палестин курман болду. 15-майда... Читать дальше...



АКШ менен Евробиримдик Орусиянын Крымда көпүрө ачышын айыптады

Azattyk.org 

Шаршемби күнү эртең менен Крым көпүрөсүнүн жана андагы автожолдун ачылышы болду. Бул жол Краснодар крайын Орусия аннексиялап алган Крым менен байланыштырат. Краснодар тараптан келген жергиликтүү тургундар, журналисттер жана байкерлер жолдон алгачкылардан болуп өттү. Кечээ көпүрөнүн Керченск бөлүгүн Орусия президенти Владимир Путин "КамАЗ" менен келип ачкан. Украинанын президенти Петро Порошенко Крым жарым аралыгындагы көпүрөнүн ачылышын айыптады. Европа Биримдиги менен АКШ да ушундай мазмунда билдирүү таратты. Читать дальше...

Араванда сел жүрдү

Azattyk.org 

Ош облусунун Араван районунда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Такталган маалыматка караганда, бүгүн саат 11:30 чамасында Араван районунун Али Анаров айыл аймагынын Маданият айылында жааган жаандын кесепетинен тоодон сел жүрүп, 20 үйдүн, 1 мектептин жана 1 бала бакчанын короосун суу каптады. Азыр "Беларус" трактору ишке тартылып, суу каптаган жерлерди калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат.

Футбол чемпионаты: кысталган мигранттар

Azattyk.org 

“Хьюман Райтс Вотч” уюму Орусияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатын утурлай адам укуктарынын абалына сереп салган баяндамасын жарыялады. Анда дүйнөлүк мелдештин алдында Орусияда адам укуктарынын абалы начарлап кеткени айтылат.

"РИА Новости-Украинанын" жетекчиси Вышинскийдин бөгөт чарасы каралат

Azattyk.org 

Украинанын күч түзүмдөрү кечээ кармалган "РИА Новости- Украина" маалымат агенттигинин башчысы Кирилл Вышинскийди Киевден Херсонго жеткиришти. Бул тууралуу «РИА Новости» адвокатка шилтеме кылып кабарлады. Херсондо Вышинскийдин бөгөт чарасы каралат. Анда Крым Автоном Республикасынын прокуратурасынын кеңсеси бар. Расмий Киев Вышинскийге "мамлекеттик чыккынчылык", "Украинага кастык маалыматтык саясат жүргүзгөн" деген айыптарды коюуда. Ал 2015-жылы орус паспортун алып, бирок украин жарандыгынан да чыккан эмес. Читать дальше...

Бишкектин Орто-Сай базары "бомба бар болушу мүмкүн" деп курчоого алынды

Azattyk.org 

Атайын кызматтын маалымат бөлүмү "Азаттыкка" кабарлагандай, бүгүн саат 12:30 чамасында белгисиз бирөө келип, Орто-Сай базарынын сатуучуларына базардын аймагында бомба катылганын айткан. - Бомба тууралуу маалымат түшөрү менен УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери базарга барып, анын аймагын курчоого алышкан. Учурда ыкчам издөө иштери жүрүп жатат, - деген УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов учурда базардан бардык кишилер чыгарылганын кошумчалады. Кийинки убакта Бишкекте жардыруучу зат коюлганы тууралуу үрөйдү учуруп... Читать дальше...

Орозодо оорукчандар абайлашы керек

Azattyk.org 

Германиядагы педиатрлар бирикмеси мусулман жарандарына жаш балдарга орозо карматууда этият болуу зарыл экенин эскертти. Кыргызстанда орозо туткандар жылдан жылга көбөйүп баратат. Айрым педиатрлар 9-10 жаштагы жеткинчектер орозо учурунда кыйналып, ооруканага кайрылып жатканын эскертишет.

Зариф: Евробиримдик менен жолугушуулар "жакшы башталды"

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Мухаммад Зариф Тегеран жана Европа мамлекеттеринин АКШ чыгып кеткен 2015-жылдагы өзөктүк келишимди сактап калуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн башталышын "жакшы" деп баалады. Ал бул тууралуу 15-майдын кечинде Боюсселде Британиянын, Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушуудан кийин билдирди. “Биз туура жолдо баратабыз. Баары биз алдыдагы жумаларда эмне кыла аларыбыздан көз каранды болот” деди 90 минуттук жолугушуудан кийин Зариф. Жолугушууга... Читать дальше...

17-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

17-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө жана Баткенде түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23, Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15... Читать дальше...

«Курт түшкөн алманы ыргытып жиберген болбойт»

Пресс.kg 

Максат ажы Токтомушев, муфтий: – Максат ажы, жыл сайын ажылык сапарга байланыштуу өйдө-төмөн сөздөр айтылат. Быйылкы боло турган ажылык сапарды уюштуруу иштери туурасында маалымат берсеңиз? – Жаратканга чексиз мактоолор болсун. Мына орозо айы башталганы турат, Кудай элибизге ынтымак, береке, мамлекетибизге тынччылык берсин. Ушул ыйык айда ар бирибиздин жакшы тилектерибизди Алла Талла кабыл кылсын. Жылдан-жылга ажылык […]

Мектепте кыргыз адабияты азаябы?

Azattyk.org 

Кийинки жылдан баштап мектептерде кыргыз адабияты сабагын окутуу программасы өзгөрөт. Эки жыл мурун билим бирүү тармагында жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз адабияты сабагы жоюлуп, анын ордуна "Дүйнөлүк адабият жана кыргыз адабияты" предметин киргизүү демилгеси көтөрүлгөн. Мындай сунуш адабиятчы-окумуштуулардын талаш-тартышын жаратып, коомчулуктун каршы пикирине учураган.

Акылбек Жапаров мурдагы жардамчысы камалганын тастыктады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун мурдагы жардамчысы камакта отурат. Бул тууралуу ал өзү бүгүн “Азаттык” радиосунун "Салык тармагындагы 800 миллиондук коррупциялык схема боюнча сиздин жардамчыңыз кармалганы айтылууда" деген суроосуна жооп берип жатып билдирди: - Менин бир жардамчым азыр Токмок шаарынын мэри болду. Бири парламентке депутат болуп келди. Жардамчылардын баарын мыйзам бузбоого, сыйлоого үйрөтүп жүрөм. Бир жардамчым боюнча кылмыш иши козголду. Далилдерин карап көрөбүз. Бүгүнкү күндө ал камакта. Читать дальше...

Пара менен кармалган Чалбаевдин ордуна Токтакунов дайындалды

Azattyk.org 

Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы болуп буга чейин Кадамжай районунун прокурору болуп иштеген Кумарбек Токтакунов дайындалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Алмамбет Абдраманов кабарлады. Аталган кызматты мурда ээлеп келген прокурор Улан Чалбаев 2018-жылдын 16-апрелинде 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган. УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" кабарлагандай Улан... Читать дальше...

Ысык-Көл: Жол кырсыктары азаюуда

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарынын саны быйыл өткөн жылга караганда азайганы байкалат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Быйыл алгачкы төрт айда 64 жол кырсыгы катталды, бул көрсөткүч 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 19га аз. Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарынан 19 адам каза тапты, 86 адам жарадар болду. (AsM)

Кыргызстан ЖЭБ үчүн 493 млн. доллар төлөйт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат.

Жээнбеков жемкорлор кайтарган акчаны атайын эсепке топтоону буйруду

Azattyk.org 

Коррупциялык кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана соттун чечими менен өндүрүлгөн каражаттар атайын эсепке топтолот. Мындай эсепти ачуу тапшырмасын бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков тийиштүү органдарга берди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын маалымат бөлүмү кабарларды. Президенттин тапшырмасын аткаруу үчүн Башкы прокуратуранын, УКМКнын, Ички иштер министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жана Улуттук банктын жетекчилери чогулуп, кеңешме өткөрдү. Читать дальше...

ЖЭБ чуусу: 386 млн долларлык насыя жалпысынан 493 млн болуп төлөнөт (видео)

Azattyk.org 

Бишкектин Жылуулук электр борборун оңдоо үчүн Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион доллар насыя үстөк пайызы менен 493 миллион доллар болуп төлөнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы финансы министри Ольга Лаврова билдирди. Анын айтымында, насыя 20 жыл аралыгында төлөнөп бүтүшү керек жана төлөөнүн эң көп көлөмү 2023-2024 жылдарга туура келет. Ал эми финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков азыркы учурга чейин бул насыя боюнча 19 миллион доллар төлөнгөнүн билдирди. Читать дальше...

ЖЭБ чуусу: 386 млн. долларлык насыя жалпысынан 493 млн. болуп төлөнөт (видео)

Azattyk.org 

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдош үчүн Кытайдын "Эксимбанкынан" алынган 386 миллион доллар насыя үстөк пайызы менен 493 миллион доллар болуп төлөнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы финансы министри Ольга Лаврова билдирди. Анын айтымында, насыя 20 жыл аралыгында төлөнөп бүтүшү керек жана төлөөнүн эң көп көлөмү 2023-2024 жылдарга туура келет. Ал эми финансы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков азыркы учурга чейин бул насыя боюнча 19 миллион доллар төлөнгөнүн билдирди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *