Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2018

Новости за 17.05.2018

18-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

18-майда Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25, Талас жергесинде түнкүсүн 7...12... Читать дальше...

Ибраимов: Шадиевдин жери мыйзамдуу

Azattyk.org 

Бишкек мэри Албек Ибраимов борбордун түштүк аймагындагы жер чырына байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Ал 22 жаштагы студентке 2,86 гектар жана экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин туугандарына 2,16 гектар жер ижарага мыйзамдуу берилгенин айтты. Буга чейин аталган жер тилкелери жең ичинен мыйзамсыз берилип кеткени парламентте бир нече ирет айтылган.

Кыргызстанда былтыр тендер боюнча 280 кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Бул тууралуу "Азаттыкка" Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуу департаментинин жетекчиси Улан Озумбеков билдирди. Анын айтымында, тендер өткөргөн комиссияларга байланыштуу жалпысынан миңге жакын арыз түштү. Кыргызстан жыл сайын болжол менен 40 миллиард сомдон ашык акчаны мамлекеттик сатып алууга коротот. Бул жалпы бюджеттин 40 пайызын түзөт. Өлкө 2015-жылы мамлекеттик сатып алууну толугу менен электрондук системага өткөргөн жана атайын портал түзүлгөн. Анда ушул тушта кызмат, товар сатып... Читать дальше...

Масалиев: Экс-президент да жоопко тартылгыдай болсун (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев ""Кыргызстандын экс-президенти" деген макамы барларга кол тийбестик кепилдигин берген мыйзамды өзгөртүш керек" деген пикирин бүгүн да ЖЭБ чуусу талкууланып жатканда парламенттин трибунасынан кайталады. - Мамлекетти ким башкарганы ачык көрүнүп жатат. Башкарган киши мамлекетти бийлеген. Президент премьер-министрдин башын аттап түзмө-түз министрге буйрук бергени мыйзамга туура келбейт. Бул Конституцияны бузуу деген сөз. Мыйзамды өзгөртүшүбүз керек. Читать дальше...

Бишкектеги казинолор боюнча тергөө башталды

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Ички иштер министрлиги менен бирге өткөргөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Бишкекте отузга жакын казино аныкталды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди. Анын айтымында, Кылмыш-жаза кодексинин 259-1 ("Тыюу салынган кумар оюндарын уюштуруу жана ойнотуу") беренеси менен иш козголду. Учурда казинолордогу оюн жабдыктары, буюм-тайым, үстөлдөр алынды. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Читать дальше...

Сатыбалдиев Көлбаевди туу тутабы?

Пресс.kg 

Жакында эле “мыйзамдагы ууру” статусу бар Камчы Көлбаевдин апасы 70 жашка чыкты. Камчынын куттуктоосу интернетти аралап уу-дуу кылды. Албетте эне ыйык. Куттуктоо, сый көргөзүү ар бир уулдун ыйык милдети. Биздин айтайын дегенибиз, Көлбаевге кошомат кылгандардын жоругу. Мына мурдагы башкы прокурор, 7-апрель окуясынан кийин соттолуп, жазасын өтөп чыкккан Элмурза Сатыбалдиев Камчыга катуу жагалданды. Уккан-билгендер түшүнбөй калышты. […]

Алтыбаева: ЖЭБ боюнча соттошсок эгемендиктен айрылабыз

Azattyk.org 

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо долбооруна байланыштуу Кытай менен соттошсо Кыргызстан эгемендигинен айрылып калышы ыктымал. Мындай кооптонуусун бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева билдирди: - Ишти Гонконг сотунан каратуу бул жерде Кыргызстандын пайдасына эмес жазылган. Эл аралык аудит жүргүзүп, бул 30% модернизациянын чыныгы баасын билгибиз келет. Бирок соттук териштирүү жүрсө анын соңунда суверенитетти жоготуп алуу коркунучу бар. Читать дальше...

Алтыбаева: ЖЭБ боюнча соттошсок эгемендиктен айрылабыз (видео)

Azattyk.org 

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо долбооруна байланыштуу Кытай менен соттошсо Кыргызстан эгемендигинен айрылып калышы ыктымал. Мындай кооптонуусун бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева билдирди: - Ишти Гонконг сотунан каратуу бул жерде Кыргызстандын пайдасына эмес жазылган. Эл аралык аудит жүргүзүп, бул 30% модернизациянын чыныгы баасын билгибиз келет. Бирок соттук териштирүү жүрсө анын соңунда суверенитетти жоготуп алуу коркунучу бар. Читать дальше...



Франциянын энергия гиганты Ирандан кетиши мүмкүн

Azattyk.org 

"Total" компаниясынын билдирүүсүнө караганда, ал Ирандан эгер АКШнын санкцияларынан жеңилдик болбосо кетет. Мындан мурдараак Германиянын камсыздандыруу секторунда иш жүргүзгөн "Allianz" жана Даниянын танкер жасоочу "Maersk" компаниялары да ушундай эле пландарын жарыялашкан. Бул АКШнын Иранга калыбына келген жана калыбына келүүчү санкцияларынан улам Европа компаниялары бул өлкө менен иш жүргүзүүдө туш келүүчү кыйынчылыктарды көргөзүп турат. Ал арада Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Болгариянын борбору Софияда... Читать дальше...

Жээнбеков: Сот реформасын ишке ашырууга эрк жетет

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында соттун баяндамачысын какты. Ал Жогорку Сотко караштуу сот реформасы боюнча жумушчу топтун жетекчиси Гүлжан Эсеналиеванын сөзүн бөлүп, сот реформасы боюнча сөздөн ишке өтүү керектигин айтты.

Президент: Сөздөн ишке өткүлө

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында соттун баяндамачысын какты. Ал Жогорку Сотко караштуу сот реформасы боюнча жумушчу топтун жетекчиси Гүлжан Эсеналиеванын сөзүн бөлүп, сот реформасы боюнча сөздөн ишке өтүү керектигин айтты.

Нарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугу талкууланды

Azattyk.org 

16-майда Нарын облустук ички иштер башкармалыгы облустун аймагындагы бардык мектептердеги "Акыркы коңгуроо" жана бүтүрүү кечелерин өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын жыйын өткөрдү. Башкармалыктын басма сөз катчысы Медина Султаналиеванын билдирген маалыматына ылайык, жыйындын максаты - жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды алдын-алуу, сууга чөгүүгө, жол кырсыктарына бөгөт коюуга багытталган иш-чараларда укук коргоо органдарынын... Читать дальше...

Трамп: Түндүк Корея менен саммитти убакыт көргөзөт

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп бул тууралуу 16-майда Ак үйдөн   Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда кабарчылардын суроолоруна учкай жооп берип жатып билдирди. “Көрөбүз, эч кандай чечим, эч кандай кабар келген жок, эмне болорун убакыт көргөзөт”, - деди Трамп. Буга чейин кечээ Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс  "Fox News" телеканалы менен болгон маегинде АКШ тарап азыр да мурдагыдай эле "саммит болот деген үмүттө турганын", ошол эле учурда "катаал сүйлөшүүлөргө даяр экенин"... Читать дальше...

Көп балалуу энелер сыйланды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлады. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, жети жана андан көп баланы толук тарбиялап өстүргөн 1354 аял “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук тарбиялаган 454 аял “Эне даңкы” медалы менен сыйланды. Жарлыктар бүгүн кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди. 2017-жылы 1618 энеге “Баатыр эне” ордени, 551 энеге “Эне даңкы” медалы берилген. Ал эми 2016-жылы 1902 энеге... Читать дальше...

АКШ жана Перс булуңундагы өлкөлөр “Хезболлага” санкция киргизди

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар менен анын Перс булуңундагы өнөктөштөрүнүн жаңы санкциялары Ливанда жайгашкан жана Иран колдогон “Хезболла” кыймылынын эки башкы лидерин да бутага алды. АКШнын Финансы министрлиги жарыялагандай, “Хезболланын” лидери Саид Хассан Насралла жана анын орун басары Наим Кассем санкция салынган он үч адам менен ишкананын катарына кирди. Министрликтин билдирүүсүндө белгиленгендей, санкциялар “Хезболланын” чечим кабыл алуучу тобуна багытталды. АКШнын финансы министри Стивен Мнучиндин айтымында... Читать дальше...

Жээнбеков: Сот реформасына эрк да бар, каражат да табабыз (видео)

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында Жогорку сотко караштуу Сот реформасы боюнча жумушчу топтун өкүлү Гүлжан Эсеналиеванын баяндамасы узакка созулуп кеткенине нааразы болуп, айтылып жаткан программаны ишке ашырууга эмне керек экенин сурады. Баяндамачы Гүлжан Эсеналиеванын "бул үчүн эрк жана каражат керек" деген жообунан кийин дагы эмне зарыл экенин тактап сурады. Жооп ала албаган соң мамлекет башчы "Эрк да бар, каражатты да табабыз, анан кандай реформа жүргөнүн көрөбүз" деп... Читать дальше...

Мирзиёев: Адам укуктары боюнча жылыш "артка кайткыс"

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөсүндө адам укуктары жаатында буга чейин жетишилген жылыштар “артка кайткыс” экенин АКШнын президенти Дональд Трамп менен 16-майдагы жолугушуусунда билдирген. Бул тууралуу Ак үй кабарлады. Президенттердин Вашингтондогу сүйлөшүүлөрүнөн соң АКШ менен Өзбекстан эки өлкөнүн “стратегиялык өнөктөштүгүнүн жаңы доору” тууралуу билдирүү кабыл алышты. Эки лидер ошондой эле терроризмге каршы күрөштө, Өзбекстандын коңшусу Ооганстандагы тынчтыкты, туруктуулукту,... Читать дальше...

Ысык-Көлдө жайкы сезондо видео жана фото байкоо орнотулат

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун аймагында жайкы туристтик сезондо коопсуздукту сактоо максатында видео, фото байкоо шаймандары орнотулат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Эрлан Атантаев билдирди. Анын айтымында, видео жана фото байкоо шаймандары аймактын чоң кесилиштерине коюлат. - Облуста жалпысынан 200гө жакын видео байкоочу камералар орнотулат. Бул боюнча айыл аймак башчылары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Алар каражат маселесин чече алаарын билдиришти. Читать дальше...

Орусиялык студенттер Айтматовдун туулган жерине спектакль коюшту

Azattyk.org 

«Айтматов жүргөн жерлер» долбоорунун негизинде Таласта уюштурулган иш-чаралардын алкагында Москвадан келген кино-коллеждин студенттери Шекер айылында жазуучунун "Саманчынын жолу" чыгармасын сахналаштырып берди. Орусиядагы №40 эл аралык кино-коллежден келген актерлор спектаклды кыргыз, серб жана украин элинин музыкалык чыгармаларынын коштоосунда кыймыл-аракеттер менен гана коюшту. Толгонайдын образын жараткан аталган коллеждин 3-курсунун студенти Валерия Безкоровайная спектаклдын мындай түрү Москвада анча жайыла электигин айтты. Читать дальше...

Жээнбеков: пробация институту 2019-жылдан баштап иштейт

Azattyk.org 

Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Сот реформасы боюнча биринчи кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда пробация институтун түзүү бир жыл ичинде ишке ашырылышы керек экенин айтты. - Кодекстерде көрсөтүлгөн бардык институттар жана механизмдер түзүлөт деп белгилегенбиз. Мисалы, Кыргызстанда мурда болбогон жаңы пробация институту түзүлүп, 2019-жылдын 1-январынан баштап иштей турган тергөөчү судьянын жаңы кызмат орду киргизилиши керек болчу.  Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик... Читать дальше...

Эгемендик жылдары энергетикага 2,77 миллиард доллар насыя алынган

Azattyk.org 

Эгемендик жылдары Кыргызстан энергетика тармагына 2 миллиард 77 миллион доллардан ашык насыя алган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып финансы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков билдирди. Анын айтымында, энергетика тармагына алынган каражат жалпы насыялардын 21 пайызын түзөт. Байгөнчөковдун маалыматы боюнча, жалпысынан Кыргызстан бул жылдары түрдүү тармактарга 9 миллиард доллардан ашык насыя алган. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков мынча көлөмдөгү... Читать дальше...

Ысык-Көлдө жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери жетишсиз

Azattyk.org 

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун аймагына жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөгө 150 кызматкер талап кылынат. Учурда облуста 85 кызматкер жол кыймылын көзөмөлдөп жатат. - Ар бир тилкеге милиция кызматкеринин турушу менен жол кырсыгы азайбайт. Жергиликтүү тургундардын аң-сезимин өзгөртүш керек. Тургундар мас абалда жана жогорку ылдамдыкта машине айдоону токтотушу керек, - деди Эрлан Атантаев. Читать дальше...

Түнкү клубда орун, маданий жайда киши жок

Azattyk.org 

Бишкектеги “Галерея М” көркөм сүрөт галереясында "Ызы-чуудан алыс" аттуу сүрөт көргөзмө өтүп жатат. Тематикалык чыгармалар тизмегинде кымгуут түшкөн шаар турмушунан сырткы жашоону чагылдырган жүзгө чукул картина илинген. Алардын арасында жергиликтүү жана чет элдик кыл калем чеберлеринин эмгектери бар. Анткен менен учурда бир айга чейин улана турган сүрөт көргөзмөгө келген көрүүчүлөрдүн катары сейрек.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *