НАТО Орусия келтирген коркунучтан коргонуу ниетин билдирди
"Ассошиэйтед пресс" агенттиги кабарлагандай, НАТОго кирген мамлекеттердин коргоо министрлери 7-июнда Брюсселдеги жыйында кризис учурларында альянстын Европадагы аскердик иш-аракеттеринин жаңы пландарын макулдашты. Ал планда бир ай ичинде кошумча аскердик техника менен күчтөрдү жайгаштыруу маселеси камтылган. 2020-жылы ишке ашаары айтылган бул план тууралуу мындан башка кеңири маалымат берилген жок. НАТО Орусиянын аскердик-деңиз күчтөрүнүн жигердүүлүгү байкалган Жер Ортолук деңизинде аскерлерин күчтөндүрүшү мүмкүн. Читать дальше...