Оор кылмышка шектүү тажик жараны кыргыз паспорту менен кармалды
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) криминалдык милиция кызматы өз өлкөсүндө оор кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Низомхон Жураев аттуу Тажикстандын жаранына кыргыз паспорту мыйзамсыз берилгенин аныктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлери ага эски үлгүдөгү (2004-жылдагы) паспорт берген. Кийин ал жаран 2017-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан жаңы үлгүдөгү паспорт алган. Жураев былтыр Украинада кармалган. Читать дальше...