Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2018

Новости за 22.06.2018

Финансы полициясы салыктан качкан ишканадан 5 млн. сом өндүрдү

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) “М.Т.” жоопкерчилиги чектелген ишканасынан 5 млн. 737 миң сом өндүрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз бөлүмү кабарлады. 2018-жылдын май айында аталган компанияга Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Бажы салыгынан качуу) менен иш козголгон. Тергөөнүн материалында Түштүк бажысынын кызматкерлери “Шань Чи” автоунаасынан декларацияга кирбеген 23 млн. сомдун товар табышканы айтылат. Финполициянын маалыматына ылайык... Читать дальше...

Жемкорлордон кайтарылган акча үчүн атайын эсеп ачкан токтом чыкты

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар которулуучу атайын эсеп ачуу тууралуу токтомго кол койду.  Эми коррупциялык кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана соттун чечими менен өндүрүлгөн каражаттар атайын эсепке топтолуп, акча өкмөттүн негизделген чечими менен бөлүштүрүлөт. "Мындай механизм коомдогу жана мамлекеттин зарыл тармактарына каражат бөлүүгө жана жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүүгө жардам берет" деп айтылат өкмөттүн басма сөз бөлүмү тараткан маалыматта. Читать дальше...

Жалал-Абадда үйлөрдөн 1 млн. сомдук буюм-тайым уурдагандар кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында бир топ үйлөрдө уурулук кылган киши катары шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков “Азаттыкка” кабарлады. Кармалгандар 2018-жылдын январь айынан баштап Жалал-Абад шаарынын "Спутник", "Достук"  жана "Курманбек" шаарчаларында жайгашкан көчөлөрүндөгү турак жайларга кирип, баалуу буюмдарды жана акча каражаттарын уурдап жүрүшкөн. Сурак учурунда алар экөө 15 үйгө уурулукка киргендигин мойнуна алды. Шектүүлөр... Читать дальше...

Шайырбек Абдырахманов КТРК жетекчисинин орун басары болду

Azattyk.org 

Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) Байкоочу кеңеши телеканалдын жетекчисинин радио боюнча орун басарлыгына журналист Шайырбек Абдырахмановду бекитти. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев “Азаттыкка” кабарлады. 21-июнда кечкисин өткөн жыйынга кеңештин 15 мүчөсүнүн 14ү келди. Алардын баары Абдырахмановду колдоп добуш беришкен.  Шайырбек Абдырахманов КТРК директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу болуп 28-майда дайындалган. Илим Карыпбековдун мурдагы орун басары Кайрат... Читать дальше...

Навальныйга жети шаарда акция өткөрүүгө уруксат берилди

Azattyk.org 

Орусиянын жети шаарынын администрациясы оппозиционер Алексей Навальныйга пенсия реформасына каршы митинг өткөрүүгө уруксат берди. Бирок митингчилерге альтернативалык аянтчаларды сунуш кылышты. РБК маалымат агенттиги кабарлагандай, митингдер Ставрополь, Липецк, Белгород, Краснодар, Хабаровск, Комсомольск-на-Амуре жана Мурманск шаарларында өтүшү пландалууда. Ставрополь, Липецк жана Белгород шаарларындагы автивисттер калаа администрациясы көрсөткөн аймакта эмес, мурдатан көрсөтүлгөн жерде акция өткөрүүнү талап кылышууда. Читать дальше...

“Коопсуз шаар” программасын ишке ашыруу боюнча сынак жакында жарыяланат

Azattyk.org 

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу аяктаганын маалымдады. Бул тууралуу кечээ, 21-майда өкмөттүн кеңешмесинде кабарланды. “Биз жакынкы айларда бул долбоорду ишке ашыра турган компанияны тандоо сынагын жарыялоону пландап жатабыз. Жалдануучу бардык зарыл болгон жол инфраструктурасын түзүп, кыймыл жыш болгон кесилиштерде жол кыймылынын эрежелери бузулган учурларды каттаган камераларды орнотушу керек”... Читать дальше...



Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчилигине кайра шайланды

Azattyk.org 

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин башчылыгына экинчи мөөнөткө шайланды. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, 21-июнда кечкисин өткөн жыйынга кеңештин 15 мүчөсүнүн 14ү келди. Алардын 12си Жекшеевдин талапкерлигин колдоп добуш беришкен. Бирөө каршы, бир бюллетень жараксыз болуп чыккан. Керимбаевдин сөзү боюнча, КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун Жогорку Кеңеште угуу кечеңдегени үчүн, төраганы шайлоо да артка жылып келди. Читать дальше...

Асаддын армиясы чабуулдарын баштады

Azattyk.org 

Өкмөттүк аскерлердин Дераа провинциясындагы козголоңчуларды жок кылуу боюнча жүрүштөрүнөн улам Сириянын түштүк-батышында миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетип жатат. Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча борбордун маалыматына караганда, акыркы 48 саатта 12 жарым миң адам оппозиция көзөмөлдөгөн аймактан чыгып кетти. Чабуулдар АКШ менен Орусиянын келишимдерине ылайык, "деэскалация аймактары" деп жарыяланган жерлерде жүрүп жатат. Вашингтон деэскалация зонасын бузуш үчүн “кескин жана тиешелүү чара” көрөрүн эскертти. Читать дальше...

Чүйдө депутат жана активист айымдар аймактарды өнүктүрүүнү талкуулашат

Azattyk.org 

Бүгүн Чүй облусунун Лебединовка айылында парламенттин, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана активист аялдар катышкан форум болот. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири, Жогорку Кеңештеги депутат аялдар форумунун төрайымы, эл өкүлү Рада Түмөнбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, форумда ар катмардан чогулган айымдар аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча өз сунуш-пикирлерин айтып, талкуу кылышат. Форумга негизинен Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облусундагы кыз-келиндер катышат. Читать дальше...

Билим берүү министрлигинде кеминде 100 млн. сом мыйзамсыз иштетилгени аныкталды

Azattyk.org 

Аудитордук текшерүү учурунда Билим берүү жана илим министрлиги 2016-жылы 117,3 млн. сомду каржылык мыйзам бузуу менен иштеткени аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы кабарлады. Мунун ичинен эң көп 54 млн. сом дебитордук жана насыя каражаттарын жабууга, 36 млн. сом негизсиз айлык акы берүүгө жумшалган. Калгандары боюнча курулуш-оңдоо иштеринде, салык төлөөдө, бюджеттик жана атайын эсептерди колдонууда жана башка аракеттерде ката кеткен. Бул суммалардын 81 млн. 400 миң сому кайра мамлекетке кайтарылышы керек. Читать дальше...

Бишкекте "Мен - көчмөнмүн" деген жаштар форуму өтөт

Azattyk.org 

22-июнга белгиленген иш-чара быйыл күзүндө өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоо максатында уюштурулуп жатат. Ага шоу-бизнестин 50дөн ашуун өкүлү, социалдык тармактардын жылдыздары жана 500дөй конок катышат. Борбор Азиядагы Америка университетинде өтө турган форумду Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы уюштурууда. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. 80 мамлекеттен келе турган үч миңдей спортчу элдик спорттун 36 түрүнөн таймашка чыгары кабарланган. Читать дальше...

Футбол-2018: Аргентина Хорватияга утулду

Azattyk.org 

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын “D” тайпасынын оюндарынын алкагында Аргентина - Хорватия командаларынын футболчулары ойноду. Атактуу Леонель Мессиге таянган Аргентина фаворит катары талаага чыкканы менен оюн хорватиялыктардын басымы алдында жүрүп, 3:0 эсебинде Европа мамлекетинин жеңиши менен жыйынтыкталды. Натыйжада Месси жана анын командасы “D” тайпасынан чыкпай калуу коркунучуна кептелди. Учурда Хорватия алты упай менен топтун баш сабына жайгашса, Аргентинада азырынча бир упай бар. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *