Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2018

Новости за 23.06.2018

Чек арадан башка паспорт менен кирүүгө аракеттенгендер кармалды

Azattyk.org 

Чек ара кызматы “Чечме” өткөрмө бекети аркылуу Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган эки өзбек жаранын кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 45 жаштагы жана 40 жаштагы эки адам башка жаранга таандык паспортторду көрсөтүшкөн. Мыйзам бузгандар милицияга өткөрүлүп берилди. (BkA)

“Туризм Экспо” жармаңкеси өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги “Супара” этнокомплексинде эл аралык “Кыргызстан Туризм Экспо” жармаңкеси өтүп жатат. Ага чет өлкөлүк элчиликтер, туризм агенттиктери, жергиликтүү ишкерлер катышууда. “Битревл” компаниясы уюштурган бул иш-чара Кыргызстандын туризм дараметин көтөрүүгө багытталган. Анда Жапония, Өзбекстан, Түркия, Германия сыяктуу өлкөлөрдүн стенддери коюлуп, туристтик мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди.  Азыркы тапта туризмден түшкөн каражат өлкө экономикасынын беш пайызын түзөт. (BCh)

Украин режиссеру Путинден ырайым суроодон баш тартты

Azattyk.org 

Орусияда 20 жылга кесилген украин режиссеру Олег Сенцов орус президенти Владимир Путинден ырайым суроодон баш тартты. Мындай маалыматты “Интерфакс” агенттиги Сенцовдун адвокаты Олег Динзеге шилтеме жасап таратты. Юрист камакта 40 күндөн бери ачкачылык жарыялаган режиссердун саламаттыгы начарлаганына байланыштуу басууга дарманы жок калганын билдирди. Учурда бөйрөгү жана жүрөгү ооруп жатат. Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымда 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым... Читать дальше...

Өзбекстандык туристтер Балыкчыга поезд менен келишти

Azattyk.org 

Өзбекстандан “Ташкент-Балыкчы” каттамындагы поезд менен 150дөн ашуун эс алуучу Балыкчыга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул поезд каттамы сегиз жылдан бери алгач жолу жанданды. Буга чейин эки өлкө жетекчилери Өзбекстандагы ири ишканалардын жумушчуларын Ысык-Көлдө эс алдыруу боюнча макулдашкан. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий мамиле оңолгону эки өлкөдө бири-бирине саякаттагандар көбөйдү. Быйыл жыл башынан бери Ташкент-Бишкек-Балыкчы поезд каттамын жүргүзүү макулдашылган. Читать дальше...

АКШда терроризмге айыпталган өзбекстандык cотто көрсөтмө берди

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Нью-Йорк шаарында сегиз адамды автоунаа менен сүзүп өлтүрүүгө айыпталган өзбекстандык иммигрант Сайфулло Саипов сотто көрсөтмө берип, чечимди тааныбай турганын билдирди. “Соттун чыгарган чечими мен үчүн маанилүү эмес. Бул Аллахтын соту эмес”, - деди Саипов. Ал “Ислам мамлекети” террорчул тобу жер жүзүндө шарияттын мыйзамын орнотуу үчүн согуш жүргүзүп жатат" деп эсептерин билдирди. Сайфулло Саипов мындан ары көп нерсени айтарын кошумчалады. Кошмо Штаттарга 2010-жылы грин-карттын... Читать дальше...

АКШ сенаторлору Москвага келет

Azattyk.org 

Республикалык партиянын мүчөлөрүнөн турган америкалык сенаторлор Орусияга сапар менен келет.  Луизиана штатынын сенатору Жон Кеннеди жана Алабама штатынын сенатору Ричард Шелби СNN телеканалына берген маегинде сапарды АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман уюштуруп жатканын билдирген. Делегацияга дагы бир нече сенатор кирмекчи. Алар Москва жана Санкт-Петербургга келип, президент Владимир Путин баш болгон жогорку деңгээлдеги чиновниктер менен жолугушуу өткөрүүнү пландап жатат. Сапар июнь айынын аягына белгиленген. Читать дальше...

Жогорку Кеңештин депутаттары Түркиядагы шайлоого байкоо салат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин эки депутаты Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, депутаттар Закир Шарапов жана Максат Сабиров Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) эл аралык байкоочу миссиясынын алкагында шайлоого көз салып жатышат. Алар буга чейин шайлоого катышып жаткан партиялардын парламенттик топторунун өкүлдөрү жана Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясынын башчысы менен жолугушуу өткөрдү. Читать дальше...



Бокоев: УКМКнын Тергөө абагындагылардын даттануусу комитетте каралат

Azattyk.org 

УКМКнын Тергөө абагында кармалып жаткан Мелис Аспековдун кайрылуусу боюнча парламенттин тиешелүү комитетинде маселе көтөрүлөт. Бул тууралуу УКМКнын тергөө абагында камалган саясатчылар менен жолугуп чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, депутаттар менен жолугушууда активист Мелис Аспеков тергөө абагында УКМК кызматкери жана кримчөйрөнүн өкүлдөрү  камактагы депутат Канатбек Исаевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылып, кысымга алганын билдирген. -... Читать дальше...

Президент Жээнбеков электрондук башкарууга өтүүнү тездетүүнү тапшырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардагы санариптик башкарууга өтүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Анда Жээнбеков электрондук башкарууга өтүү коррупцияга каршы күрөштүн негизги бөлүгү экенин белгилеп, аны тездетүүгө тапшырма берген. Жыйынга катышкан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "Түндүк" системасынын «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалымат берди. Боронов учурда «Түндүк» системасынын негизинде... Читать дальше...

Айтматов түптөгөн Ысык-Көл форуму уюштурулат

Azattyk.org 

Быйыл 2-октябрда интеллектуалдардын Ысык-Көл форуму өтөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Орусия элдеринин ассамблеясынын төрайымы Светлана Смирнова менен жолугушуу учурунда билдирди. Анда кыргыз вице-премьери Смирнованы бул форумга конок катары катышып кетүүгө чакырды. Интеллектуалдардын Ысык-Көл форуму залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен алгач жолу 1986-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулган. Форумга дүйнөдөгү атактуу жазуучу, окумуштуу, ойчулдар катышып, Жер... Читать дальше...

Ысык-Атада жол кырсыгынан мектеп окуучулары жабыркады

Azattyk.org 

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы жол кырсыгынан үч окуучу жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 21-июнда “Ысык-Ата” курортуна кеткен жолдо Volkswagen Jetta үлгүсүндөгү унаа катуу ылдымдыкта бара жатып кырсыкка кабылган. Унаада айдоочудан башка төрт окуучу болгон. Кырсыктан кийин үч окуучу ооруканага жеткирилди. Алардын бири оор абалда аймактык ооруканада комада жатканы кабарланды. Учурда кырсыктын себептери тергелип жатат.(BkA)





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *