Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2018

Новости за 28.06.2018

Шадиевден сессияга катышпай жаткан себебин көрсөткөн документ келе элек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевден парламент жыйындарына эмне себептен катышпай жатканын түшүндүргөн документ келе элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин мүчөсү Айнуру Алтыбаева “Азаттыкка” кабарлады: - Шадиевдин арызы жок. Мисалы, өткөн жумада ал келбей калды. Бизде атайын бөлүмдө анын эсеби бар. Өзү келбей калса, документти жөнөтүшү керек. Дарыланып жаткан жеринен бюллетень, чет өлкөгө... Читать дальше...

Сокулук: "Алты миллион сом уурдады" деп шектелген эки адам кармалды

Azattyk.org 

Сокулукта "жалпысынан алты миллион сом уурдады" деп шек саналган эки адам кармалды. Чүй милициясынын маалыматына караганда, Селекционное айылынын тургуну быйыл май айында күндүз үйүнө ууру кирип, 120 миң сомун, баалуу буюмдарын алып кеткенин айтып ички ишке органына кайрылган. Көп өтпөй ушул эле айылдын тургуну 48 500 долларын, 2 330 000 сомун жана алтын буюмдарын уурдатканын айтып арызданган. Милиция бул кылмыштарга айыптуу катары Кара-Балта шаарынын мурда соттолгон бир тургунун жана дагы бир адамды кармады. Читать дальше...

Сокулук: Алты миллион сом уурдады деп шектелген эки адам кармалды

Azattyk.org 

Сокулукта жалпысынан алты миллион сом уурдады деп шектелген эки адам кармалды. Чүй милициясынын маалыматына караганда, Селекционное айылынын тургуну быйыл май айында күндүз үйүнө ууру кирип, 120 миң сомун, баалуу буюмдарын алып кеткенин айтып ички ишке органына кайрылган. Көп өтпөй ушул эле айылдын тургуну 48 500 долларын, 2 330 000 сомун жана алтын буюмдарын уурдатканын айтып арызданган. Милиция бул кылмыштарга айыптуу деп Кара-Балта шаарынын мурда соттолгон бир тургунун жана дагы бир адамды кармады. Читать дальше...

Ноокенде атасы менен тойго барган беш жашар кыз сууга чөгүп кетти

Azattyk.org 

Ноокенде сууга чөгүп кеткен беш жашар кызды издөө иштери бүгүн да уланып, анын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 27-июнда Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында болгон. Тойго атасы менен кошо барган наристе Достук каналынын жээгинде ойноп жатып, сууга түшүп кеткен.

Ошто жүрөк кемтиги бар балдар бекер текшерилүүдө

Azattyk.org 

Ошто балдардын жүрөгүн бекер текшертүү акциясы башталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 28-29-июнда акция Мамат Алиев атындагы “Ош-Кардио” медициналык борборунда өтүүдө. Иш-чаранын алкагында республиканын түштүк аймагында иштеген педиатр адистердин жана кардиологдордун илимий-практикалык конференциясы да болот. Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда кемтик менен төрөлгөн балдардын саны жыл сайын көбөйүүдө. 17 жашка чейинки балдар арасында майыптуулуктун 26% дал ушул себеп түзөт. Читать дальше...

Милициялардын мушташын ИИМ иликтейт

Azattyk.org 

Кийинки убакта ички иштер органдарында милициянын бөлүм башчылары кол астындагыларын сабап салган же тескерисинче, кызматкер жетекчисине кол көтөргөн кылмыш фактылары удаасы менен катталды. Ошондой эле жетекчилик курамдагы кызмат адамдары ири өлчөмдөгү пара менен кармалганы жарыяланды.

Үрмаралдагы кен казуу маселеси парламентте көтөрүлдү

Azattyk.org 

Таластын Бакай-Ата районундагы Үрмарал тоосундагы кен казуу иштери боюнча маселе парламентте көтөрүлдү. Эл өкүлү Зарылбек Рысалиев кен казууга каршы болуп жаткан элдин койгон маселеси туура экенин белгилеп, "өкмөт тез арада жооп бериши керек" деди.  - Үч айыл өкмөтү суу ичкен Үрмаралдын башынан алтын каза башташыптыр. Эл буга нааразы. Биз эптеп акча таап таза суу чыгарып берели деп жатсак, бул эмне деген иш? Урматтуу өкмөт башчы Абылгазиев, ойлонуп туруп иш кылбайлыбы, элдин ден соолугун ойлоп? Читать дальше...

Үрмаралдагы кен казуу парламентте көтөрүлдү

Azattyk.org 

Таластын Бакай-Ата районундагы Үрмарал тоосундагы кен казуу иштери боюнча маселе парламентте көтөрүлдү. Эл өкүлү Зарылбек Рысалиев кен казууга каршы болуп жаткан элдин көйгөйү туура экенин белгилеп, өкмөт тез арада жооп бериши керек деди.  - Үч айыл өкмөтү суу ичкен Үрмаралдын башынан алтын казып башташыптыр. Эл буга нааразы. Биз эптеп акча таап таза суу чыгарып берели деп жатсак, бул эмне деген иш? Урматтуу өкмөт башчы Абылгазиев, ойлонуп туруп иш кылбайлыбы. Элдин ден соолугун ойлоп, - деди депутат. Читать дальше...



Египет футболдогу жеңилүүнү талкуулайт

Azattyk.org 

Египет парламенти улуттук футбол командасынын дүйнө чемпионатындагы утулушун иликтейт. Мыйзам чыгаруучуларды бир катар суроолор, анын ичинде эмне себептен база катары Чеченстандын борбору Грозный тандалып алынганы кызыктырууда. Бир нече күн мурда кээ бир маалымат каражаттары Египет курамасынын чабуулчусу, белгилүү оюнчу Мохаммед Салах аны саясий максатта пайдаланышканын айтып, курамадан кетиши мүмкүн деп жазышкан.

Египет футболдогу жеңилүүнү иликтейт

Azattyk.org 

Египет парламенти улуттук футбол командасынын дүйнө чемпионатындагы утулушун иликтейт. Мыйзам чыгаруучуларды бир катар суроолор, анын ичинде эмне себептен база катары Чеченстандын борбору Грозный тандалып алынганы кызыктырууда. Бир нече күн мурда кээ бир маалымат каражаттары Египет курамасынын чабуулчусу, белгилүү оюнчу Мохаммед Салах аны саясий максатта пайдаланышканын айтып, курамадан кетиши мүмкүн деп жазышкан.

АКШнын Жогорку сотунун мүчөсү кызматтан кетти

Azattyk.org 

АКШнын Жогорку сотунун мүчөсү Энтони Кеннеди кызматтан кете турганын жарыялады. 30 жылдан бери бул кызматты ээлеп келген 81 жаштагы Кеннединин кетиши Жогорку соттун курсун башка жакка бурушу ыктымал. Анткени президент Дональд Трампка оңчул көз караштагы адамды дайындоого жол ачылат.  Кеннеди жогорку сот органдарынын курамына 1988-жылы президент Рональд Рейгандын демилгеси менен кирген. Ал бир жыныстуу никени мыйзамдаштырууну, аялдарга бойдон алдырууга уруксат берүүнү колдогон. Обаманын саламаттыкты... Читать дальше...

ЖК чек арадагы чыр-чатактар тууралуу өкмөттүн маалыматын угат

Azattyk.org 

Бүгүн Жогорку Кеңеш чек аралаш аймактардагы чыр-чатактар, аларды алдын алууга көрүлгөн чаралар боюнча өкмөттүн маалыматын угат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Ушул айдын башында Баткендин Лейлек районунун Максат айылында кыргыз-тажик чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда чатак чыккан. Айыл тургундарынын чек арадагы футбол аянтында жайма базар ачуу аракетине кошуна өлкөнүн чек арачылары каршы чыгып, анын акыры жаңжалга айланган. Ок атылып, тажикстандык... Читать дальше...

Базар-Коргондо күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткандардын саны ондон ашты

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда күйдүргүнүн айрым белгилери менен ооруканага жаткандардын саны 11ге жетти. Бул маалыматты “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Маматжан Миянов билдирди. - Бир малчынын уйу өлгөн. Аны алты адам бөлүп алган. Азыр ошол этти жегендердин бардыгы алдын алуу үчүн ооруканага жаткырылды. Мияновдун айтымында, ооруканага жаткандардын абалы жакшы. Керек дары-дармектерди алып жатышат. Лабораториянын жыйынтыгы чыга элек. (КЕ)

Базар-Коргондо күйдүргү боюнча ооруканага жаткандар ондон ашты

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда күйдүргүнүн айрым белгилери менен ооруканага жаткандардын саны 11ге жетти. Бул маалыматты “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Маматжан Миянов билдирди. - Бир малчынын ую өлгөн. Аны алты киши бөлүп алган. Азыр ошол этти жегендердин баары алдын алуу үчүн ооруканага жаткырылды. Мияновдун айтымында, ооруканага жаткандардын абалы жакшы, керек дары-дармектерди алып жатышат. Лабораториянын жыйынтыгы чыга элек. (КЕ)

«Кызыл чырым» Ирактан кайткан тажик балдарына жардам берүүдө

Azattyk.org 

Эл аралык Кызыл чырым уюмунун психологдору Жакынкы Чыгыштагы согуш болуп жаткан аймактардан мекенине алынып келинген тажикстандык төрт бала менен иштешүүдө. Адистер балдардын жаңы жашоого көнүп кетүүсүнө жардам бериши керек. Быйыл апрелде Багдаддагы лагерлерден төрт тажик бала үйүнө кайтарылган. Учурда алар жакын туугандарынын үйлөрүндө тарбияланып жатат. Майдан бери психологдор ар бир бала менен өз-өзүнчө иштешүүдө. Алардын бири Бхава Пойдуал кесиптеши менен бирге балдар жашап жаткан үй-бүлөлөрдө эки жолу болгонун айтты. Читать дальше...

Кабул козголоңчу генералдын тарапташтарын Дүйшөмбүгө өткөрүп берди

Azattyk.org 

Кабул Дүйшөмбүгө төрт тажик жаранын өткөрүп берди. Алар Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын тарапташтары. Бул тууралуу 27-июнда Ооганстандын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин расмий өкүлү Кохир Шох билдирди. Анын айтымында, төртөө тең генерал Абдухалим Назарзоданын 2015-жылы сентябрдагы козголоң аракети ишке ашпай калгандан кийин Ооганстандын аймагына өтүп кетишкен. Алар Тажикстандын Дарваз районуна чектеш Бадахшан провинциясындагы Борак деген жерде кармалган. Читать дальше...

Кабул козголоңчу генералдын тарапташтарын Душанбеге өткөрүп берди

Azattyk.org 

Кабул Душанбеге төрт тажик жаранын өткөрүп берди. Алар Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын тарапташтары. Бул тууралуу 27-июнда Ооганстандын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин расмий өкүлү Кохир Шох билдирди. Анын айтымында, төртөө тең генерал Абдухалим Назарзоданын 2015-жылы сентябрдагы козголоң аракети ишке ашпай калгандан кийин Ооганстандын аймагына өтүп кетишкен. Алар Тажикстандын Дарваз районуна чектеш Бадахшан провинциясындагы Борак деген жерде кармалган. Читать дальше...

Бишкек мэри жаңы курулган жолдордун абалы менен таанышат

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов калаадагы оңдолуп жаткан жолдорду кыдырып, курулуш иштери менен таанышат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин мэрияга караштуу капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев күзгө чейин жалпы узундугу 105 чакырымды түзгөн 50дөн ашуун жол оңдолуп-түзөлөрүн билдирген. Быйыл жазында бир убакта 40тай көчө оңдоп-түзөө үчүн жабылганы, иш жай жүрүп жатканы коомчулуктун сынына кабылган. Башкы прокуратура тарабынан автоунаа жолдорун куруу... Читать дальше...

Орусиядан куш этин алып келүүгө тыюу салынды

Azattyk.org 

Куш тумоосунан улам Кыргызстанга Орусиянын үч облусунан куш этин алып келүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди. Анын айтымында, мындай чара көрүүгө ал өлкөдөгү куш тумоосунун жайылышы себеп болгон. Депутат Таалайбек Масабиров Кыргызстандын базарларында башка өлкөлөрдөн ташылып келинген өрдөктүн эти сатылып жатканына кызыкты. Ал өрдөк эти Тажикстандан ташылып келет деген маалымат бар экенин кошумчалады. Читать дальше...

КСДП Сапар Исаковдун аброюн коргоп, комиссияга даттанды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы (КСДП) мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун аброюн коргоо максатында маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссияга даттанды. Аталган комиссиядан "Азаттыкка" кабарлашкандай, арызды партия өкүлү Кундуз Жолдубаева 21-июнда жазган.  Анда "Кабар-инфо" гезитинин быйыл 15-июндагы санында жарык көргөн макалада Сапар Исаковдун аброюна шек келтирген, бир тараптуу каралаган макала чыкканы айтылат. Исаков менен "Газпром-Кыргызстан" компаниясынын... Читать дальше...

Футбол-2018: Германия чемпионаттан ыргыды

Azattyk.org 

Футбол боюнча дүйнө чемпиону, Германия өлкөсүнүн футболчулары быйылкы чемпионатта өз тайпасынан дагы чыкпай калды. Кечээ алар Түштүк Корея менен чечүүчү үчүнчү беттешти өткөрүп, кореялыктар немистерди 2:0 эсеби менен утуп алды. Натыйжада Германия өз тайпасында жалгыз үч упайы менен 1/8 бөлүккө чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготту. Ал эми немистерди утканына карабай Корея өлкөсүнө да чемпионат аяктады. Анткени “F” тайпасында Швеция жана Мексика алтыдан упай чогултуп, кийинки финалдык бөлүккө жолдомо алды.... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *