Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 14.09.2018

КСДП Кожобек Рыспаевди фракциядан чыгаруу маселесин караган жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы депутат Кожобек Рыспаевди тизмеден чыгарууну бүгүн, 14-сентябрдагы жыйынында караган жок. Маселе күн тартибине коюлуп кайра алынды.   Социал-демократтар фракциясынын лидери, депутат Иса Өмүркулов буга түшүндүрмө берген жок.  Быйыл 29-августта КСДПнын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, бул партиянын мүчөсү Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарган. Анын фракциядан чыгарыла турганы да айтылган. Буга Рыспаевдин Бишкек ЖЭБи боюнча аталган партиянын күнөөсү далилденсе... Читать дальше...

Ноокенде ишкер мектеп курду

Azattyk.org 

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында 80 орундуу эки кабаттуу мектепти жеке ишкер салып, анда башталгыч класстын балдары билим ала баштады. Төрт тилде окутуу жүргүзүлгөн билим уясы алгач менчик мектеп катары иштеп, акырындык менен мамлекетке өткөрүлүп берилери айтылды.

Термез: сойкулукка шектүү кыздын апасы эл алдында тил укту

Azattyk.org 

Өзбекстандын Термез шаар бийлиги сойкулукка шектелген кыздын апасын жана туугандарын эл алдында шылдың кылды деп кабарланууда. Окуя 10-сентябрда калаанын "Эстелик жана сый-урмат" аянтында болгон. Шаар маалелеринин биринин активисти көчмө жыйын учурунда мэр 18 жаштагы кыздын апасын жана ага тууган дагы үч кыз-келинди тизелетип, келеке кылганын "Азаттыктын" өзбек кызматына айтып берди. - Шаардын акими, милициянын башчысы жана прокурор чогулгандарга аялдарды алып чыгышты да "эл алдында соттойбуз" дешти. Читать дальше...

"Ата Мекен" Улуттук тарых музейиндеги коррупция тууралуу маалымат угуп жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы бүгүн, 14-сентябрдагы жыйынында Бишкектеги Улуттук тарых музейинин курулушундагы коррупциялык иштер тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын угуп жатат.  Анда музейдин сыртынан сыйрылган гранит менен мрамор таштардын жоголгону боюнча маселе көтөрүлдү. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев бул боюнча кылмыш иши козголуп, аны тергөө УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилгенин айтты. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын... Читать дальше...

Роза Отунбаева журналисттик иликтөөлөрдү колдоого чакырды

Azattyk.org 

Экс- президент Роза Отунбаева журналисттик иликтөөлөрдү колдоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-сентябрда Журналисттик иликтөөлөр фондунун бет ачарында билдирди. Отунбаева фонддун түзүлүшүнө "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин ишмердиги себеп болгонун белгиледи. Анын пикиринде, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн көптөгөн терс көрүнүштөрдөн арылуу керек. Бул жаатта негизги милдет - коррупция менен күрөш.  Экс-президент коррупцияга каршы күрөштө журналисттер алдыңкы сапка чыгып жатканын айтып... Читать дальше...

АКШда ондогон үйдө газ түтүгү жарылып, адам өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Массачусетс штатындагы бир нече калктуу пункттагы үйлөрдө жарылуу, аны коштогон өрт чыгып, кеминде бир адамдын өмүрүн алды. Жараат алганы белгилүү болгондор ондон ашты. Кошмо Штаттарынын бийлиги1 3-сентябрдын кечинде "кеминде 40 үйдө жарылуу болгон" деп маалымат таратты. Алдын ала болжолго караганда буга газ түтүгүндөгү авария себеп болгон. Массачусетстин Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги түтүктөрдө басым абдан жогору болгонун билдирүүдө. Кырсыктын нагыз себебин аныктап, кесепетин жоюуга күндөп же жумалап убакыт кетери айтылды.



Сания Шакированын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча сот чечими чыкты

Azattyk.org 

Ысык-Көл райондук соту 13-сентябрда автокырсыктан каза болгон “Дүйнөнүн сулуу айымы” конкурсунун байге ээси Сания Шакированын өлүмү боюнча чечим чыгарды. Ага ылайык, машиненин айдоочусу Чыңгыз Кондубаев транспорт башкаруу укугунан 3 жылга ажыратылып, 10 жылга камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Аширбаева "Азаттыкка" билдирди. Сания Шакированын апасы Насипа Мамбеталиеванын моралдык зыянды өндүрүп алуу жарандык доосун судья жарым-жартылай канааттандырып, Кондубаевден 2 млн. Читать дальше...

Прокуратура ортомчу болгон жер талаш

Azattyk.org 

Базар-Коргон районунун тургуну көп жылга ижарага алган мөмөлүү бакты жана эгин айдап жаткан үч гектарга жакын жерин айыл өкмөтү менен прокуратура мыйзамсыз тартып алууда деп президентке кайрылды. Эгин айдаган, курма, алма жана башка мөмөлүү бактары бар жерге курулуш ишин жүргүзүүгө болобу?

SpaceX Айга уча турган турист менен келишим түздү

Azattyk.org 

SpaceX компаниясы Айга уча турган алгачкы турист менен келишим түзгөнүн жарыялады. «Бул космоско учууну кыялданган карапайым адамдарга мүмкүнчүлүк бере турган маанилүү кадам» деп маалымдады компания 13-сентябрда "Твиттердеги" баракчасы аркылуу. Биринчи турист ким экени жана качан жөнөй турганы, Айга барып келүүнүн акысы көрсөтүлгөн эмес. Азырынча ал киши Big Falcon Rocket ракетасы менен учары белгилүү. Кененирээк маалымат 17-сентябрда жарыяланары айтылды. Америкалык ишкер Илон Маск жетектеген... Читать дальше...

УКМК: Сирияга барууга үгүттөгөн террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздукту камсыздоо жана контртеррористтик иш-чаралардын алкагында 1994-жылы туулган "Х.И." аттуу адамды кармаганын 14-сентябрда жарыялады. Маалыматка караганда,  ал КМШ өлкөлөрүнүн биринде узак убакыттан бери жашап, Сириядагы жаңжал болуп жаткан аймактарга барууга кишилерди үгүттөп келген.   Атайын кызмат бул боюнча кылмыш ишин козгогон.  Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына камалган. Тергөө уланууда.

Өмүркулов: Токон Мамытовдун юридикалык билимине карадык

Azattyk.org 

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын лидери, депутат Иса Өмүркулов акыйкатчы кызматына мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн анын юридикалык билими менен байланыштырды. Фракциянын жыйынынан кийин Өмүркулов "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, талапкер тандоодо тажрыйба маселеси эске алынганын билдирди: - Кесиптештерим сунуштады. Добушка койдук. Бир добуштан Токон Мамытовдун талапкерлиги биздин фракциянын атынан көрсөтүлүп атат. Биринчиден, бул кишинин тажрыйбасы. Читать дальше...

Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду ишке киришти

Azattyk.org 

"Азаттыктын" кабарчысы, иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналган фонддун бет ачары бүгүн, 14-сентябрда Бишкекте өтүп жатат. Ага журналисттер, саясатчылар, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Коомдук фонддун төрагасы Айбек Турдалиевдин айтымында, уюм Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу... Читать дальше...

Сегиз мамлекет экстремизге каршы чогуу күрөшөт

Azattyk.org 

Бишкекте Кытай, Орусия баштаган сегиз мамлекеттин муфтийлери, дин комиссиялары жана эксперттери чогулуп, исламий экстремизмге каршы күрөштү талкуулашты. Алар ар бири бул жааттагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, радикализмдин алдын алуу ыкмарын сунуш кылышты. Бирок ошол эле кезде бул өлкөлөрдүн мусулман коомчулуктарынын кээ бир көз караштары дал келбей турганын айтып, чогуу күрөштөн майнап чыгарынан шектенгендер да болду.

Чек ара кызматы: Баткендеги чатакка тажик жарандарынын аракети түрткү болгон

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик Чек ара кызматы Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди.  Анда Кыргызстандын Бакай айылы менен Тажикстандын Исфара районундагы Тожикон айылынын тургундарынын ортосунда 12-сентябрда чатак чыкканы белгиленген.  Маалыматка караганда, чатакка тажик жарандарынын суу түтүктөрүн алып өтүү аракети себеп болгон. Айыл аймагы тактала элек чек ара тилкесине киргендиктен, ал жерде кандай гана чарба иштери болбосун жүргүзүүгө тыюу салынган. "Тажикстандын... Читать дальше...

Максим Бакиевди жоопко тартса болобу?

Azattyk.org 

2010-жылдын апрель айында АКШнын Конгресси уюштурган “Манас” аба майданында жайгашкан америкалык базадагы коррупциялык иштерге байланыштуу угууда эксперттер ой-пикирлери менен бөлүшкөн.

"Манастагы" базадан байыган президенттер

Azattyk.org 

2010-жылдын апрель айында АКШнын Конгресси уюштурган “Манас” аба майданында жайгашкан америкалык базадагы коррупциялык иштерге байланыштуу угууда эксперттер ой-пикирлери менен бөлүшкөн.

Глобалдык каржы кризисине он жыл

Azattyk.org 

Ушул аптада дүйнөдөгү ири каржылык кризистин башаты болгон окуяга туура он жыл толду. 2008-жылы Кошмо Штаттардан тутанган каржылык кризис эмнеден улам чыккан жана андан кандай сабактар алынган? Азыр жаңы каржылык кризистин карааны тууралуу эскертүүлөргө кандай негиздер бар?

Өмүрбек Текебаев ооруканадан №47 колонияга которулду

Azattyk.org 

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев ооруканадан Бишкектеги №47 колонияга которулду.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" билдирди.   Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова бул кабарды ырастап, саясатчынын стационарда дарылануу курсу аяктаганына байланыштуу №47 колонияга которулганын "Азаттыкка" маалымдады. Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология... Читать дальше...

КСДП акыйкатчы кызматына Токон Мамытовду сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун талапкерлигин сунуштады. Тиешелүү чечим фракциянын бүгүн, 14-сентябрдагы жыйынында кабыл алынды.   Эреже боюнча акыйкатчылыкка талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүп, жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен тандап алышат. Мурунку омбудсмен Кубат Оторбаев 26-июнда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Эки ай аралыгында парламент жаңы талапкерди бекитиши керек болчу.  Буга чейин акыйкатчынын аппараты... Читать дальше...

Мигранттын адеби - мекендин жүзү

Azattyk.org 

Кыргызстандык мигранттардын чет өлкөлөрдүн мыйзамдарын этибарга албай, жалпы адамзаттык жүрүм-турум эрежесин сактабагандыгына эмне себеп? Алар өздөрүнүн адепке сыйбаган жүрүш-турушу менен бүтүндөй Кыргызстандын беделине доо кетирип жатышканын эмне үчүн сезишпейт деген суроо азыр ар бир жаранды ойго салып турат. Алардын бул кадамга барып жатышына эмне түрткү болуп жатат. Мамлекет мигранттарга барган өлкөсүнүн мыйзамын сактоого жана мекенин уят кылбоого үйрөтө алабы? Бул суроолорго Миграция боюнча... Читать дальше...

Скрипалды ууландырууга шектүүлөр маек берди

Azattyk.org 

Британиянын Тышкы иштер министрлиги Орусияны “калп айтып, баш айландырууга” аракеттенүүдө деп айыптады. Мунун алдында, 12-сентябрда өздөрүн Руслан Боширов жана Александр Петров деп атаган кишилер Russia Today (RT) телеканалына интервью беришкен. Британ полициясы дал ушундай ысымдагы эки кишини экс-тыңчы Сергей Скрипал менен анын кызын ууландырган деп айыптаган.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *