Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 14.09.2018

АКШда мигранттар мындан ары качкын макамын кайталап сурай алышат

Azattyk.org 

АКШда мыйзамсыз жүргөн миңден ашуун мигрант качкын макамын алуу үчүн экинчи жолу арыз тапшыруу укугун алышты. Мындай чечимди президент Дональд Трамптын администрациясы “Нөлүнчү толеранттуулук” саясаты сындалгандан кийин кабыл алды. Бул саясатка ылайык, мыйзамсыз келген мигранттарды АКШнын чек арасынан кармап, сотко чейин жеткиришкен. Кармалгандардын балдарын өзүнчө жайга жайгаштырышкан. Бул тажрыйба укук коргоочулардын, журналисттердин жана Трамптын оппоненттеринин кескин сынына кабылган. “Нөлүнчү... Читать дальше...

Жергиликтүү бийликтерде активисттердин ролун күчөтүү сунушталууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын жергиликтүү бийликтеринде жарандык активисттердин ролун күчөтүү сунушталууда. Адам укуктары боюнча кеңеш уюму "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдын өзгөртүү киргизилген долбоорун 14-сентябрда Бишкекте коомдук талкууга алып чыгууда. Аталган мыйзам долбоорунда жарандык активисттердин жергиликтүү бийлик менен алака-катышын бекемдөө, коомдук пикирдин таасирин арттыруу, зарыл учурда жергиликтүү бийлик менен чогуу, мыйзамдуу чечимдерди кабыл алуу пункттары киргизилди. ... Читать дальше...

"Ата Мекен" фракциясы чуулгандуу иштерди талкууга алып чыгат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 14-сентябрдагы жыйынында чуулгандуу иштердин чоо-жайын талкуулайт. Анын бири - Мамлекеттик тарых музейиндеги коррупция. Расмий маалыматка ылайык, жыйынга музейдин жетекчилиги, Маданият, маалымат жана туризм, Каржы министрликтеринин адистери чакыртылды. Андан тышкары, Башкы прокуратурадан, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК), Ички иштер министрлигинен, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын, Архитектура, курулуш,... Читать дальше...

АКШда бороондон улам жүз миңдеген адам эвакуацияланып жатат

Azattyk.org 

АКШнын түштүк-чыгышындагы чоң жолдордо бороондон качып бараткан адамдардын автоунааларынын чоң тыгыны жаралды. Бул чөлкөмдөн элди эвакуациялоо 11-сентябрда башталган. "Флоренс" бороону Түндүк жана Түштүк Каролинага 13-сентябрда жетип келери маалымдалган. Адистер бул бороонду аймактагы ондогон жылдар ичиндеги эң кубаттуусу деп баалап жатышат. Бороондор боюнча улуттук борбордун директору Кен Грэхем “мен мындан чындап кооптонуп турам” деди. Кубаттуу бороон жээктеги аймактарга гана зыян келтирбестен... Читать дальше...

Беларус президенти 24 жылдан бери алгач ирет Өзбекстанга барды

Azattyk.org 

Беларус президенти Александр Лукашенко 24 жыл аралыгында алгач ирет Өзбекстанга келди. Үч күндүк расмий сапар 12-сентябрда башталды. Ал президент Шавкат Мирзиёев жана өкмөт өкүлдөрү менен жолукканы, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жандантуу жаатындагы 19 документке кол коюлганы расмий кабарланды. Өзбек-беларус бизнес форумунда жалпы жонунан 230 миллион долларлык макулдашууга кол коюлду. Беларус мамлекет башчысынын сапары 14-сентябрда аяктайт. Ал Шавкат Мирзиёевди "өзүнө ыңгайлуу учурду Беларуска барууга" чакырды.

Орусиянын ири компанияларына каршы санкциялар күчүндө калды

Azattyk.org 

Европа биримдигинин соту Орусиянын энергетика компанияларына жана банктарына каршы санкцияларды күчүндө калтырды. Иш 13-сентябрда каралды. Санкциялар 2014-жылы Крымдын аннексияланышы жана Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылыштардан соң киргизилген болчу. Арасында ири компаниялар - "Роснефть", "Газпромнефть", "Проминвестбанк", "Сбербанк" жана "Внешэкономбанк" бар. Алар Европа Кеңешинин чечимин жокко чыгарууну сурап Европа биримдигинин сотуна кайрылган. Украинанын чыгыш тарабында төрт жылдан... Читать дальше...

Ошто адам сатуунун алдын алууга арналган жыйын өттү

Azattyk.org 

Оштогу "Благодать" коомдук фонду Ош, Жалал-Абад жана Кызыл-Кыядагы тургундарга адам сатуунун алдын алууга багытталган үч күндүк окуу өткөрдү. Жүзгө жакын адам катышкан жыйында миграция кызматынын, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери юридикалык кеп-кеңештерди берип, кулчулукка кабылып калбоо жаатында тажрыйба алмашышты. "Благодать" коомдук фонду быйыл май айынан бери "Мигранттын мектеби" аттуу долбоорду иштетип келүүдө. Андан бери сыркта иштегени барам деген 300дөн ашуун кишиге акысыз юридикалык кеп-кеңеш берилди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *