Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 26.09.2018

Мамдума пенсия реформасы боюнча долбоорду экинчи окууда колдоду

Azattyk.org 

Орусияда Мамдума пенсия курагын көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Депутаттар президент Владимир Путин киргизген түзөтүүнү жактырышты. Президент буга чейинки долбоорду жумшартып, аялдар 60, эркектер 63 жашта пенсияга чыгышсын деп сунуш кылган. Добуш берүү өтүп жаткан чакта Думанын имаратынын сыртына пенсия жашын көтөрүүгө каршы болгондор чогулуп, дагы бир жолу нааразылыгын билдиришти. Алардын арасында “Солчул фронттун” лидери Сергей Удальцов жана башка активисттер бар.   Ушул тапта Орусияда эркектер 60... Читать дальше...

"Аялың сулуу болсо ажыга көрсөтпө"

Azattyk.org 

Эгер падышалар эл-журтту бузуп, иритип-чиритип жаткан акмактарын тизеге чаап, мамлекетти талап-тоноп келаткан паракор, ач көз адамдарын кызматтан кызматка коюп, жөлөп-таягандын ордуна, акылдуу, ак ниет адамдарын сыйлап турса биз журналисттер минтип күнүгө какшап турбайт элек да.

Пакистанда 38 миллион бала шалга каршы эмдөөдөн өтөт

Azattyk.org 

Пакистанда дүйшөмбүдөн тарта шал илдетине (полиомиелитке) каршы эмдөө башталды. Өкмөт эл аралык уюмдардын колдоосу менен өлкөдөгү 38 миллион баланы эмдөөнү көздөп жатат. Акыркы жылдары Пакистан балдардын шал оорусуна каршы күрөштө сезилерлик ийгиликке жетти. Расмий маалыматка караганда, 2014-жылы полиомиелитке чалдыккан 300дөн ашуун бала катталса, өткөн жылы үчөө кайрылган. Ошол эле маалда процесс кандуу кол салуулар менен коштолуп келет. “Талибан” кыймылы жана башка согушкерлердин тобу эмдөө... Читать дальше...

Депутат акыйкатчылыкка талапкер эркектерди күрөштөн баш тартууга чакырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова акыйкатчы болууга талапкер эркектерге кайрылып, жалгыз аял талапкер - Рита Карасартованы колдоо үчүн күрөштөн баш тартууга чакырды. Бирок талапкер мырзалар ар кандай себептер менен ага макул болушкан жок. Мамытов "эгер эркектер талапкерлигин алып салса, аял кишини басмырлоо болуп каларын" айтты. Башкалары, альтернативасыз шайлоо мыйзамсыз болорун белгилеп, баарын депутаттар чечерин билдиришти.  Акыйкатчылык кызматка беш адам көрсөтүлгөн. Читать дальше...

Акаев: Токон Мамытов акыйкатчы болуп шайланбашы керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Токон Мамытовду акыйкатчы кылып шайлабоого чакырып, эгер ал киши колдоо тапса, парламент дагы бир жолу коомчулуктун сынына кабыларын билдирди. Бул пикирин 26-сентябрда парламентте акыйкатчы тандоо жараянында айтты: - Соңку учурда мен таң калып жатам. Элдин кыжырына тийген талапкерлерди каяктан издеп табасыңар, таң калам. Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бирине да эл ыраазы эмес. Коомчулуктун сыны абдан катуу болуп жатат. Ага карабай, коомчулуктун кыжыр келтирген кишилерди улам-улам сунуштап жатасыңар. Читать дальше...

Талапкер Мамытов менен депутат Сулейманов кайым айтышты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов өзүнүн "чет өлкөнүн жаран экендигим жөнүндө” жалган маалымат таратып, “казакгейт” жасап жатат деп акыйкатчыга талапкер Токон Мамытовду айыптады. Мамытов өз кезегинде: -Сиз чет өлкөнүн жараны экендигиңиз тууралуу материалдар менде бар. Алар эки айдай мурда БШКга, бир нече күн мурда, бардык документтер, (эмне документтер экенин сиз билесиз) Казакстандын ИИМинин, биздин Жарандык берүү боюнча комиссиянын жооптору – бардыгы башкы прокуратурага жиберилген. Читать дальше...

27-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында 27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24, Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 19...24, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7... Читать дальше...



“Нефтчи” футболдук клубуна кичи автобус белекке берилди

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” футболдук клубуна Кыргызстан футбол федерациясы “Спринтер Мерседес-Бенс” үлгүсүндөгү кичи автобусту белекке берди. Автоунаанын ачкычын 24-сентябрда Кочкор-Ата шаарында өткөн нефтичилердин майрамында Футбол федерациясынын президенти Нурбек Атаханов тапшырды. "Кыргызмунайгаз" ишканасынын колдоосунда “Нефтчи” футболдук командасы 1952-жылы уюшулган. 2010-жылы Кыргызстандын футбол боюнча чемпиону жана эки жолу өлкө кубогунун жеңүүчүсү болгон. (RsK)

Лавров Норвегиянын “меймандостугун” сындады

Azattyk.org 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өткөн аптада Норвегияны орус парламентинин кызматкерин камакка алганы үчүн сындап, тыңчылыкка айыптоолорду «пропаганда» деп баалады. Шаршембиде Лавров БУУнун Башкы ассамблеясында норвегиялык журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, “Силерге пропаганда сиңип калган. Биздин жараныбыз эмнеге кабылганын билишибиз керек” деди. “Аны норвегиялык парламент чакырды деп ойлойсуңбу?” деген министр "норвегиялыктардын меймандостугу чектен чыгып кетти” деп какшык аралаш кошумчалады. Читать дальше...

Карамушкина эркектер арасында коррупционерлер көп экенин билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Кыргызстанда аялдарга салыштырмалуу эркек чиновниктер коррупциялык иштерге көбүрөөк аралашарын билдирди. Мындай пикирин 26-сентябрда парламентте акыйкатчы шайлоо жараянында айтты.  Карамушкина акыйкатчылыкка талапкер беш кишинин бирөө аял - Рита Карасартова экенин айтып, омбудсмендикке татыктуу экенин белгиледи. Эл өкүлү бул пикирин Карасартованын билими, мүнөзү омбудсмендикке төп келери менен бышыктады жана жогорку кызматтарда аялдар көбүрөөк болушун кааларын кошумчалады. Читать дальше...

Балыкчыдагы антитеррористтик машыгууда “Искандер-М” ракетасы атылды

Azattyk.org 

“Ысык-Көл-Антитеррор-2018” машыгууларынын алкагында Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” полигонунда “Искандер-М” ыкчам-тактикалык комплекси сыналды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат бөлүмү кабарлады. Сценарий боюнча, эл аралык ири террордук уюмдар өзүнө калканч борбор ачуу үчүн Кыргызстанга куралдуу ири тобун түшүрдү. Кыргызстан менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен тобу аларга чабуул жасап, жок кылуу операциясын жүргүздү. Согушкерлердин шарттуу... Читать дальше...

Маматурайым Момунов акыйкатчылыкка ат салышуудан баш тартты (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына "Бир Бол" фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн Маматурайым Момунов өз талапкерлигин алып салды. Мындай чечимин 26-сентябрда Жогорку Кеңеште омбудсмен шайлоо башталар алдында, талапкерлер баяндама жасап жаткан учурда билдирди. Ал мындай чечимин талапкерлер арасында акыйкатчылыкка татыктуу башка тажрыйбалуу кишилер бар экени менен түшүндүрдү.  Момунов мурда акыйткачынын орунбасары болуп иштеген.  Бул кызматка парламенттеги КСДП фракциясы Токон Мамытовду, “Бир Бол” үч талапкерди ... Читать дальше...

Жогорку Кеңеште акыйкатчы шайлоо жараяны башталды (түз эфир)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште ушу тапта өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо жараяны башталды. Ага омбудсмен болууга талапкерлер  катышып, баяндама жасап атышат.  Бул кызматка КСДП фракциясы Токон Мамытовду, “Бир Бол” үч талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди,  “Ата Мекен” фракциясы Канат Азизди сунуштаган.  Өткөн аптада парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бул орунга беш талапкерди карап чыккан. Мурдагы... Читать дальше...

Өзбекстан студенттерге хижаб кийгизбейт

Azattyk.org 

Казакстандык жарандык активист моралдык чыгым үчүн өкмөтүнөн 14 миң доллар талап кылып жатат. Тажик президенти сулуулук салондор менен медициналык жеке жайларды жугуштуу оору таратуучу очок деп сындады. Өзбекстанда ислам академиясы студенттерине хижаб кийүүгө тыюу салды. Тажикстанда тое тамак жеш үчүн атайын ченем бекитилди. Петербургда мигранттардын балдарына тил үйрөтчү атайын мектеп иштей баштады. Тытылган китептерди тирилткен адам Орусияда жашайт.

ЕБ санкция көйгөйүн чече турган институт түзөт

Azattyk.org 

Иранга салынган санкцияларды айланып өтө турган институт түзүлөт. Ал европалык компанияларга Тегеран менен каржы операциясын жүргүзүүгө көмөк көрсөтмөкчү. Бул тууралуу шейшембиде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини билдирди. Вашингтондун Тегеранга салган санкцияларынын экинчи баскычы 5-ноябрда күчүнө кирет.

Дыйкандын иши Түркияда да оор

Azattyk.org 

Түркиянын Эжеабат районундагы Кожадере айылында жашаган Яшин үй-бүлөсү өмүр бою айыл чарбасы менен алектенет. Дыйкан үй-бүлө акыркы жылдары өндүргөн түшүмүн арзан сатууга аргасыз. Алар өлкөдөгү айыл чарба тармагы киреше булагына айланбай жатканына кейийт.

Билим берүү жана илим министрлиги эски мектеп тууралуу маалыматты төгүндөдү

Azattyk.org 

Оштун Ноокат районунда сарайга окшош, урап калуу коркунучундагы "Агарт" башталгыч мектеби тууралуу интернетке тараган маалымат чындыкка төп келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы 26-сентябрда кабарлады.  Мекеменин маалыматына караганда, аталган мектеп 2017-жылы жабылган. Айылда 1-класска бара турган бир эле окуучу катталгандыктан, ал жакын жайгашкан башка кыштактагы мектепке жөнөтүлгөн. Расмий кабарга ылайык, былтыр ал мектепте 12 бала окуган, бир мугалим иштеген. Читать дальше...

Антитеррордук машыгуулар полигондо өтүп жатат

Azattyk.org 

“Ысык-Көл-Антитеррор-2018” машыгууларынын экинчи күнү Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” полигонунда уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат бөлүмү кабарлады. Аскердик талаада Кыргызстандын чек арасы аркылуу келген мыйзамсыз куралданган террористтерди жок кылуу боюнча аскер операциясы өткөрүлгөнү турат. Анда Кыргызстандын жана Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн авиациялык тобу катышат. Аскерлердин биргелешкен тобу авиациянын колдоосу менен куралчан топторго каршы туруу... Читать дальше...

АКШ менен Иран БУУда бирин бири агрессия жана терроризмге айыпташты

Azattyk.org 

АКШ Иранды Жакынкы Чыгышта агрессия саясатын жүргүзүп жатат деп айыптап, дүйнө өлкөлөрүн аны менен кызматташуудан баш тартууга чакырды. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иранды айыптап, Тегеран өзөктүк куралдан толук баш тартышы керектигин белгиледи. Америкалык лидер Иран менен өзөктүк макулдашууга жетишкен эл аралык коомчулукту сындап, келишимге кол коюлгандан кийин Тегеран аскердик бюджетин көбөйткөнүн айтты. Иран жетекчилиги... Читать дальше...

Ысык-Көлдүн эки тургуну "Хизбут-Тахрирчи" деп шектелип жатат

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы эки тургуну Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний уюмдун жергиликтүү лидери деп шектелип, кылмыш иши козголду.  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлагандай, алардын үйлөрү быйыл 20-июлда тинтүүгө алынып, ири өлчөмдө тыюу салынган адабияттар жана электрондук каражаттар табылган. Диний экспертиза дайындалып, тыянак чыккан соң аларга 19-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Читать дальше...

Аялдар абагында "таза зона" ачылат

Azattyk.org 

Бүгүн аялдар абагында ичкиликтен жана баңгиликтен арылуу боюнча психологиялык курстардан өткөндөн кийин кармала турган атайын жай ачылат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди. Анын айтымында, мындай терс адаттардан кутулууга ниеттенген аялдар жаза мөөнөтү аяктаганда ошол жерде өзүнчө кармалат. Буга чейин ушундай долбоор эркектер отурган абактардын биринде ийгиликтүү ишке ашкан: - Башка айыпкерлер менен аралашпайт. Ичинде бардык шарттар түзүлгөн. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *