Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 26.09.2018

Таластын алдыңкы он ишкери сыйланды

Azattyk.org 

Таласта аймактын ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүнө салымын кошкон 10 ишкер облус бийлигинин "Ардак грамотасы" жана "Ыраазычылык барактары" менен сыйланды. Алар негизинен тигүү жана кайра иштетүү тармактарында эмгектенген ишкерлер. Сыйлыктарды өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев тапшырып, ишкерлерди колдоо, негизсиз текшерүүлөргө жол бербөө жагын колго алууга даяр экенин билдирди. Саамалык ишкерлердин 20-сентябрда белгиленген кесиптик майрамына карата уюштурулду. ЖИА бизнес ассоциациясынын маалыматына караганда... Читать дальше...

Матраимовдин иши шаардык сотто каралат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн кыргыз өкмөтүнүн Райымбек Матраимов боюнча апелляциялык арызын карайт. Өкмөт райондук сот чыгарган чечимге байланыштуу шаардык сотко арыз менен 17-августта кайрылган. Ага чейин, 25-июлда Биринчи Май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган. Өз чечимин түшүндүрүп бул сот органы Матраимов “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды бузганы тууралуу далил табылбаганын... Читать дальше...

Үй-бүлөнү пландоо маселесине арналган акция өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкекте “Үй-бүлөнү пландоо – адамдын укугу” деген акция өтөт. Аны Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун калкты жайгаштыруу фонду (UNFPA) жана Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультети уюштурууда. Каалоосуз бойго бүтүүдөн сактануунун эл аралык күнүнө карата өткөрүлүп жаткан акциянын урааны – “Үй-бүлөнү пландоо ымыркайлардын жана энелердин өмүрүн сактап калат!”. Максат – адамдардын тукум улоо саламаттыгын коргоо жана үй-бүлөнү пландоо маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурдуруу. Читать дальше...

Жери трансформация боло тургандар нааразылык билдирүүдө

Azattyk.org 

Жер тилкелери трансформация боло турган тургундар нааразылык билдирүүдө. Бүгүн алар Бишкекте “Эмне үчүн өкмөт трансформация маселесин чечүүдө тандалма мамиле жасап жатат?” деген суроонун тегерегинде пресс-конференция өткөргөнү жатышат. Бул тууралуу "Трансформация" кыймылы кабарлады. Жалпысынан 9 миң гектардай жердин макамы өзгөрүлөрүн өкмөт август айында кабарлаган. “40 миң үйдүн курулушу мыйзамдаштырылат. Эгерде бир үй-бүлөдө орто эсеп менен бештен адам болсо, анда кабыл алынган мыйзам аркылуу 200 миң адамдын маселеси чечилет"... Читать дальше...

Жээнбеков БУУ трибунасынан Кыргызстан элин биримдикти сактоого чакырды

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан Кыргызстан элине кайрылып, өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги кепилдиги биримдикте экенин айтты. Коомдогу улут аралык достук, ар бир жарандын өлкөнүн тагдырына жооптуу мамилеси ийгиликтин негизи болот деди президент: - Кыргыз элинин улуу жазуучусу, гуманист Чыңгыз Айтматов «Адамга биримдикте жашоодон өткөн дөөлөт жок», — деп айткан. Анткени, дүйнөнү биримдик, ынтымак гана сактап калат! Биздин келечегибиз, биздин бактыбыз — Кыргызстандын көз карандысыздыгында... Читать дальше...

Парламент акыйкатчы шайлайт

Azattyk.org 

Бүгүн Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо болот. Өткөн аптада парламенттин  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бул орунга беш талапкерди карап чыккан. КСДП фракциясы Токон Мамытовду, “Бир Бол” үч талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, ал эми “Ата Мекен” Канат Азизди сунуштап жатат. Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *