Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 14.05.2019

Хакерлер «WhatsApp» аркылуу телефонго көзөмөл орнотушкан

Azattyk.org 

«Фейсбуктун» «WhatsApp» байланыш тиркемесиндеги олуттуу мандем хакерлерге колдонуучуларды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берген. Ал техникалык мүчүлүштүктү он чакты күн мурун аныкташкандан кийин АКШнын тартип коргоо органдарына жана коопсуздук боюнча эксперттерге кабар берилген. Чабуул коюш үчүн хакерлер чөнтөк телефонго чалышчу экен. Кардар жооп бербесе да, анын жабдыгына зыяндуу программа орнотулуп, смартфондогу камера жана микрофон аркылуу анын эки жакка жүрүшү көзөмөлдөнчү. Мессенжердеги мандем... Читать дальше...

Бишкек шаардык сотунун төрагасы алмашты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцованын мөөнүтү бүткөнүнө байланыштуу анын ордуна судья Азамат Алыбаев шайланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, төраганын орун басарлары да алмашып, кылмыш иштери боюнча орун басарлыкка Талантбек Аккозуев, жарандык иштер боюнча Гүлмира Садыкова, экономикалык иштер боюнча Болотбек Сатыбалдиев бекиди. Шаардык соттун төрагасы үч жылдык мөөнөт менен шайланат. Буга чейин жарандык коом өкүлдөрү Ирина... Читать дальше...

Мааниси терең ыр картайбайт

Azattyk.org 

Немис ойчулу, композитор, акын Фридрих Ницшенин «Эй, адамдар, ташта менин образым, менин образдарымдын образы уктап атат!» деп айтканы бар. Ошол таштай каткан жанды ыр, күү, музыка жибитет.

Саляновдун соту 24-майга жылдырылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум айыпталуучунун адвокаты келбегени үчүн кийинкиге жылдырылды. Соттук жараянды 19-апрелден бери дээрлик бир ай күтүшкөнүн белгилеген Аида Салянова соттон адвокаттын жоопкерчилигин кароо маселесин өтүндү. Мындан тышкары ал адвокаттын жоопкерчилигин кароо тууралуу арыз менен Юстиция министрлигине кайрыларын журналисттерге билдирди: - Өзүңөр уктуңар, сот да адвокатты таба албай коюшканын айтты... Читать дальше...

Ингушетияда нааразылык акциясынын дагы бир катышуучусу кармалды

Azattyk.org 

Ингушетияда Чеченстанга жер берүүгө каршы акциянын дагы бир катышуучусу – Ризван Оздоев камакка алынды. «Яблоко» партиясынын жергиликтүү бөлүмү кабарлагандай, Оздоевди «мартта Магастагы акцияда полиция кызматкерине күч колдонгон» деген айып менен өткөн түнү кармап кетишкен. Ошону менен бул айып боюнча кармалгандардын саны 25 киши болду. Буга чейин сот активистти акцияга катышканы үчүн 10 миң рубль айыпка жыккан. Ингушетия Республикасынын борбору Магаста 26-27-мартта президент Юнус-Бек Евкуровдун... Читать дальше...

УКМК: Кадыркулов Шаиковалар менен жеке кызыкчылыгы үчүн жолуккан эмес

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикованын билдирүүсү боюнча жооп берди. Атайын кызмат ал билдирүүдө «айтылгандар чындыкка дал келбейт» деп, муну жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалады. Мекеме чындыгында Алина Шаикова жана Дастан Догоев менен УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов расмий эмес түрдө жолугушканын ырастап, бирок мында эч кандай жеке кызыкчылык болбогонун белгилеген. Ошондой эле УКМК ал расмий эмес жолугушуу боюнча кенен түшүндүрмө берген. Читать дальше...

«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы өтөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыктын алкагында «өсүү түйүндөрү» шаарларынын балдар жана жаштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча ишине дем берүү максатында кабыл алынган», деп жазылган өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта. «Өсүү түйүндөрү» катары Балыкчы, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана... Читать дальше...



АКШ президенти НАСАга 1,6 млрд. доллар бөлөт

Azattyk.org 

Дональд Трамп Айды жана Марсты изилдеш үчүн НАСАнын бюджетине кошумча каражат бөлө турганын билдирди. «АКШ Айга, андан соң Марска 2024-жылга чейин жакшылап кайтып барышы үчүн мен кошумча 1,6 миллиард доллар бөлүүнү чечтим», - деди президент. Ушул жылдын башында президент Дональд Трамп АКШнын космостук күчтөрүн түзүү тууралуу буйрукка кол койгон. Армиянын бул бөлүгү атаандаш өлкөлөрдүн космостогу достукка жатпаган болжолдуу аракеттерине каршы турууну максат кылат. АКШ космостук агенттиги НАСА... Читать дальше...

Кумаркана жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилет

Azattyk.org 

Кумар оюндарын уюштурууга тыюу салган мыйзам кайрадан иштелип чыгып, өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Азаттыктын» «Арай көз чарай» талкуусунда билдирди. Эл өкүлү кумарканалардын ишин тыйган мыйзам иштебей жатат деп эсептейт. - Артка жол жок, - деди ал. - Кумар оюндарын мыйзамдаштыруу болбойт. Мыйзам иштебей жатканы чын. Бирок мыйзам кабыл алынгандан бери кумар оюндарынан жапа чеккендер азайды деп айта алам. Кумар оюндарын калкалаган органдардын миңдеген шылтоосу ишти артка тартып жатат. Читать дальше...

Екатеринбургда чиркөөнүн курулушуна каршылар камакка алынды

Azattyk.org 

Орусиянын Екатеринбург шаарында полиция чиркөөнүн курулушуна каршы акцияга катышкан төрт кишини кармап кетти. 13-майда кечинде жүздөгөн шаар тургундары чакан сейил бак жайгашкан жерге чогулуп, чиркөөнүн курулушуна каршылык билдиришкен. Чогулгандар храмды башка жерге, шаардын борборундагы бак-дарактарды кыйбастан тургузса болоорун айтып жатышты.  Күбөлөрдүн айтымында, акциянын катышуучуларына каршы уюшулган топ чыккан. Алар мушташып, бирөө газ чачыраткан. Свердлов облусунун вице-губернатору... Читать дальше...

Пакистанда мечиттин жанында колго жасалган бомба жарылды

Azattyk.org 

13-майда кечинде Пакистандын Кветта шаарында колго жасалган бомба мечиттин жанында жарылып, төрт полициякызматкери мүрт кетти. Дагы 11 киши жарадар болду. Бул - орозо башталгандан бери тартип коргоочуларга экинчи жолу кол салуу. Расмий маалыматка караганда, мотоциклге жармаштырылган жардыруучу түзмөк полициянын машинеси өтүп бараткан учурда ишке келтирилген. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө пакистандык талибдер алышты. Бир нече күн мурда жоочулар Лахордо да полиция кызматкерлерин бутага алып, 10 адамдын өмүрү кыйылган. Читать дальше...

Эсеп палатасы тарых музейин оңдоодо бюджетке зыян келгенин ырастады

Azattyk.org 

Эсеп палатасы Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөгө кеткен каражатка аудит жүргүздү. Мекеме тараткан маалыматка караганда, музейди оңдоп-түзөөгө жана долбоорлоого иштин көлөмү, суммасы жана ишти бүтүрүү мөөнөтү белгиленбей туруп жалдануучу компания тандалып алынган. Ошондой эле сметалык долбоору түзүлгөн эмес. Музейдин бекитилген концепциясына ылайык келбеген 562,6 миң евролук жабдуу алынып келген. Ал Кыргызстандын рыногундагы ошондой эле жабдууга караганда 3,8 млн. сомго кымбат болгон. Ишти кабыл алуу актысында анын наркы 68,9 млн. Читать дальше...

Кытай кыргыз милициясына 4 млн. долларлык жабдык алып берет

Azattyk.org 

14-майда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи баштап келген делегация менен жолугушту. Алар эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап, протоколдорго кол коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. «Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосунда кайтарымсыз негизде милицияга материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө» протоколго ылайык, 30 миллион юань (4 365 397.56 АКШ доллары) суммасындагы жабдыктар берилет. Читать дальше...

Демократтар Трамптын Орбан менен жолугушуусун сынга алышты

Azattyk.org 

АКШда демократтар президент Дональд Трампты Венгриянын премьер-министрин Ак үйдө кабыл алганы үчүн сындап чыгышты. Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан мусулмандардын Европага багытталган иммиграциясына карата радикалдуу көз караштары менен белгилүү. Трамп Орбанды 13-майда Ак үйдө кабыл алган. АКШ Сенатындагы Демократиялык партиянын мүчөсү Дик Дурбин Трампты «америкалык баалуулуктарга чыккынчылык кылды» деп айыптап, «президент демократ эмес, авторитардык лидерлерге жан тартат» деп айтты. Демократтар... Читать дальше...

Улуттук тарых музейи боюнча тергөө аяктады

Azattyk.org 

Тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аягына чыгып, прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 16-апрелде Жогорку Кеңеште отчет берип жатып, Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлганын айткан. Читать дальше...

Атаханов: Батукаевди он жылдан ашык бошотуу аракети болгон

Azattyk.org 

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов жергиликтүү 24.kg маалымат агенттигине кенен интервью берип, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча дооматтарга жооп берди. Ал өзүнө карата айтылып жаткан сөздөрдү төгүндөп, Азиз Батукаев учуп кеткен «Kyrgyz Handling Company- APR» компаниясына баласы Данияр Атахановдын эч кандай тиешеси жок экенин айтып берген. Ошондой эле Батукаевди бошотуу боюнча коррупциялык схема Атаханов кызматка келгенге чейин башталганын белгилеп, кримтөбөлдүн жакындары менен эч качан жолукпаганын билдирген. Читать дальше...

Европалыктар да Американы "ишеничтүү өнөктөш" деп эсептебейт

Ca-irnews.com (kg) 

Европалыктардын жарымына жакыны Американы коопсуздук жаатында “ишеничтүү өнөктөш” деп эсептебей тургандыгын “Market YouGov”  изилдөө компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөттү.

Жолдубаева: Матраимовго эч ким ишенбейт

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев башкарган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Райымбек Матраимовдун кайрылуусуна жооп берди. Жолдубаеванын атынан таратылган кайрылууда Райымбек Матраимов бийликтин буйругу менен экс-президентке каршы чагым жасоого аракет кылып жатканы айтылат. «Видео кайрылууда абдан көп жалган айтылды. Анын ичинде Алмазбек Атамбаевдин байланыштары тууралуу кеп да калп. Андыктан болбогон сөзгө комментарий бербейбиз. Атамбаевдин учурунда ал өзүнүн көлөкөсүнөн коркчу. Читать дальше...

Жалал-Абадда классташтар майып үй-бүлөгө үй куруп жатат

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айылындагы №10 Тойгонбай Кошматов атындагы мектепти мындан 20 жыл мурда бүтүргөн классташтар айылдагы майып үй-бүлөгө турак жай салып берип жатышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» демилге көтөргөндөрдүн бири Жеңиш Сактанбаев билдирди: - Жолугушуу кечесин шаан-шөкөт менен өткөрүүнүн ордуна, 30 бала ортодо акча жыйнап айылдашыбызга үй куруп берип жатабыз. Көпчүлүк досторубуз чет жакта мигрант болуп иштешет. Алар жакшы жардам берип жатышат. Булардын үй-бүлөсүндө ишке... Читать дальше...

Сулайманов: Кумаркананы органдын адамдары калкалайт

Azattyk.org 

Бардык көмүскөдө иштеп жаткан кумарканаларды органдын адамдары калкалап турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда билдирди. Анын айтымында, тыюу салынганына карабай иштеп жаткан кумарканалардын артында чоң күчтөр, текшерген органдар өздөрү турат. Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган. Тыюу салынганына карабай... Читать дальше...

Жалал-Абад шаарында 19 көчөнү оңдоо иштери башталды

Azattyk.org 

Шаар аймагындагы 19 көчөдө быйыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен асфальттоо иштери жүргүзүлөт. Мындай маалыматты “Азаттыкка” шаардык жол башкармалыгынын башчысы Алмаз Султанкулов билдирди. Анын айтымында, быйыл жалпысынан беш чакырымга жакын жол оңдолот. Шаар казынасынан асфальттоо жана жамоо иштерине 25 млн. сомдон ашык каражат бөлүнгөн.  Калаанын Ленин жана Жусупбек Бакиев көчөлөрүнүн аралыгындагы Токтогул көчөсү толугу менен асфальтталып, пайдаланууга берилди. Мындан сырткары шаарда 2017-жылы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *