Марат Кудайбергенов Балыкчынын мэри болуп шайланды
Марат Кудайбергенов Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды. Ага шаардык кеңештеги 31 депутаттын 22си добуш берди. Экинчи талапкер Мирбек Шакиров тогуз добуш алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын системдик администратору Кемел уулу Кайрат билдирди. Марат Кудайбергенов 26 жашта, “Замандаш” фракциясынын мүчөсү. Буга чейин (2011-2017-жылга чейин) “Алыш Сервис” жоопкерчилиги чектелген коомун жетектеген. Андан кийин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн жардамчысы, 2019-жылдан... Читать дальше...