Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 24.05.2019

Бишкекте базарлардан ВИЧ оорусу бар беш киши аныкталды

Azattyk.org 

Бишкектеги базарлардан ВИЧ оорулуу беш киши аныкталды. Бул тууралуу республикалык СПИД борбору маалымдады. Борбордун жетекчиси Үмүткан Чокморованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 24-май күнү баш калаадагы Аламүдүн, Ош жана Орто-Сай базарларында ВИЧ/СПИДге ыктыярдуу текшерилүү жүргүзүлгөн.  - Илдетти шилекейден аныктоочу экспресс-тесттен өткөргөнбүз. Каалоочулар көп болду. Арасынан беш кишинин жыйынтыгы баштапкы маалыматтар боюнча ВИЧ-позитивдүү болуп чыкты, - деди ал.  Маалыматка караганда, алар - Аламүдүн базарынан эки... Читать дальше...

Медиа мейкиндиги шайлоо камында

Azattyk.org 

Кыргызстанда шайлоого байланыштуу мыйзамдардын өзгөрүшү менен келерки саясий иш-чараларда жаңы технологиядагы медиа таасирдүү роль ойной тургандыгы айтылууда.

Жеке ишкер айыл чарба министринин кызматына өз талапкерлигин көрсөттү

Azattyk.org 

«Жашыл чарба» аттуу агрохолдингдин негиздөөчүсү Тилек Токтогазиев айыл чарба министринин кызматына талапкерлигин расмий жарыялаганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. «Өлкөбүздөгү миңдеген фермерлер сыяктуу эле мен да тармактагы өзгөрүүлөрдү күтө берип жададым. Менде реформа жүргүзүү боюнча так максаттарым бар. Айыл чарба министрлигинин майнаптуу ишинин негизги максаты дыйкандардын байгерчилиги болушу керек. Тартип киргизүүгө убакыт келди», деп жазган ал баракчасына. Тилек Токтогазиевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча... Читать дальше...

Мэй башкаруудагы партиянын төрайымдыгынан кетерин жарыялады

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 7-июнда консерваторлор партиясынын төрайымдыгынан кетерин жарыялады. Мэй жаңы лидер тандалгыча өкмөт башчынын милдетин аткара берерин айтты. Бул жараян бир нече жумага созулуп кетиши ыктымал. Европа Биримдигинин колдоочусу катары белгилүү премьер кызматка 2016-жылы элдик референдумда көпчүлүк Брекзитти тандаган оңой эмес маалда келген. Мэй «өлкөнү белгиленген убагында шаркеттен чыгарып кете алган жок» деген партиялаштарынын катуу кысымына туш болуп келди. Читать дальше...

Чеченстандык кумса Европа сотуна арызданды

Azattyk.org 

Орусияда чечен полициясы тарабынан уурдалып кыйноого туш болгонун айткан кумса Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылды. Адвокаттарынын айтымында, орусиялык тергөөчүлөр бул боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. Арыз 24-майда Страсбургдагы сотко берилди. Орусиядагы Кыйноонун алдын алуу комитетинин адвокаттары жасаган билдирүүдө Максим Лапунов Чеченстанда кумсалар туш болуп жаткан ыдык көргөзүүнү ачык айыптаган жападан-жалгыз киши экени белгиленген. Лапуновдун айтымында, аны 2017-жылы Грозныйда уурдап кетишкен... Читать дальше...

«Кыйноого каршы коалиция» белгисиз топ жыйында чыр чыгарганын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандагы «Кыйноого каршы коалиция» өкмөттүк эмес уюму тараткан маалыматка караганда, 23-майда «Супара» этнокомплексинде юристтер менен адвокаттардын эл аралык эксперттер Каринна Москаленко жана Оксана Преображенская менен жолугушуусунда видеокамера, диктофон көтөргөн белгисиз тогуз киши жыйын өтүп жаткан залга кирип келип, аны токтотууну талап кылышкан. Алар бул жыйынды Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү деп эсептей турганын айтышкан. Белгисиз топ өздөрүн Кыргызстандын «Мекенчилдик» жаштар кыймылынын мүчөлөрү катары тааныштырып... Читать дальше...

АКШ Айга кемесин 2020-жылы жөнөтөт

Azattyk.org 

АКШнын Космос агенттиги (NASA) Айга жаңы миссиясын 2020-жылы жөнөтөрүн билдирди. 23-майда NASA «Артемис» деп аталган программасынын жадыбалын жарыялады. Агенттиктин жетекчиси Жим Брайденштайндын айтымында, биринчи фазада пилотсуз кеме учурулат. Андан кийин 2022-жылы Айдын орбитасына пилоттолгон капсула, дагы эки жылдан кийин астронавттар жөнөтүлөт. Экипажга аял-астронавт да кирмекчи. «Артемис» (Артемида) деген аталыш грек мифологиясынан алынган. Аңчылыктын жана Айдын пири Артемида Аполлондун карындашы болгон. Читать дальше...

Ошто чакан насыя агенттиги мамлекетке 11,4 млн. сомдук зыян келтирген

Azattyk.org 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагында, Ош шаарында түзүлгөн «Ишкер» чакан насыя ишканасы 2010-жылдан бери мамлекетке 11 млн. 382 910 сом төлөгөн эмес. Ишкана кызматкерлери сегиз жыл ичинде насыячылар төлөгөн пайыздарды өздөрү алып турушкан. Бул Ош облустук прокуратурасы текшерген учурда аныкталган.  Текшерүүнүн натыйжасында топтолгон материалдардын негизинде бул фактыны Ош облустук прокуратурасы Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен бирдиктүү реестрге каттаган. Читать дальше...



Пакистандын премьери Индиянын өкмөт башчысын жеңиши менен куттуктады

Azattyk.org 

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Модини парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, Түштүк Азиядагы «тынчтык жана бейкуттук» үчүн чогуу иштешүүгө дилгир экенин билдирди. Имран Хан бул тууралуу 23-майда «Твиттерге» жазды. Баштапкы жыйынтыктарга караганда, Модинин улутчул партиясы алдыда баратат. Индия менен Пакистандын өз ара мамилелери 1947-жылы Британиядан өз алдынчалык алгандан бери оңой болгон эмес.  Өзөктүк куралы бар бул эки атаандаш өлкө үч согушту башынан кечирген. Читать дальше...

КСДП тыңшоо коюлганын билдирди

Azattyk.org 

КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын кеңешчиси Дамир Мусакеевдин иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюлганын жарыялады.

Жамашева: Батукаевдин бошотулушуна тиешем жок

Azattyk.org 

Бул тууралуу Жогору соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашева "Азаттыкка" 24-майда билдирди. Ал Батукаевдин ишине эч кандай тиешеси жоктугун, мындан кабары болбогонун айтып, бул иш боюнча учурда тергөө жүрүп жаткандыктан, комментарий бербей турганын кошумчалады: -Мен бул ишке эч киришкен эмесмин. Мен бул ишке киришпесем, кандай моралдык жоопкерчилигим болушу мүмкүн? Мен өзүмө ишенем, бул ишке тиешем жоктугуна ишенем. Феруза Жамашева 2012-15-жылдары Жогорку соттун төрайымы болуп иштеген. «Мыйзамдагы... Читать дальше...

Экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Azattyk.org 

Бул тууралуу Панкратов өзү «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусунда, кызматтан кетүүгө өз дарегине айтылып жаткан сындардын көбөйүп кеткени себеп болгон: - Кызматтан кетүү тууралуу арызды өзүм жаздым. Анткени акыркы учурда сын-пикир аябай көбөйүп кетти, ага кандайдыр бир жооп болушу керек эле.  Олег Панкратовдун арызын өкмөт башчы канааттандырды. Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлаганы боюнча, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Олег Панкратовду ээлеген кызматынан бошотуу... Читать дальше...

Иран тышкы иштер министри региондогу абалды Исламабадда талкуулайт

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Исламабадга барды. 23-майда Пакистан башкалаасына баргандан кийин министр эл аралык коомчулукту АКШнын Иранга карата “агрессивдүү” жана “коркутуп-үркүткөн” саясатына туруштук берүүгө чакырды. Бул тууралуу “Фарс” агенттиги маалымдады. “Биздин регион кыйын абалга кептелди, кооптуу чаралар көрүлүүдө. Кошуна өлкөлөр менен кеңешүү зарыл”, - деди Зариф. Пакистан Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө “аймактагы олуттуу кырдаалды бардык тараптар... Читать дальше...

Каныбек Иманалиев «Тилекмат аке» сыйлыгына ээ болду

Azattyk.org 

Каныбек Иманалиев эл өкүлдөрүнөн биринчи болуп «Тилекмат аке» сыйлыгына ээ болду. Аталган сыйлыкты эл өкүлүнө «Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикмеси ыйгарды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдаагандай, бирикме быйылкы жылдын сыйлыгына Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев менен Кыргызстандын Калькуттадагы ардактуу консулу Прамуд Кумар Сарафты татыктуу деп тапкан.  «Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикмеси «Тилекмат аке» коомдук фонду менен бирге 2013-жылдан бери дипломатия... Читать дальше...

Аба ырайы: Жаан жаайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда 25-26-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.  25-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жамгыр карга айланат, кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаайт.  Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында нөшөрлөгөн жаан жаайт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

Йемен согушунан курман болгондор менен жаракат алгандардын саны 50 миңден ашты

Ca-irnews.com (kg) 

Йемендин Саламаттык сактоо министрлиги 2015-жылы башталган Арабстан коалициясынын Йеменге жасаган согушунан бери курман болгон жана жаракат алгандардын саны 50 миңден ашканын жарыялады.

Акыркы үч айдын ичинде Бишкекте жол кырсыктары 1,5% азайды

Azattyk.org 

Бул тууралуу бүгүн, 24-майда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов маалымдады. Анын айтымында, жол кырсыктарынын азайышынан жолдогу адам өлүмү да былтыркы кезге салыштырмалуу 6,5% азайды. «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек менен Чүйгө коюлган видео көзөмөлдөр үч айдын ичинде 117 845 эреже бузуу фактысын каттаган. Анын ичинен 53 800 учур боюнча төлөнгөн айыппулдардын суммасы 77,3 млн. сомго жеткен. ... Читать дальше...

Ирандын ТИМ башчысы дүйнө өлкөлөрүн АКШнын санкцияларына каршы турууга чакырды

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф кошуна өлкөлөр жана башка көптөгөн  өлкөлөр глобалдык коопсуздук жана өз кызыкчылыктары үчүн АКШнын санкцияларына каршы туруулары керек деп билдирди.

УКМК Атамбаев менен Ниязовго тыңшоо коюлганын четке какты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 24-майда билдирүү таратып, «"Форум ишканасынын өкүлү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын жакын санаалашы Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу түзмөк орнотууга мажбурланган» деген кабарды төгүндөдү. Мекеме Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) билдирүүсүн «чагым» деп баалады. Ошондой эле айрым саясий ишмерлер өзүн пиарлаш үчүн атайын кызматтын дарегине негизсиз дооматтарды кюоп жатканын белгиледи. Буга чейин КСДП Атамбаевге... Читать дальше...

Жээнбеков: Кыргызстанда эл ЖМКга ишенет

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков мындай пикирин 24-майда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы өлкөлөрдүн медиа форумунда сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчы бардык катышуучуларга кайрылып, журналисттер өз өлкөсү үчүн гана эмес, жалпы дүйнө үчүн чоң иш жасап жатышканын айтты:  - Мен адамдар дүйнөнү силердин көзүңөр менен көрөт деп кошумчалагым келет. Силердин позицияңардан, жоопкерчилигиңерден мамлекеттин ичиндеги жана эл аралык атмосфера көз каранды. Маалымат каражаттары ачык диалог түзүүгө... Читать дальше...

УКМКны реформалоо тууралуу жыйында чыр чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандык активисттер жана укук коргоочулардын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин (УКМК) реформалоону талап кылган жыйынында талаш-тартыш чыкты. Бишкекте өтүп жаткан отурумда катышуучулар бир топко чейин ой-пикирлерин айта албай, сөз сүйлөөнү сураган эки-үч киши менен талашып-тартышып жатышты.  Уюштуруучулар чырды УКМК жыйынды үзгүлтүккө учуратуу максатында атайлап уюштурган деген пикирлерин билдиришти. Ошондой эле жыйынга келген бул кишилер Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү деген ойлор айтылды. Читать дальше...

КРнын Акыйкатчысы «Интербилим» коомдук бирикмесинин Оштогу филиалынын жетекчиси менен жолугушту

Ca-irnews.com (kg) 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов «Интербилим»  коомдук бирикмесинин Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева менен жолугушту.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *