Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 24.05.2019

Кыргызстандагы мектептердин жарымында ысык тамак берилбейт

Azattyk.org 

Мындай маалыматты экс-президент Роза Отунбаева 24-майда Бишкекте балдар маселесине арналып өтүп жаткан «Ачык диалог» конференциясында билдирди. Экс-президент мектеп окуучуларына ысык тамак уюштуруу министрлердин колунан келбей жатканын айтты: - Жакырчылык менен күрөшүү керек. Биз бүгүн алардын абалын ойлобосок, эртең кеч болот. Мына, 2200 мектептин жарымында, 800-1000дей мектепте ысык тамак жок. Тойканалар толтура. Эмне үчүн ушул нерсени ишке ашыра албайбыз? Бул үчүн саясий эрк керек. Ал эми... Читать дальше...

Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот 11-июнда уланат

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-башкы прокурору, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот 11-июнь, саат 15.00гө белгиленди. Бул тууралуу Аида Салянова билдирип, бүгүн, 24-майда боло турган жараян Жогорку соттун жыйынына байланыштуу жылганын маалымдады.   14-майдагы териштирүү да айыпталуучунун адвокаты келбей калгандыктан бүгүнкүгө жылган эле.  Соттук кароо апрелден бери ар кандай жүйө менен улам артка жылып келе жатат.   42 жаштагы Улан Саляновду... Читать дальше...

Ошто жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары коомдук транспортто акысыз жүрүшөт

Azattyk.org 

Ош шаардык кеңеши жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын муниципалдык жана менчик транспортто бекер ташууга милдеттендирген токтом кабыл алды. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, токтом 22-майдан тартып күчүнө кирди.  - Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына тиешелүү кызматтардын аныктамасынын негизинде атайын күбөлүк берилет. Ошонун негизинде алар коомдук транспортто акысыз жүрө алышат. Бул сунушту мэрия 4-апрелде шаардык кеңештин кароосуна жиберген, - деди ал. Читать дальше...

Нурбек Мурашев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Azattyk.org 

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев өз каалоосу менен кызматтан кетип жатканы кабарланды.  Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгуловдун «Азаттыкка» айтканы боюнча, Мурашевдин арызын премьер-министр канааттандырган. - Премьер-министр Мухаметкалык Абылгазиев Нурбек Мурашевди өзү берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу боюнча президентке сунуш киргизди, - деди өкмөттүк аппараттын өкүлү.  Акыркы чечимди мамлекет башчы кабыл алат. Маалыматтарга караганда... Читать дальше...

АКШ Иранга кастарын тикти

Azattyk.org 

Пентагон Иран тараптан келчү коркунучтардын алдын алуу максатында Жакынкы Чыгышка кошумча америкалык аскерлерди жөнөтүү планын караштырып жатканын ырастады.

Мусакеев: Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюу аракети болгон

Azattyk.org 

«Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсүмүн, «Форум» ишканасында иштейм» деген адам өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери «кызматташууга» чакырганын, натыйжада экс-президенттин жана анын жансакчысы Дамир Мусакеевдин иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын баяндаган видео тасманы КСДП таратты. Тасмада «"Форумдун" IT кызматкеримин» деген адам УКМКнын кызматкери «экс-президенттин иш бөлмөсүнө орнот» деп бергени айтылган электр улоочу зымдын ичин ачып... Читать дальше...

«Саясатта гендердик квота өтө зарыл»

Azattyk.org 

Укук коргоочулар айылдык кенештерде мандаттарды аялдар үчүн резервге калтыруу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоого чакырып маалыматтык өнөктүк башташты.

«Америкалык талиб» 17 жылдан кийин түрмөдөн чыкты

Azattyk.org 

Калифорниялык Жон Уокер Линд 23-майда 17 жылдан кийин эркиндикке чыкты. Аны Ооганстанда «Талибан» кыймылы тарапта согушкандыктан «эң белгилүү америкалык жихадчы» же «америкалык талиб» деп аташат. 38 жаштагы Линд түрмөдө тартип бузбай, өзүн жакшы алып жүргөнү үчүн 20 жылдык жаза мөөнөтү кыскарган. Анын мөөнөтүнөн эрте бошотулушун айрымдар сынга алышты. - Мында тынчсыздана турган терең бир нерсе бар, - деди АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Президент Дональд Трамп Линд бийликтин катуу көзөмөлүндө болорун журналисттерге билдирди. Читать дальше...



Бишкекте УКМКны реформалоо маселеси талкууланат

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкекте «УКМКнын орду жана реформасы» аттуу тегерек үстөл өтөт. Аны «Адилеттүүлүк үчүн» комитети уюштуруп жатат. «Коопсуздук комитети соңку 30 жылда маанилүү өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок», - деген комитеттин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков бул тармакты реформалоо боюнча бийликке бир катар талаптар, сунуштар айтыларын «Азаттык» радиосуна билдирди: - УКМКнын 30 жылдагы жасаган иши коомду да, мамлекетти да канааттандырбай келатат. Негизинен президент менен өкмөттүн кандайдыр бир куралына айланып... Читать дальше...

Орусия АКШнын мамлекеттик катчысынын мурдагы жардамчысына виза берген жок

Azattyk.org 

Орусия АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия маселелери боюнча мурдагы жардамчысы Виктория Нуландга виза берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу «Коммерсант» жазды. Аталган басылманын Тышкы иштер министрлигиндеги булактары Нуланд АКШнын орусиялык жарандарга карата киргизген санкцияларына жооп катары «кара тизмеге» киргенин билдиришкен. Нуланд Москвадагы эл аралык жабык конференцияга катышуу үчүн орус визасына документин тапшырган. «Комерсанттын» жазганына караганда, АКШдан айырмаланып Орусия «кара тизмени» ачык жарыялаган эмес. Читать дальше...

«Өнүгүү-Прогресс» жол эрежеси боюнча айыппулдун өлчөмүн талкуулайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы жол эрежесин бузгандарга карата айыппулдардын өлчөмү жана анын натыйжалуулугу боюнча маселени талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ушул тармактагы өкмөттүн өкүлдөрү маалымат беришет. 21-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоору боюнча өткөн кеңешмеде жол эрежесин бузгандарга карата айыппулдарды оңдоо-түзөө, тууралоо маселесин иликтеп чыгууну тапшырган. Маалыматка караганда... Читать дальше...

АКШ Ассанжга кошумча айып койду

Azattyk.org 

АКШ «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга 17 пункт боюнча кошумча айып койду. Ал жашыруун маалыматтарды мыйзамсыз жарыялаган жана компьютерди бузуп кириш үчүн кутумга барган деп айыпталууда. Буга чейин Вашингтон Ассанжды Пентагондун компьютердик түйүнүн бузуп кирүү аракети үчүн гана соттогону жаткан. Бул кылмыш үчүн ал эң көп дегенде беш жылдык мөөнөткө соттолмок. Эгер Ассанж Британиядан АКШга эстрадиция болсо ал мындан да катаал жазаланышы ыктымал. Би-Би-Си Юстиция министрлигинин өкүлүнө таянып жазганына караганда... Читать дальше...

ШКУга мүчө мамлекеттердин медиа форуму башталат

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарына арналган медиа форум ишин баштайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз  кызматы билдирди. Форумга президент Сооронбай Жээнбеков катышат. Кыргызстандын төрагалыгы алдында уюштурулуп жаткан иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери, ШКУнун катчылыгы, уюмдун курамындагы мамлекеттердин алдыңкы маалымат каражаттарынын өкулдөрү жана эксперттер катышат. Читать дальше...

Былтыр 550дөн ашуун өспүрүм көз жарды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы 13-17 жаштагы 552 өспүрүм көз жарды. Бул 2017-жылга караганда 60 кишиге көп. Бирок 2015-жылга караганда эки эсе азайган. 6-май күнү Жети-Өгүз районунда 8-класстын окуучусу төрөгөнүн укук коргоочулар кабарлашкан. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, төрөгөн кыз марттан бери мектепке келбей калган. Аны апасы кызынын буту сынып, Бишкекте дарыланып жатканын айтып, дарыгерден тактама кагаз алып бергенин кабарлады. Окуучунун... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *