Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2019

Новости за 01.06.2019

Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу өнөктүгү башталды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун колдоосу менен балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча «Тумар» улуттук кампаниясы башталды. Бул балдарды коргоонун күнүнө арналып өтүп жатат. Өнөктүк алкагында иш-чара Бишкектеги Эски аянтта «Тушоо кесүү» жөрөлгөсү менен башталды. Өнөктүк балдарды зомбулуктан коргоо, уруп-сабоого тыюу салуу жана ата-энелерге балдарды позитивдүү маанайда тарбиялоого чакыруу максатын көздөйт. Кампания жылдын аягына чейин улантылмакчы. 1-июнь Балдарды коргоонун эл... Читать дальше...

Бишкекте жеткинчектер арасында футбол мелдеши өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкектеги "Кg Sport" спорт комплексинде жеткинчектер арасында футбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Мелдешти уюштурган "Юниор" футбол мектебинин маалыматына караганда турнирге Бишкектеги "Илбирс", "Топ тоголок", "Юниор" жана "Эгриси" клубдарынын алты жаштан тогуз жашка чейинки оюнчуларынан куралган 16 команда катышып жатат. Жеңүүчүлөр төрт жаш куракта (2010, 2011, 2012, 2013-жылы туулгандар) өз-өзүнчө аныкталат. Командалар ээлеген орундарына жараша медаль, кубоктор менен сыйланат. Турнир 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган. Читать дальше...

Президент Жээнбеков Ислам кызматташтык уюмунун саммитине катышты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабияга иш сапарынын жүрүшүндө Мекке шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун саммитине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган саммит уюмдун түзүлгөнүнүн 50 жылдыгына арналып өтүп жатат. Кыргызстан Ислам кызматташтык уюмуна 1992-жылы кошулган. Бирок 2011-жылы уюмдун уставына кошулуп, жогорку деңгээлдеги жыйындарына катышып келет. Президент Жээнбеков Сауд Арабияга 31-майда барган. Сапардын жүрүшүндө аталган өлкөнүн падышасы... Читать дальше...

Түркмөнстанда полиция мигранттардын туугандарынын телефондорун текшерүүдө

Ca-irnews.com (kg) 

Түркмөнстандын Лебап облусунун Саят районунда күч түзүм кызматкерлери Түркияда иштеп жүргөн мигранттардын туугандарынын үйлөрүн кыдырып, телефондору менен сим-карталарын текшерип жатышат.

АКШда кол салуудан 12 адам каза тапты

Azattyk.org 

АКШнын түштүгүндөгү Виржиния Бич шаарынын муниципалдык башкармалыгына кол салуудан кеминде 12 адам каза болду. 31-майда орун алган окуяда муниципалдык кызматкер имаратка кирип барып алдынан чыккандарды аткан. Бул окуядан кийин төрт адам жараат алып ооруканага жаткырылганы кабарланды. “Бул Виржиния-Бичтин тарыхындагы эң кайгылуу күн”, – деп билдирди шаардын мэри Бобби Дайер. Америкалык маалымат каражаттары кандуу калабаны уюштурууга шектүү катары 40 жаштагы Дэуйн Креддокту жазып чыгышты. Ал полиция менен кармашып жатып окко учкан. Читать дальше...

Кыргызстанда Умар жана Раяна деп ысым койгондор көбөйдү

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, быйылкы төрт айда 56 миң 525 балага туулганы тууралуу күбөлүк берип, катталды. Бул өткөн жылкы ушул убакка салыштырмалуу 2,9% көп. Өткөн жылдын январь-апрель айларында 54 миң 892 наристе туулган. Мамлекеттик каттоо кызматы ымыркайларга коюлган ысымдарды да талдап көргөн. Ага ылайык, үч жыл бою катары менен уул балага Умар, кыз балага Раяна деген атты көп коюшкан. Быйыл дагы уул балдарга коюлган ысымдардын ичинен Умар деген ат лидерликти берген жок. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *