Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2019

Новости за 05.06.2019

Москва АКШнын Алтынчы флотунун дооматына жооп кайтарды

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Алтынчы флотунун билдирүүсүн четке какты. Алтынчы флот орусиялык Су-35 кыйраткыч учагы эл аралык аба мейкиндигинде Жер ортолук деңиздин үстүндө учуп жүргөн америкалык Р-8А «Посейдон» чалгын учагын үч саатта үч жолу тороп алганын билдирген. Чалгын учагын экинчи жолу тороп алуу коопсуздукка коркунуч келтирген. «Орусиялык Су-35 америкалык учактын жанынан катуу ылдамдыкта учуп өткөн. Мунун натыйжасында учактагы экипаж турбуленттик толкунду сезген. Читать дальше...

Жээнбеков: экологияны коргоо негизги маселеге айланды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-июнь – Айлана-чөйрөнү коргоонун дүйнөлүк күнүнө байланыштуу экологдорду куттуктады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жазылды. Анда президент экологиялык таза азыктары жана экотуризми бар өлкө катары табиятты сактоо, ага аяр мамиле кылуу боюнча жүргүзүлгөн ишти күчөтүү зарыл экенин билдирди.  Куттуктоодо «жаратылышты коргоо акыркы жылдары эл аралык коомчулуктун күн тартибинде талкууланган артыкчылыктуу маселелердин катарына кирди. Алдыда бизди экологиялык... Читать дальше...

Сулайманов: депутаттар менен жабык жайларды кыдырабыз

Azattyk.org 

Кыргызстандын Кыйноого каршы улуттук борбору 1-июндан 26-июнга чейин «кыйноого каршы 26 күн» өнөктүгүн жарыялады. Бул өнөктүктүн алкагында парламенттин, жергиликтүү кеңештин депуттары менен аталган борбордун кызматкерлери жабык жайларды, абактарды, түрмөлөрдү кыдырып, алардын абалы менен таанышат. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов маалымдады. Ошондой эле окуу жайларында студенттерге кыйноого каршы маалыматтар таратылат. Жарандык коомдун өкүлдөрү менен талкуулар жүргүзүлөт. Читать дальше...

«Асылым, агай…»

Azattyk.org 

Зарылбек Чокоевдин аңгемелеринде жаш адамдын турмуштан ордун табышы, жаңылыш-жаздым кадамдары көркөм иликтенет. Чыгармада эмгек жолун жаңыдан баштап жаткан мугалимдин ой-сезим, туйгулары баяндалган.

6-июнга карата аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн

Azattyk.org 

5-июндан 7-июнга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба жумуштарын, автоунаалардын жүрүшүн, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал багууну кыйындатат. Мындай нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Читать дальше...

Киевдин мэри Кличко Саакашвилиге партиянын лидери болууну сунуш кылды

Azattyk.org 

Киевдин мэри Виталий Кличко анын “Удар” партиясы мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоого катышаарын билдирди. Кличко жакында эле Украинага кайтып келген Михаил Саакашвилиге партиянын лидери болууну, “ыкчам жана натыйжалуу өзгөрүүлөр үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү” сунуш кылды. «Мен бүгүн Саакашвилинин кайрылуусун көрдүм, анын саясий кыймылына шайлоого катышууга бут тосушкан экен. Ошондуктан мен ага саясатта жөлөк болууга даярмын, - деп билдирди Кличко. – Биздин биригүүбүз өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү тездетет. Читать дальше...

Кытайдын төрагасы Москвага мамлекеттик сапар менен келатат

Azattyk.org 

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Орусиянын ордо калаасына бүгүн, 5-июнда түштөн кийин келет. Бул күнү ал Кремлде президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Си Цзиньпин Орусияга беш жылдан бери келе элек болчу. Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери Батыш менен мамилелери начарлап кеткен. Си Цзиньпин 6-8-июнда Санкт-Петербургда өтө турган экономикалык форумгакатышат. Бул форумга Владимир Путин да катышат. Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Си Цзиньпиндин сапары «эки... Читать дальше...



Белгилүү продюсер Бари Алибасов оор абалда реанимацияга түштү

Azattyk.org 

Орус медиасынын маалыматы боюнча, музыкант жана продюсер Бари Алибасов ашказаны күйүп, Склифосовский атындагы медициналык борборго жеткирилди. Алибасовдун абалы оор деп бааланууда. Алибасовдун басма сөз катчысы Сергей Моцарь музыкант суу экен деп, адаштырып түтүктү тазалоочу суюктукту ичип алганын билдирди. 71 жаштагы Бари Алибасов Казакстанда төрөлгөн. 1960-жылдардын этегинде Казакстандагы Өзкемен шаарында «Integral» аттуу жаз-рок тобун түзгөн. Ал маалда совет бийлиги рок жанрын жактырчу эмес. Читать дальше...

Айт күнү айылчылайсызбы?

Azattyk.org 

Мусулмандардын орозо айт майрамында "Азаттык" Бишкек шаарынын тургундарынын майрамдык маанайын билүү үчүн микрофон сунду.

Суданда митингде өлгөндөр көбөйдү

Azattyk.org 

Судандын ордо шаары Хартумда 5-июнда күч кызматкерлери демонстранттардын лагерлерин талкалап, кууп таратканда бери дегенде 60 киши мерт болду. Буга чейин Судандын Дарыгерлер комитети 3-июнда күч кызматкерлери демонстранттарга ок атып, кыркка жакын адам өлгөнүн, 300дөн ашык киши жарадар болгонун билдирген эле. Жарадарлардын санын тактоо мүмкүн болбой жатат, себеби Өткөөл аскердик кеңеш өлкөнүн көп жеринде Интернетти өчүрүп салды. Эки ай мурда төңкөрүштөн кийин бийликтин башына келген Өткөөл аскердик... Читать дальше...

Өмүрбекова экспонаттарды уурдоого, уруксатсыз ташууга жол бербөөгө чакырды

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкөдөгү музейлерди өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрүп, 2023-жылга чейинки иш-аракеттерди камтыган долбоор жөнүндө маалымат укту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жыйында музейлерди өнүктүрүү маселеси талкууланып, тиешелүү органдарга айтылгандарды ишке ашыруу боюнча план иштеп чыгуу, мамлекеттик бирдиктүү маалымат базасы катары Музей фондунун каталогун түзүү тапшырылды. Ошондой эле Өмүрбекова экспонаттарды уурдоого, уруксатсыз ташууга жана бузууга жол бербеш керек экенин белгиледи. Читать дальше...

Айт майрамындагы айрым ойлор

Azattyk.org 

Мына ошентип орозо айт да кирип келди. Бардык мусулмандарды орозо айты менен чын дилимден куттуктайм. Ылайым Кудай баарыбызга айт күнүнүн урматына маңыздуу өмүр тартууласын!

Чек ара чырынын түйүнү чечилбей келет

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек арага жана аймактарга байланышкан бир нече маселелерди карады.

Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

Azattyk.org 

7-июндан 9-июнга чейин кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.  Бул Кытай мамлекетиндеги ар кандай фестивалдар менен майрамдарга байланыштуу болуп жатат. Кыргыз-кытай чек арасы 10-июнда жүк ташуучу автоунаалар үчүн ачылат. (TSh)

Айт намазга курал менен кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Azattyk.org 

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери айт намаз окулуучу аянтка травматикалык курал алып кирүүгө аракет кылган эки жаранды кармашты. Учурда шектүүлөр Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Айт намаз учурунда коопсуздук сакташ үчүн милиция кызматкерлери жарандардын ар кандай учтуу темир, курал алып жүрүшүн текшеришкен. Текшерүү учурунда ар кандай учтуу темир жана травматикалык курал табылган. Читать дальше...

Баткен: Айт намазында балдарды ар кандай зордук-зомбулуктан коргоо жөнүндө айтылды

Azattyk.org 

Баткен шаарында Айт намазы муфтияттын чечимине ылайык төрт мечитте окулду. Айт намазынын алдында дин кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү, жардамга муктаж жана жетим балдарды колдоо, аларды ар кандай зордук-зомбулуктан сактоо жөнүндө кеп кылышты. Ислам дининде балдарды колдоо, ар кандай кордуктан жана зордук-зомбулуктан сактоо менен алардын жакшы жагдайда жетилишине шарт түзүү, материалдык жактан колдоо каралганы белгиленди. (JsA)

Ошто үч кыз бычактан жараат алып ооруканага түштү

Azattyk.org 

5-июнь күнү таңга жуук 18, 19 жана 23 жаштагы кыздар бычактан жараат алып ооруканага кайрылышкан. Бул тууралуу Ош облус аралык бириккен ооруканасынын травматолог дарыгери Султан Жусупбеков билдирди. Дарыгердин айтымында, бычак кыздардын экөөнүн жоон санына, бирөөнүн көкүрөк тушуна сайылган. Учурда алардын бирөөнө операция жасалды. Экөө дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Азырынча бул окуя боюнча Ош милициясы маалымат тарата элек.  Буга чейин 30-май күнү Ош шаарынын «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектебинин окуучусу бычакталып каза болгон. Читать дальше...

Андаракта абал турукташты

Azattyk.org 

Баткендин Андарак айылында 4-июнь күнү кечинде абал турукташып, буулган жол ачылды жана кошумча тартылган милиция кызматкерлери чыгарылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан «Азаттыкка» билдиришти. Учурда айылдагы коомдук коопсуздукту аймактагы милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат. 3-июнда Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын айрым тургундары Искра айылында мамлекет балансында турган жерге үй куруп алгандардан турак жайларын бузууну талап кылып, Исфана-Андарак жолун тоскон. Читать дальше...

Президент кыргызстандыктарды орозо айт майрамы менен куттуктады

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков орозо айт майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктады.  "Орозо айт дүйнөдөгү бардык мусулмандардын ыйык майрамы экенин белгилеп, бул күн руханий тазалыкты жана аруу ниетти, мээримдүүлүктү жана соопчулукту даңазалайт", - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.  Президент Жээнбеков өлкөдө түрдүү этностордун, маданияттардын, диндердин өкүлдөрү жашарын, элдин биримдиги менен гана жаркын келечек куруларын белгилеген.  (TSh)

Кубанычбек Кулматовдун жубайы кайрылуу таратты

Azattyk.org 

Коррупцияга айыпталып камакта жаткан Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун аялы Жамиля Турганова кайрылуу таратты. Жамиля Турганова күйөөсү абакта жаткан бир жыл үй-бүлөсү үчүн оор болгонун, бул аралыкта алар мыйзамсыздыкка кабылганын жазган. Ал Кулматовго козголгон кылмыш ишин сот, укук коргоо системасындагы "башаламандыктын белгиси" экенин белгилеген.      Турганова кайрылуусунда Кулматовдун күнөөсү жок экенине жана эртеби-кечпи акыйкаттык орнотуларына ишенери айтылат.  Кубанычбек... Читать дальше...

Электрондук капчык элге сиңе баштады

Azattyk.org 

Кыргызстанда акча жүгүртүүдө электрондук капчык колдонгондордун саны 1,5 миллионго жакындады. Жылдан-жылга өнүгүп жаткан бул кызматтын түрү ыңгайлуу болгондуктан көп адамдарды өзүнө тартып жатат. Бирок дагы эле мүчүлүштүктөрү бар.

Жаш ишкер Билим берүү министрлигине кайрылды

Azattyk.org 

“Перспектив” билим берүү борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов билим Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, бул тармакта реалдуу реформа болбой жатканын сындады. Ал Кыргызстандын Билим берүү министрлиги 24 жылдан бери алты эле мамлекетке бюджеттик негизде окууга жөнөтөрүн белгилеп, Казакстан жыйырмадан ашык чет өлкөгө студенттерин жибергенин мисал кылган.  “Бюджеттик квоталарды көбөйтүү максатында министрликтин эл аралык бөлүмүнүн ыйгарым укуктарын биздин командага берүүңөрдү өтүнөбүз. Читать дальше...

Финчалгын: “Азаттыктын” иликтөөсүндө аты аталгандар Европага да акча которгон

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун иликтөөсүндө аты аталган адамдар Европа өлкөлөрүнө да акча которуп жүрүшкөн. Бул тууралуу Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев өкмөттө өткөн жыйындан кийин билдирди: - Биз 2014-жылы ИИМге жана 2016-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы кызматка 700 миллион долларга байланыштуу фирмалар, адамдар боюнча өз бүтүмүбүздү берген экенбиз. Азыр кайрадан карап жатабыз. Бул жерде Кара-Суу, Дордой базарларындагы акча боюнча болууда. Мындан тышкары ошол эле адамдардын Европага... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *