Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2019

Новости за 10.06.2019

Кочкор: жайлоого бараткан малчылардын бири бороондо каза болду

Azattyk.org 

Нарын облусунун Кочкор районунда ишембиде жайлоого мал айдап бараткан беш киши Чалай кыштоосунда бороондон улам адашып, Көнөк ашуусунда калып калган. Алардын бири сууктан каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.  Маалыматка караганда, бороон-чапкындан ондогон жандык, бир нече бодо мал жардан кулап кеткен. Жекшембиде куткаруучулар жана дарыгерлер жергиликтүү тургундар менен бирге малчыларга барып, алгачкы жардам беришкен.  Боорондо калган кишилердин баары Кочкордун Туз айылынын тургундары. Читать дальше...

Камактагы Салянова кардиологдун жардамына муктаж экенин айтты

Azattyk.org 

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянова кардиологдордун толук текшерүүсүнөн өткөрүүнү суранды. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкери Гүлбарчын Ормонбекова «Азаттыкка» билдирди. Ал тергөө абагына 7-июнда, Салянованын бөгөт чарасы аныкталгандан кийин кирип чыккан.  - «Эч кандай кыйноо, катаал мамиле болгон жок» деп айтты. Бирок ден соолугуна байланыштуу «кардиологдун толук текшерүүсүнө... Читать дальше...

«Ташкент-Балыкчы» багытында поезд каттай баштады

Azattyk.org 

«Ташкент-Балыкчы» каттамы боюнча жүргүнчү поезди өткөн аптадан тартып ишке киришти. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдиргендей, 7-июнда жүргүнчү поезд Ташкенттен «Бишкек -1» станциясына келип, эртеси кайра артка жол тартты.   Ташкенттен поезд жумасына бир жолу, бейшемби күндөрү чыгат. Ал эми Бишкектен Балыкчыга поезд ишемби күнү эртең менен жөнөйт.

Бишкекте жапырт мушташтын катышуучулары изделип жатат

Azattyk.org 

Бишкекте жапырт мушташтын катышуучулары изделип жатканын шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин социалдык тармактарда жапырт мушташ тартылган видео тараган. Окуя 9-июнда баш калаадагы №3 кичирайондогу кафелердин биринин жанындагы автоунаа токтотуучу жайда болгону айтылган.   Бишкек шаардык милициясынын маалыматына караганда, мушташ боюнча эч ким арыз менен кайрыла элек.   Видео боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталганы,  Жазык кодексинин 266-беренеси («​Бейбаштык») менен... Читать дальше...

Молдовадагы кооптондурган кош бийлик

Azattyk.org 

Молдовада 9-июнда Конституциялык сот президент Игорь Додонду кызматынан убактылуу четтетип, анын ордуна буга чейин премьер-министрдин милдетин аткарып келген Павел Филипти утурумдук өлкө башчылыгына дайындады. Филип ушул эле күнү парламентти таркатып, 6-сентябрда шайлоо өтөрүн жарыялады.



Гени өзгөргөн азыктар көбөйдү

Azattyk.org 

Гени өзгөртүлгөн жана химиялык азыктанган мөмө-жемиштер адамдын организмине кандай таасир этет? Алардан кайсы оорулар пайда болушу мүмкүн? Мөмө-жемиштин табигый экенин кантип аныктаса болот?

Алматыда камалган нарындыктардын капасы

Azattyk.org 

Казакстанда аткезчиликке байланыштуу камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган нарындыктар Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакировдун жакындары президентке кайрылышты.

Казакстан: оппозициячы Косанов Токаевди жеңиши менен куттуктады

Azattyk.org 

Казакстанда оппозициячыл талапкер Амиржан Косанов учурдагы президент Касым-Жомарт Токаевди шайлоодо жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Косанов шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө экзит-поллдун жыйынтыгы жарыяланган соң мамлекеттик телеканал аркылуу сүйлөп жатып билдирди. - Шайлоонун жыйынтыгында жеңишке жетишкен президент Касым-Жомарт Токаевди жана анын шайлоо жүрүшүндө айткан бийлик менен коом ортосундагы диалогду калыптандыруу, сын-пикирлерге сабырдуулук менен мамиле кылуу боюнча ойлорун кубаттап, жеңиши менен куттуктайм, - деди Косанов. Читать дальше...

Өкмөт башчы Көчмөндөр оюндары өтүүчү объектилерди оңдоого буйрук берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрө турган уюштуруу комитетинин даярдыгы менен таанышты. - Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүүчү спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар улуттук маданияттын сакталышына жана өнүгүшүнө багытталган. Биз дагы бир жолу дүйнөгө өзүбүздүн маданиятыбыздын байлыгын, жаратылышыбыздын кооздугун көрсөтүшүбүз керек. Бул жолку Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда өткөрүү чечилген, - деди өкмөт башчы.  Оюндар Талас... Читать дальше...

Бишкекте ШКУнун мааниси талкууланат

Azattyk.org 

Бишкекте «Аймактагы коопсуздуктун негизги куралы катары ШКУнун мааниси» деген тегерек стол өтөт. Тегерек стол Бишкекте 14-июнда өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитин утурлай уюштурууда. Иш-чаранын катышуучулары терроризмге каршы бирдиктүү глобалдык фронт түзүүнүн зарылдыгын жана ШКУнун курамындагы мамлекеттердин, ЖККУнун, ЕАЭБдин кызматташтыгындагы негизги багыттарды талкуулап, келерки саммиттин жыйынтыктары тууралуу кеп кылышат. Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов... Читать дальше...

Балыкчыда батут оодарылып, балдар жабыркады

Azattyk.org 

Балыкчы шаарында кечээ 9-июнда катуу шамалдан улам балдар секирип ойноп жаткан батут оодарылып кетти. Окуядан жабыркаган үч жашар кыз реанимацияга түшүп, анын бештеги эжесинин буту сынганы кабарланууда. Ооруканага жалпысынан бул күнү төрт бала келип түшкөн. Буту сынган кыздын абалы туруктуу, ал эми анын сиңдиси дароо реанимацияга жаткырылган. Анын абалы турукташып калган соң аны Бишкекке которуу маселеси да каралууда. Эже-сиңдиден сырткары ооруканага түшкөн дагы эки бала дарыгерлердин кароосунан өткөн соң үйлөрүнө кое берилген. Читать дальше...

Косанов: Казакстанга жаңы бийлик жана жаңы оппозиция керек

Azattyk.org 

Казакстандын президенттигине өз талапкерлигин койгон оппозициячыл саясатчы Амиржан Косанов Казакстанга жаңы бийлик жана жаңы оппозиция керек экенин билдирди:  - Казакстанга жаңы бийлик жана жаңы оппозиция керек. Алар диалог куруш үчүн бир столго отурушу керек. Ошол диалог аркылуу биз жаңы Казакстанды түптөп, адилеттүү, чынчыл Казакстанды калыптандыра алабыз. Түз ободо элге сүйлөп жатып, Амиржан Косанов бирдиктүү оппозициянын атынан чыкпагандыгы үчүн утулуп калганын айтып, ошол эле учурда казак... Читать дальше...

Эки колунан ажыраган аскердин иши Жогорку сотто каралат

Azattyk.org 

Бүгүн, 10-июнда Жогорку сотто аскерде кызмат өтөп жатып токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин иши каралат.  Буга чейин Майлуу-Суу шаарынын соту «Шалакылык» беренеси менен №30295 аскер бөлүгүнүн командиринин техникалык маселелер боюнча орун басары Турсуналиевди жана курулуш маселеси боюнча сержант Баймуратовду күнөөлүү деп таап, аларды үч жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарган. Бирок Жалал-Абад облустук соту Турсуналиевди актаган. Майлуу-Суудагы аталган аскер бөлүгүндө... Читать дальше...

Кыргызстанда «Global Network Summit-2019» иш-чарасы өтүп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда 8-июнда башталган «Global Network Summit-2019» иш-чарасынын катышуучулары өсмө илдетин жеңген балдар менен бирге спорттук оюндарды ойноп, алар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты. Аталган самитти уюштуруп жаткан Кыргызстандагы Борбор Азиялык лидерлик альянсы Сорос фондунун жана АКШдагы Кыргызстандын мурдагы элчиси Кадыр Токтогуловдун жардамы менен 2017-2018 жылдары Онкология борборуна жана Улуттук балдар ооруканасына дары-дармек жана керектүү медициналык жабдыктарды жөнөткөн. Бир... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *