Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2019

Новости за 12.06.2019

Төрага Жумабеков Атамбаевге: Матраимовдор элге кызмат кылган үй-бүлө

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында борбордук трибунадан сөз алып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Ал Матраимовдорду “элге кызмат кылган үй-бүлө” деп атап, алар уюштурган тойго бийлик өкүлдөрү Атамбаевдин тушунда да барып жүргөнүн айтты: - "Төрага баш болуп бүжүңдөп Матраимовдун тоюна барат" дейсиз. Алмазбек Шаршенович, ал той быйыл эле өткөн жок. Ал тойго быйыл эле төрага же депутаттардын тобу барып калган жок. Сиз архивге айланып карап коюңуз... Читать дальше...

Сот Аида Салянованы камакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын доо арызын бүгүн карап, аны камакта калтырды. Муну менен мурдагы инстанциянын чечими өзгөртүлгөн жок. Сот жабык өткөнүн жеринен "Азаттыктын" кабарчысы билдирди. Сотко мурдагы башкы прокурордун 20 чакты жакындары, тарапкерлери келишкен. Анын жакын туугандарынын бири Чынара Турдалиева Салянованы колдоо боюнча кол топтолуп жатканын... Читать дальше...

ШКУнун глобалдык саясаттагы салмагы

Azattyk.org 

Бишкекте өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) жогорку деңгээлдеги жыйынына ондон ашык өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышары айтылууда.

Шаардык сот Салянованын бөгөт чарасын кароого киришти

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту учурда Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын доо арызын карап жатат. Сот жабык өтүп жатканын жеринен "Азаттыктын" кабарчысы билдирди. Сотко мурдагы башкы прокурордун 20 чакты жакындары, тарапкерлери келишкен. Анын жакын туугандарынын бири Чынара Турдалиева Салянованы колдоо боюнча кол топтолуп жатканын, мындан тышкары президентке кайрылуу да жолдоно турганын кабарлады. Читать дальше...

"Ак шумкарлардын" бүйүр кызыткан оюну

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы палестиналык футболчулар менен жолдоштук беттеште күч сынашып, 2:2 эсебинде тең чыкты. Азия Кыргызстанга таандык голду Турсунали Рустамов менен Бекжан Сагынбаев киргизди.

Камактагы экс-мэрлер сотко нааразы

Azattyk.org 

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун адвокаты экс-мэрлердин соттук териштирүүсүндө мыйзам одоно бузулуп жатканын айтып чыкты.

Карамушкина: Атамбаевди "саткандар" элдин, мыйзамдын алдында жооп берет

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бир кездеги  үзөңгүлөштөрү бүгүн аны "сатып жатат" деп эсептейт.  Мындай пикирин Карамушкина бүгүн парламенттин жалпы жыйынында билдирди: - Саткындар, силер көбүңөр анын досу эмес белеңер?! Силер элдин жана мыйзамдын алдында жооп бересиңер. Соттордун, УКМКнын, прокуратуранын ишинде мыйзам бузуулар мурдагыдан да көбөйдү. Атамбаевден мыкты болуп алгыла! Эмне эле ага жармашып жатасыңар? Асылбек Жээнбеков төрага, Сооронбай... Читать дальше...

ШКУ саммитине катыша турган өлкөлөрдүн лидерлери келе баштады

Azattyk.org 

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катыша турган өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга келе баштады. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга саммитттин алкагында Бишкекке расмий сапар менен келди.    Сапардын жүрүшүндө Баттулга президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Ада эки тараптуу бир топ документтерге кол коюлмакчы.  Ошондой эле анын Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусу белгиленген. Читать дальше...



Мамытов: Атамбаевге баабызды берип, тиешелүү органдарга өткөрөлү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов парламент бир күч болуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иштерин тизмектеп, тиешелүү органдарга өткөрүп бериши керек деп эсептейт. Мындай оюн ал бүгүн жалпы жыйында сүйлөп жатып айтты. - Атамбаевдин бардык жасаган иштерине баа берип, укук нормаларын сактап, принципиалдуу позицияны карманып, Атамбаевдин аракеттерине баа беришибиз керек. Бул үчүн баарыбыз биригип, Атамбаевдин бардык иштерине баа берип, тизмектеп тизип, тиешелүү органдарга өткөрүп берүү зарыл. Читать дальше...

Исаев: Батукаевдин артында Атамбаев турары мен үчүн белгилүү болгон

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси болгон деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып айтты. - Батукаев боюнча комиссияда мен да мүчө болгом. Комиссиянын жыйынына УКМКнын ошол кездеги башчысы Болот Жунусовду чакырып, мен бир нече ыңгайсыз суроолорду бергем. Жунусов чуркап Атамбаевге барган экен, Атамбаев мени чакырып алып, экөөбүз өйдө-ылдый болгонбуз. Ошондо менин бардык күмөнүм тараган. Читать дальше...

Тракторлор "Жиптен" кем калбайт

Azattyk.org 

Орусияда тракторлордун жарышы өттү. «Бизон-Трек-Шоу» деп аталган бул турнир Ростов шаарында болду. Талаада иштеп жүргөн кадимки эле тракторлордун жарышына жалгыз аял да катышкан.

Исаев: Атамбаев боюнча демилгени өз колубузга алалы

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө парламент баа бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 12-июнда жалпы жыйында сүйлөп жатып айтты: - Башкы прокуратура, Финпол, Ички иштер министрлиги тиешелүү иш алып барбай жатса, Жогорку Кеңеш демилгени өз колуна алып, мурунку президент Атамбаевге тиешелүү баа бериши керек. Исаев Атамбаевдин 8-июнда өткөн митингде сүйлөгөн сөздөрү боюнча өз пикирин айтып, кескин сынга алды. Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Читать дальше...

Мусаев: Саляновага камакта басым болушу - чындыкка жакын

Azattyk.org 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ишенбек Мусаев камакта отурган экс баш прокурор Аида Саляновага кылмышкерлер аркылуу басым болушу толук мүмкүн деп эсептейт. Мындай пикирин “Азаттык” радиосуна курган маегинде айтып, саясатчыларга байланыштуу иштерде ушундай тажрыйба мурдатан болуп келгенин билдирди. Басым жасоого буйрукту бийлик берерин белгилеген Мусаев буга конкреттүү мисалдарды айткан жок. Ал Аида Салянова адвокаты аркылуу абактын жетекчилигине арыз жазышы керектигин... Читать дальше...

Сулайманов: Атамбаев экс-президент статусун көтөрө албай жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу Атамбаев экс-президент статусун көтөрө албай жатканын жазды. - Эки жүздүү Атамбаев экс-президент статусун көтөрө албай жатат. Экс-президент Алмаз Атамбаевдин 8-июнда сүйлөгөн сөзүн уктум. Ал кишинин өлкөдөгү коррупция, терс мааниде сүйлөгөнгө моралдык укугу жок. Алмаз Атамбаев сот системасына, укук коргоо органдарынын иштегенине нааразы болсо, өлкөдөгү кемчиликтерди белгилеп жатса... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *