Жээнбеков: Кыргызстан Кытайды эң башкы өнөктөштөрдүн бири деп эсептейт
Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң менен жолугушууда Кыргызстан көп багыттуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Жээнбеков артыкчылыктуу багыттар катары транспорт, инфраструктура, айыл чарба тармактарын атады. Кыргыз президенти расмий Бишкек Кытай менен буга чейин түзүлгөн келишимдерди аткара турганын билдирди. Ал эки өлкө ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырыш үчүн өкмөт аралык жумушчу топ түзүүнү сунуш кылды. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң Кыргызстанга 13-июнда мамлекеттик сапар менен келген.