Депутаттык мөөнөттү экиден ашырбайлы
Депутаттыкты ар кандай жолдор менен көп жылдар бою кесип кылып алгандар жана супарасы курук болгону үчүн багы ачылбаган татыктуулар тууралуу эки ооз сөз.
Депутаттыкты ар кандай жолдор менен көп жылдар бою кесип кылып алгандар жана супарасы курук болгону үчүн багы ачылбаган татыктуулар тууралуу эки ооз сөз.
Жарандык активист Адил Турдукулов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу жарандык активист «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Сегизбаев 2016-жылы «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы каралаган «Белизгейт» чатагы боюнча жалган документтерди жарыялаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. - Абдил Сегизбаев өзү «Белизден атайын документтер келди» деп айтып келген. Бирок бул туура эмес, жалган болуп чыкты. Читать дальше...
«Apple», «Google» жана «Mozilla» интернет-компаниялары Казакстандагы талаштуу компьютердик программага бөгөт коюуну чечишти. Казак өкмөтү сунуш кылган «Qaznet» аттуу тиркемеге каршы «техникалык чаралар» көрүлүп жатканын бул үч компания 21-августа билдирди. Эми жогорудагы Интернет дөө-шааларына таандык «Chrome», «Firefox» жана «Safari» браузерлери «Qaznet» программасына бөгөт кое алат. Июль айынан бери Казакстандагы телекоммуникация операторлору колдонуучулардан Интернетке туташуу үчүн телефондоруна... Читать дальше...
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында төрт палубалуу кемеде өрт чыгып, андан бир киши каза тапты. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү билдиришкендей, Нева дарыясында сүзүп бараткан «Петр Чайковский» кемесинде өрт жергиликтүү убакыт боюнча таңкы 5:30дар чамасында чыккан. Борттогу 300дөн ашуун адам кемеден түшүрүлгөн. Каза тапкан кишинин сөөгү кеменин өрт чыккан мотор бөлүгүнөн табылган. Азырынча ал экипаждын мүчөсү же жүргүнчү экени белгисиз. Тилсиз жоо бир сааттын ичинде өчүрүлгөн. Читать дальше...
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху максатына каршы Либерман менен Ганц добуштарын кошууга макулдашышты.
“Азаттыктын” “Эки бир” маегинин кезектеги коногу Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Карамат Орозова болду. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын күңгөй-тескейи, учурдагы саясий абал жана Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын келечеги тууралуу суроолорго жооп берди.
«Оскар» сыйлыгына кыргыз кинотасмаларынын ичинен талапкерлерди аныктоо сынагы жүрүп жатат. Ага 2018-жылдын 1-октябрынан 2019-жылдын 30-сентябрына чейин жүгүртүүгө чыккан фильмдер катыша алат.
Мурдагы башкы прокурор, Президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Индира Жолдубаева Батукаев иши боюнча кылмышка шектүү катары өтүп, ага карата сотко чейинки өндүрүш ачылды.
Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага иш козголуп, үй камагына алынды.
Ирандын Руханий лидери Аятолла Хаменеи өлкөнүн экономикалык, саясий жана аскердик мүмкүнчүлүктөрү жогорулап жатканын белгиледи.
Кыргызстандын премьер-лигасында ойногон «Академия-Лидер» футбол командасы бүгүн, 22-августта Бишкек-Ош жолунда кырсыкка кабылып, бир оюнчу мерт болду. Маалыматты Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова тастыктады. Федерациядан алынган маалыматка караганда, футболчулар бара жаткан автобус жеңил автоунаа менен кагылышкан. Кырсыктан команданын 22 жаштагы оюнчусу каза тапкан. Бир футболчу ооруканага жаткырылган. Автобуста 14 оюнчу, машыктыруучу жана команданын администратору болгону айтылууда. Читать дальше...
Нарындагы Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айында жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Калыс Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, бүгүн таңга маал «Volkswagen Vento» үлгүсүндөгү автоунаа турак үйдүн короосун сүзүп токтогон. Андан машинедеги үч киши каза болуп, экөө жараат алды. Алар да автоунаанын жүргүнчүлөрү болгон. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. (BkA) Дагы караңыз: Абжалиевдин баласы катышкан... Читать дальше...
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыкканына байланыштуу мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча 20-августта иш козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Жолдубаеванын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылды. Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова... Читать дальше...
Мектепке электрондук кезек менен кабыл алуу системасы 2020-жылдан баштап Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларында ишке кирет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, бул система аталган шаарларда кийинки жылдын февраль айынан тартып ишке кирген жатат. Буга чейин мектепке жана бала бакчага электрондук кезек менен кабыл алуу Бишкек шаарында иштеп жаткан. Быйыл жыл башынан тартып баш калаада 15700дөн ашык кайрылуу түшүп, анын 91 пайызы мектепке кабыл алынган. Читать дальше...
Украинанын Одесса шаарында мыйзамсыз кылмыштуу топтун мүчөсү катары шек саналган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Украинанын Чек ара кызматынын расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, 20-августта Түркиядан учак менен 24 жаштагы кыргыз жараны Одессага учуп келген. Аэропортто текшерүү учурунда анын куралдуу кылмыштуу топтун мүчөсү катары Интерполдун тизмесине киргени аныкталган. Кылмышка шектүү эки жылдан бери Кыргызстанда издөөдө жүргөн. Учурда кармалган келин Украинанын полициясына өткөрүлүп берилди. Читать дальше...
Иликтөөлөрдүн натыйжасында Кытайдын аскердик мүмкүнчүлүктөрү АКШны Индо-Тынч океан аймагында багынтууга кудуреттүү экени аныкталды.
Кыргызстанда буга чейин чуу жараткан мамлекеттик “КТ Мобайл” уюлдук компаниясы ишин баштады.
Кыргыз өкмөтү «Социалдык өнөктөштүк жана аймактарды өнүктүрүү» деп аталган жаңы коомдук фонд түздү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Өкмөттөн алынган маалыматка ылайык, бул фондго Кумтөр кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы менен түзүлгөн стратегиялык келишим боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төлөнчү каражат которулат. Өкмөт жүргүзгөн сүйлөшүүлөргө ылайык «Центерра Голд» фондго 10 миллион доллар жана жылдык кирешесинин 0,4 пайызын жыл сайын которуп турууга макул болгон. Читать дальше...
Бишкектеги Интергелпо көчөсүндөгү кампада өрт чыккандан кийин эки киши ооруканага түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Андан алынгн маалыматка ылайык, 21-август күнү болуп өткөн өрттүн кесепетинен 30 жана 31 жаштагы эки адам түтүнгө ууланган. Учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы жакшы болуп калды. 21-августта мурдагы Фрунзе атындагы заводдун аймагындагы кампалардын биринен өрт чыккан. Жалпы аянты 3200 чарчы метрди түзгөн бул кампада «Строй Снаб», «Ди Кей... Читать дальше...
Франциянын президенти Эммануэл Макрон экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн саммитинин алдында, Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалууну басаңдатуу максатында Ирандын расмий өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу "Reuters" жазды. Европанын Францияны кошкондо үч державасы - Иран менен 2015-жылы түзүлгөн эл аралык келишимди сактап калууну көздөп жатышат. Вашингтон - Тегеран менен 2015-жылы түзүлгөн эл аралык көп тараптуу ядролук келишимден чыгып кеткен. Ошондон бери Тегеран менен Вашингтондун алакасы чыңалган абалда турат. Читать дальше...
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүлдү.
Германия өкмөтү Франция жана АКШ президенттеринин 2020-жылы өтө турган “Чоң жетинин” саммитине Орусияны чакыруу сунушуна макул эмес. Өкмөттүн расмий өкүлү Штеффан Зайберттин айтымында, бул үчүн Москва Укрианага карата өзүнүн позициясын өзгөртүүгө даяр экенин көрсөтүүсү зарыл. Ушундан кийин гана Орусияны “Чоң жетиликке” чакыруу маселеси талкууланат. Бул тууралуу Германиянын маалымат агенттиги (DPA) кабарлады. Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Орусия “Чоң сегизге” кайтуу үчүн шарттарды толук аткара электигин кошумчалады. Читать дальше...
Өкмөт бала бакча тартыштыгына байланыштуу мамлекеттик социалдык буйрутма программасын ишке киргизет. Ага ылайык мамлекет жеке бала бакчалардын кызмат акысынын жарымын жабууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Мамлекеттик колдоо көп балалуу (беш жана андан ашык) жана социалдык жактан аялуу жана багуучусун жоготкон үй-бүлөлөр, айлык акысы 10-12 миң сомдон төмөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге көрсөтүлөт. Ата-энелердин биринин I же II топтогу майыптыгы болсо... Читать дальше...
Ооганстанда АКШнын эки жоокери аскердик операция маалында каза тапты. Бул тууралуу НАТОнун Ооганстандагы миссиясы 21-августта билдирди. Бирок аскерлердин аты-жөнү, кандай шартта мерт болгону тууралуу маалымат бериле элек. Аскерлердин өлүмү Вашингтон менен «Талибан» кыймылы Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу тууралуу макулдашуу жүрүп жаткан маалга туш келди. НАТОнун АКШ баштаган коалициясынын аскерлери 2014-жылы Ооганстандан чыгып кеткен. Учурда 14 миңдей аскер... Читать дальше...
Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон Лондон менен Брюссел дале болсо Евробиримдиктен чыгуунун шарттары боюнча келишимге жетишүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт. Бул тууралуу британ премьер-министри Берлинде Германиянын канцлери Ангела Меркел менен биргелешкен маалымат жыйында билдирди. Меркел Британия жана Европа Биримдиги 30 күн ичинде маселени чечүүнүн жолдорун таба алат деген ишеничин айтты. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Британиянын биримдиктен чыгуу шарттарын кайра карап чыгуу мүмкүн... Читать дальше...