Текебаев күнөөсүз экенин далилдей турганын айтты
“Ата Мекен” партиясынын абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку соттун ишти кайра тергөөгө жөнөткөн чечими боюнча оюн билдирди. Ал өзүнүн актыгын далилдей турганын Жогорку Кеңештин депутаттары, жактоочулары жана партия мүчөлөрү менен сүйлөшкөн учурда билдирген. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди. - Депутаттар, адвокаттар барып жолуктук. Маанайы жакшы. Мыйзам боюнча ушундай болуш керек эле, кеч болсо да адилеттик орнойт деген ушул. Читать дальше...