Нур-Султанда турак жайга муктаж аялдар дагы митингге чыгышты
Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда бүгүн, 19-сентябрда көп балалуу, жалгыз бой, чүрпөсү оорукчан ондогон аял нааразылык акциясына чыкты. Алар президенттик администрациянын алдына чогулуп, бийликтен турак жай маселесин чечип берүүнү, социалдык колдоону жакшыртууну талап кылышты. Ошондой эле президент Касым-Жомарт Токаев менен бийликтеги «Нур Отан» партиясынын жетекчилиги менен жолуккусу келерин айтып, «Елбасы!», «Токаев!» жана «Байбек!» деп кыйкырып турушту. Касым-Жомарт Токаев ушул айдын башында парламентте элге кайрылып жатып... Читать дальше...