Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2019

Новости за 19.09.2019

Саудия чабуул койгон дрондорду көрсөттү

Azattyk.org 

Сауд Арабиясы анын эки мунай заводуна жасалган чабуулду Иран каржылаган деп эсептейт. Коргоо министрлиги мунай кендерине жасалган чабуулда колдонулган деген дрондорду биринчи жолу көргөздү.

Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда. Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкону, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка өлкөнүн эгемендик күнүнө карата 29-августта кол коюлган. Ага ылайык, мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго “Ак-Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын... Читать дальше...

Парламент чек ара маселесин карап жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, андан кийинки эки тараптуу сүйлөшүүлөр боюнча өкмөттүн маалыматын угууда. Жыйынга журналисттер киргизилген жок.

Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова беттешке чыгат

Azattyk.org 

Бүгүн, күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын 6-күнүндө кыз-келиндер күрөшүнөн кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова килемге чыгат. Ал 62 килограммга чейинки салмакта күрөшөт.  Тыныбекова, мелдешти 1/16 финалдан баштап, алгачкы беттешинде мексикалык Александра Ромеро Баннила менен күч сынашат.  Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча мелдешке Кыргызстандан 4 балбан кыз катышууда. 18-сентябрда Айпери Медет кызы менен Нураида Анаркулова килемге чыгып, мелдешти байгесиз жыйынтыкташты. Читать дальше...

Мадумаров: Тажикстан чек ара аймагындагы баштаган курулушун кайра бузат (видео)

Azattyk.org 

Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен, тактала элек аймакка баштаган курулушун токтотуп, бузмай болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, тажик тарап сүйлөшүүгө ылайык жакынкы 20 сааттын ичинде баштаган курулуштарын кайра бузушу керек.   16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп... Читать дальше...

Парламент чек ара маселесин жабык талкуулап жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, андан кийинки эки тараптуу сүйлөшүүлөр боюнча өкмөттүн маалыматын жабык талкууламай болду. Төрөганын мындай сунушун депутаттардын көпчүлүгү колдоду. Парламентке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотконун жарыялады. Эки тарап сүйлөшүүнүн жыйынтыгы... Читать дальше...



Казакстан: Токаев үчүнчү ирет аппарат башчысын алмаштырды

Azattyk.org 

Токаевдин жарлыгына ылайык, президенттик аппаратынын жетекчиси болуп Ерлан Кошанов дайындалды. Кошанов буга чейин Караганда облусунун губернатору болуп келген. Ал эми Токаевдин аппаратын эки ай мурун гана жетектей баштаган Крымбек Кушербаев Мамлекеттик катчылыкты аркалайт. Ошондой эле мурдагы тышкы иштер министри Бейбит Атамкулов индустрия жана инфраструктура министрлигине дайындалса, өлкөнүн башкы дипломаттыгын эми Мухтар Тлеуберди аткарат. Казакстандын бир нече өлкөдө элчиси болгон Тлеуберди... Читать дальше...

Орусия: мурдагы губернатор Белыхтын айрым мүлктөрү сатыкка чыгарылды

Azattyk.org 

Орусияда Киров облусунун азыр камакта жаткан мурдагы губернатору Никита Белыхка таандык айрым мүлктөр сатыкка чыгарылды. Бул тууралуу “Интерфакс” маалымат агенттиги соттук приставдардын федералдык кызматына шилтеме берип жазып чыкты. Сатыкка мурдагы губернаторга таандык 2011-жылкы өндүрүштөгү "Nissan Patrol" үлгүсүндөгү автоунаасы, "Blancpain Aqua Lung" үлгүсүндөгү кол сааты жана 1779-жылы чыгарылган пластырь коюлган. Пластырдын баасы 2000 рубль болсо, саат 552 миң, ал эми автоунаа 900 миң рублга бааланган. Читать дальше...

Орусиялык жарандарды тоногон шектүүлөр кармалды

Azattyk.org 

Чүй облусунун аймагында УКМКнын кызматкери деп тааныштырып, Орусиянын жарандарын тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 17-сентябрда Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын тушунан орус жарандарынын автоунаасын белгисиз адамдар токтоткон. Алар өздөрүн УКМКнын кызматкерибиз деп тааныштырып, документтерин жана сумкасын көрсөтүүнү талап кылган. Документти текшерүү маалында алар орус жарандарынын сумкасындагы 10 миң рублди алып, из жашырган. Бул факт... Читать дальше...

Кой-Таш окуясы боюнча комиссияга Сегизбаев менен Кодуранова чакырылды

Azattyk.org 

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны өтөт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев чакырылды. Буга чейин комиссия мүчөлөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында көчмө жыйын өткөрүшкөн. Анда УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүнө документтер топтомун, анын... Читать дальше...

Мадумаров Айбалаевди дебатка чакырды

Azattyk.org 

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаевди жана бийлик өкүлдөрүн теледебатка чакырды. Бул тууралуу Мадумаров «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө билдирди. Анын айтымында, 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган учурда кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протоколго туура кол коюлган. Мадумаров бул протоколдун уландысы катары 2009-жылы декабрда кол коюлган документти ачыкка чыгарууга чакырды. Ал эми телекөрсөтүүгө... Читать дальше...

Чек арадагы абал боюнча өкмөт парламентке маалымат берет

Azattyk.org 

18-сентябрда депутаттар Жогорку Кеңешке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырып, чек арадагы кырдаал боюнча маалымат алышмак. Бирок кыргыз-тажик өкмөттөрү чек ара маселесине байланыштуу сүйлөшүүлөрдү аяктай электигине байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган болчу. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотконун жарыялады.  16-сентябрда кечке маал... Читать дальше...

Кумтөр кениндеги калдык сактоочу жайда 100 тоннадай алтын бар

Azattyk.org 

Бул тууралуу «Кумтөр Голд» компаниясынын өндүрүштүк директору Болот Идрисов билдирди. Анын айтымында, кендеги алтын иштетүүдө 20 пайызга жакын алтын калдык сактоочу жайга топтолот. Идрисов аталган алтынды жууп алыш үчүн башка жабдыктар керек экенин белгиледи. - Учурда калдык сактоочу жайдагы алтынды кандай ыкма менен алууга болот, кандай жолдору бар деп иликтеп жатабыз, - деди Болот Идрисов. 17-сентябрда, Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Кумтөр кенине барып, кен казылуучу жер аянттарынын абалы... Читать дальше...

Пакистан журналисттер үчүн атайын сотторду түзгөнү жатат

Azattyk.org 

Пакистандагы маалымат каражаттары, укук коргоочулар жана оппозициячыл саясатчылар өлкөдөгү журналисттерге байланыштуу иштердерди кароочу атайын трибунал түзүү боюнча өкмөттүн планын кескин айыпташууда. Алар мындай аракетти сөз эркиндигин кысымга алуучу кадам катары кабыл алышууда.  Пакистандагы гезиттер коому, 18-сентябрда мындай чечим кабыл алынса өлкөдөгү маалымат каражаттар үчүн «кара күн болот» деп жарыяласа, Адам укугу боюнча комиссия өкмөттү сөз эркиндигине басым кылууну токтотууга чакырды. Читать дальше...

АКШ Иранга карата санкцияларды күчөтөт

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Иранга карата санкциялар күчөтүлөрүн жарыялады. Ал тиешелүү буйрукту өлкөнүн Финансы министрлигине берген. Тегеранга карата мындай чара Сауд Аравиясындагы мамлекеттик мунай кендерине дрондон чабуул жасалгандан кийин кабыл алынууда. 14-сентябрда, Сауд Арабиясындагы «Aramco» мамлекеттик компаниясына таандык эки ири мунай кенине дрондон чабуул жасалган. Бул үчүн жоопкерчиликти йемендик хусит козголоңчулары алган болчу. Бирок Кошмо штаттар чабуулдарды козголоңчулар өздөрү уюштурганына ишенбей... Читать дальше...

Шаардык сот Зилалиевди 9-декабрга чейин камакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди ушул жылдын 9-декабрына чейин камакта кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайкүл Токтакунова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Зилалиевдин адвокаттары мурдагы вице-премьерге карата бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арыз менен кайрылган. Шаардык сот арызды канааттандырган жок. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге, 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурунда... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *