HRW Бакуну митинг учурунда камакка алынгандарды бошотууга чакырды
Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму Азербайжандагы соңку митингдер жана анда камакка алынган жарандарга байланыштуу билдирүү таратты. Анда азери бийлигин бул жарандарды коё берүүгө, тартип коргоочулар ыдык көрсөткөн фактыларды текшерип-иликтөөгө чакырды. Уюмдун 22-октябрдагы билдирүүсүндө белгиленгендей, полициячылар тынч митингге чыккан ондогон оппозиция өкүлүн жана активисттерди курчап алып, ур-токмокко алышкан жана автобус, машинелерге күчтөп салып кетишкен. "Дагы бир жолу Азербайжан... Читать дальше...