Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2019

Новости за 22.10.2019

Арстанбап: жергиликтүү эл жаңгак терүүгө тыюу салынышына нааразы

Azattyk.org 

Базар-Коргон районунун Арстанбап аймагындагы Дашман коругунун кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар ортосунда түшүнбөстүк жаралды. Бул тууралуу аталган коруктун директору Кочкорбай Калдарбаев билдирди. Маалыматка ылайык, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Мирслав Аманкуловдун 25-сентябрындагы буйругунун негизинде коруктардагы мыйзамсыз жаңгак терүү аракеттерин токтотуу талабы коюлган. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар токойчулардын талабын аткаруудан баш тартууда. Читать дальше...

Ысык-Көл: быйыл төрөт маалында эки эне каза болду

Azattyk.org 

Быйылкы жылдын тогуз айында Ысык-Көл облусунун аймагында төрөт маалында эки эненин өлүмү катталды. Бул тууралуу тогуз айдагы абалга сереп салган облустук коллегиянын жыйынында айтылды. Андагы маалыматка ылайык, демографиялык абал балдардын төрөлүшүнүн азайышы, жалпы өлүмдүн, анын ичинен бир жашка чейинки балдардын өлүмүнүн өсүшү мененен мүнөздөлгөнү айтылды. 2019-жылдын 9 айында 7976 ымыркай төрөлгөн. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 493 ымыркайга аз.  Ал эми 132 ымыркай бала... Читать дальше...

Арстан Алайдын тарапкерлеринин соту жылдырылды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Арстанбек Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин онго жакын тарапкеринин арызын кароону белгисиз мөөнөткө жылдырды. Бул тууралуу жарандык активист Рита Карасартова “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, бүгүн аталган сотто Арстан Алайдын тарапкерлеринин арызы каралмак. Аларга буга чейин тынч жыйын өткөрүү тартибин бузду деп 3 миң сомдон айып пул салынган. Мындай жазага нааразы болгон Алайдын тарапкерлери арыз менен сотко кайрылган. Карасартованын айтымында... Читать дальше...

АКШ Ооганстандагы вазийпасын улантат

Azattyk.org 

Пентагондун башчысы АКШнын Ооганстандагы вазийпасы “узак мөөнөттүү” болоруна ишендирди. Марк Эспер мындай билдирүүнү америкалык аскерлер Сириядан чыгарылып, ооган жергесиндеги контингент да чегинбейби деген тынчсыздануу күчөп турган кезде жасады.

Арстанбек Алайга кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги Арстанбек Алай деген ат менен белгилүү коомдук ишмер жана ишкер Арстанбек Абдылдаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты козутуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Эспер АКШнын Ооганстандагы вазийпасы “узак мөөнөттүү” болорун айтты

Azattyk.org 

Пентагондун башчысы АКШнын Ооганстандагы вазийпасы “узак мөөнөттүү” болоруна ишендирди. Марк Эспер мындай билдирүүнү америкалык аскерлер Сириядан чыгарылып, ооган жергесиндеги контингент да чегинбейби деген тынчсыздануу күчөп турган кезде жасады.  АКШнын Коргоо министрлигинин башына ушул жайда келген Эспер 21-октябрда Кабулдагы НАТО күчтөрүнүн миссиясынын баш кеңсесинде болду. Министр Ооганстандагы “Ал-Каидадан” башталган коркунучту бүгүн Кошмо Штаттарга “Талибан” жана “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму жаратып жатканын белгиледи. Читать дальше...

Өзбекстанда мыйзамсыз декретке чыккандар аныкталды

Azattyk.org 

Өзбекстандын бюджеттик мекемелеринде соңку эки жарым жыл аралыгында 3,1 млрд. сум же 330 миң доллар декреттик өргүү үчүн жөлөк пул катары мыйзамсыз төлөнүп берилген. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасына таандык «Укук» гезити жазып чыкты. Маалыматка караганда, айрым бюджеттик мекемелердин кызматкерлери жалган документ менен декреттик төлөм алып турушкан. Иликтөө иштеринен кийин 61 кызматкер тартип жазасына тартылды, 141 адамга административдик жана эки кишиге кылмыш жоопкерчилиги каралды. Читать дальше...

"Фактчек" Памирбек Асанов кызматынан кетиши керектигин жазды

Azattyk.org 

Журналисттик иликтөө жана маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоо менен алектенген ​factcheck.kg сайты ички иштер министринин орунбасары Памирбек Асанов жаш курагына байланыштуу кызматынан кетиши керектигин жазды. Ал 16-октябрда 55 жашка толду.  Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, милициянын полковниги Памирбек Асанов 1964-жылы төрөлгөн. "Ички иштер органдары жөнүндө" мыйзамга ылайык, жетекчилик орунда иштеген, орто жана улук наамдары бар кызматкер 55 жашында иштен бошошу керек. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *