Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 14.07.2020

Багбандын тилеги, госпиталдагы таштанды

Azattyk.org 

"Азаттык" аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат. Кыргызстанда бир суткада эки мектеп директору каза болду. Бишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору Элнура Музаева 14-июлга караган түнү 54 жашында ооруканада көз жумду. Маалыматка караганда, 12-июлда Музаеванын күйөөсү Уранбек Кубатбеков өпкөсү сезгенип, мурдагы “Ганси” базасындагы стационарда каза болгон. Музаева ошондон кийин өзү инсульт болуп, шейшембиге караган түнү реанимациядан үзүлгөн. Читать дальше...

Ак халатчан ыктыярчы кыз көз жумду

Azattyk.org 

Бишкекте күндүзгү стационарда иштеген Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын студенти пневмониядан каза болду. Жакындары ыктыярчы “кызыл зонада” иштегенине 11 күн болгонун айтышты. Соцтармактарда ыктыярчылардын оор шарттарда иштеп жатканын белгилеген видео кайрылуулар тарап, алардын коопсуздугуна байланыштуу маселе көтөрүлө баштады. 14-июлда президент Сооронбай Жээнбеков дарыгерлерге жардам берген ыктыярчылардын мээнетин белгилеп, алардын эмгеги баа жеткис экенин айтты.

Беларус: БШК Бабарикону президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты

Azattyk.org 

Беларустун президенти Александр Лукашенконун алдыдагы шайлоодо башкы атаандашы болору айтылып жаткан Виктор Бабарикону Боршайком талапкер катары каттоодон баш тартты. Мекеме 14-июлда билдиргендей, президенттикке ат салышуу үчүн беш талапкер каттоодон өттү. Алардын арасында өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан 65 жаштагы Александр Лукашенко да бар. БШК мурдагы банк кызматкери, учурда камакта жаткан Виктор Бабариконун мүлк тууралуу декларациясында алешимдиктер бар экенин жана анын шайлоо кампаниясында чет элдик ишкана катышканын айтып... Читать дальше...

Түркмөнстанда поезд каттамдары убактылуу токтотулду

Azattyk.org 

Коронавирус расмий каттала элек Түркмөнстанда 23-июлга чейин поезд каттамдары токтотулду. Анын себебин "Түркмөн темир жолдору" ишканасы түшүндүргөн жок. Бир күн мурда бийлик жарандарды көчөгө чыкканда «өпкөгө чаң киргизип албаш үчүн» беткап тагынып жүрүүгө чакырган. Бийлик коронавирус жуктургандар жок экенин билдиргени менен, «Азаттыктын» түркмөн кызматы ооруканалар өпкөсү кагынгандарга толуп калганын, алардын ичинен көз жумгандары көп экенин кабарлап келет. Ошондой эле өлкөнүн айрым аймактарында бейрасмий карантин жарыяланып... Читать дальше...



Си Цзинпинди сындаган профессор иштен алынды

Azattyk.org 

Бээжиндеги Цинхуа университетинде укук боюнча сабак берген Сюй Чжанжун Кытай лидери Си Цзинпинди жана бийликтеги Коммунисттик партияны ачык сындаганы үчүн иштен алынды. Буга чейин ал бир жума абакта отуруп чыккан. Профессорду июлдун башында полиция кармап кетип, алты күндөн кийин, 12-июлда гана үйүнө кайткан. Ал досторунун бирине жиберген смс катта иштен чыгып калганын жазган. Бул тууралуу Сюйдун досу, журналист Гао Юй билдирди. Университет бул боюнча комментарий бере элек. Сюй жыл башында чет... Читать дальше...

Чек ара кызматынын курал-жарак башкармалыгынын башчысы пневмониядан каза тапты

Azattyk.org 

Мамлекеттик чек ара кызматынын курал-жарак башкармалыгынын башчысы, 44 жаштагы Көкчө Жакыпбеков эки тараптуу пневмониядан каза болду. Бул маалыматты Чек ара кызматынын маалымат катчысы Сажира Чоколоева “Азаттыкка” ырастады. Анын айтуусунда, маркум саламаттыгы начарлап, аскер госпиталында дарыланып жаткан. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда март айынан бери пневмониядан 497 адам көз жумду. Акыркы суткада 45 адам өпкөсү кагынып, дүйнөдөн кайтты. Адистер азыр өпкөсүнөн кагынып (пневмония)... Читать дальше...

Хабаровскиде губернатордун камалышына каршы акциялар уланды

Azattyk.org 

Орусиянын Хабаровск шаарында аймактын губернатору Сергей Фургалдын камалышы боюнча акциялар бешинчи күн уланды. Алар губернатордун бошотулушун талап кылып, «Фургалга эркиндик» жана «Бизге башка губернатордун кереги жок» деген ураандарды чакырып жатышты. Ар кандай эсептер боюнча акцияларга 500дөн миңге чейин адам катышууда. Демонстранттардын айрымдары “Путин - ууру” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп алышкан. Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын штабы аларды чагымчылдар деп эсептерин билдирди. Читать дальше...

Боронов коронавирус менен пневмонияны эки башка эсептөөнүн себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү пневмония менен коронавирустан каза болгондорду эмнеге экиге бөлүп эсептеп жатканын түшүндүрдү. 14-июлдагы онлайн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү саламаттык сактоо системасындагы адистер менен кеңешип ушундай чечим кабыл алынганын маалымдады. “Бул маселени Саламаттык сактоо министрлигинин алдына койдук. Алардын айтымында дүйнө жүзүндө ушундай статистика жүргүзүлөт экен. Кайсы бир убакта балким, чогултууга туура келет. Азыр аны бөлүп саноонун эч кандай оорчулугу жок”. Читать дальше...

Президент студент Адинай Мырзабекованын жакындарына көңүл айтты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мырзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады. Мамлекет башчы учурдагы оор кырдаалда кадрлардын жетишсиздиги ыктыярчыларды, алардын ичинде медициналык факультеттердин жогорку курстарынын студенттерин ишке тартууга мажбур кылганын белгиледи. “Жаштыгына карабай, бүгүнкү... Читать дальше...

COVID-19: Чүйдө бейтаптарга үймө-үй кыдырып кеңеш берилет

Azattyk.org 

Чүйдө коронавирусту жана пневмонияны алдын алуу максатында үймө-үй кыдыруу уюштурулат. Бул тууралуу 14-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Штабдын маалыматына караганда, облус жетекчиси Алтынбек Намазалиев чыгарган буйрукка ылайык, кыдыруу учурунда ооруп жаткандар аныкталып, аларга кеп-кеңеш берилет: “Анализ жүргүзүлүп, коронавируска жана пневмонияга чалдыккандардын көбү ооруканага абалы оорлоп кеткенде гана барып жатканы аныкталды. Көбү үйдө жатып өз алдынча дарыланып... Читать дальше...

Бишкекке Екатеринбургдан дарыгерлер келишти

Azattyk.org 

Орусиянын Екатеринбург шаарынан ал жакта иштеп, жашап жүргөн кыргызстандык 2 дарыгер, 2 фельдшер жана медайым коронавирус инфекциясы жана өпкө сезгениши илдети менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылап жаткан кыргыз медиктерине жардам берүү үчүн келишти. Бул тууралуу коронавируска каршы ыкчам штаб маалымдады. Алар 14-июль күнү Екатеринбург-Бишкек каттамындагы чартердик учак менен 186 кыргызстандык жаран менен чогуу учуп келишти. Маалыматка ылайык, кайтып келгендердин арасында Екатеринбург, Тюмен, Челябинск... Читать дальше...

ӨКМ: “Семетейди” таштандылардан арылтуу иштери жүрүп жатат

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Семетей” госпиталынын имараты (мурдагы «Ганси» авиабазасы) жайгашкан аймакта тиричилик жана медициналык таштандыларды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Андан сырткары аймакты дезинфекциялоо иштери, кошумча таза суу менен камсыздоо, бейтаптарга, медициналык кызматкерлерге шарт түзүү аракеттери жүрүп жатканын билдирди. 13-июлда ыктыярдуу түрдө элге жардам берип жүргөн тамада Эрнест Бөрүбаев аталган жайда оор абалда жаткандар менен башкалар аралашып жүргөнүн... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин бөлүм башчысы Абдыкайым Оморов пневмониядан каза болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысы Абдыкайым Оморов 63 жаш курагында пневмониядан көз жумду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады. Абдыкайым Оморов 22 жыл Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген. Экономика тармагындагы алгылыктуу эмгеги үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган. “Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти”, Мамлекеттик-жарандык кызматтын III класстагы кеңешчиси болгон. 2015-жылдан бери парламенттин бюджет жана финансы боюнча... Читать дальше...

COVID-19: Штаб сөөктү жерге берүү эрежелерин эскертти

Azattyk.org 

Коронавирустан же пневмониядан каза болгон адамдын сөөгүнөн ооруну жуктуруп алуу коркунучун азайтыш үчүн адистердин айтканын так аткаруу керек. Бул тууралуу 14-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб билдирди. Штаб тараткан эскертүүдө вирус абада кеминде 3-4 саат жашай алары, эгер тийиштүү эрежелер так сакталса зыянды азайтса болору белгиленди. Ооруканада үзүлгөн бейтаптын сөөгү өлүкканадан жуулары, кепинделип, полиэтиленге оролуп, зарыл болсо ошол жердин короосунан эле жаназасы окулары... Читать дальше...

Баткен: пандемия маалында өрүктүн баасы кандай болот?

Azattyk.org 

Ушу тапта Баткенде өрүк бышып, элдин көпчүлүгү бак ичинде түшүм жыйноо менен алек. Орто эсеп менен Баткен облусунда 120 миң тоннадай өрүк өндүрүлөт. Баткердик багбандар быйылкы пандемия шартында өрүктүн баасы кеткен чыгымды жаап, эмгегибиз акталабы деп түйшөлүп турушат. Облуста 8000 гектардан ашуун жердеги өрүк багынан сегиз млрд сомго чейин киреше түшөт деп эсептелген.

Түркиядан кыргызстандык дарыгерлер келет

Azattyk.org 

Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлдагы брифингде Түркиядан кыргызстандык дарыгерлер келе турганын билдирди. "Бизге сырттан келип жаткан ыктыярчыларга ыраазычылык билдирем. Булар Кыргызстандан келген ыктыярчылар гана эмес, ошондой эле чет өлкөлөрдөн медициналык билим алган жарандар. Алардын 38и келген. Жакында дагы 50 ыктыярчы келди. Эртең дарыгер болуп иштеген 18 мекендешибиз Түркиядан келгени жатат". Премьер-министр атаган 18 дарыгердин бешөө гана өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен... Читать дальше...

Кыргыз спортчуларынын пандемиядагы жеңиши

Azattyk.org 

Кыргызстандык спортчулар топту чебер элөө боюнча дүйнө чемпионатында алтын байгенин ээси болушту. Пандемияга байланыштуу онлайн өткөн эл аралык мелдеште Кыргызстандын эркектер командасы 34 команданын арасынан жеңүүчү болду. Мелдеш "Homeless World Cup Foundation" эл аралык уюму колдоосу менен уюштурулган.

Жээнбеков: Оорунун очогунда иштеп жаткан дарыгерлер өзгөчө камкордукка алынат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт илдеттин очогунда иштеген дарыгерлердин айлыгын көбөйтүп жатканын, аларды өзгөчө камкордукка аларын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчысы 14-июлда Бишкекте чукул жардамга муктаждар үчүн ачылган түнкү стационарга барып, медицина кызматкерлери менен жолукканда билдирди. Жээнбеков мамлекет медиктерге ар дайым кам көрөрүн жана мындан ары да аларды колдоого аларын, жумушта жүрүп ооруп калгандарын Ысык-Көлдөгү дарылоочу жайларда реабилитациялоо маселеси каралып жатканын айтты. Читать дальше...

Боронов "финансылык жардамды чоңдор жеп жатат" деген сөздү четке какты

Azattyk.org 

Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлдагы онлайн брифингде “COVID-19 илдетине байланыштуу чет өлкөдөн келген каражаттар өз максатында коротулуп жатат” деп билдирди. Ал коомчулук арасындагы жардам жөнүндө нааразы пикирлерге негиз жок экенин белгилеп, мамлекеттин казынасына түшкөн каражат катуу көзөмөлдөнүп жатат деп ишендирди. “Финансылык жардамды чоңдор жеп жатат деген чындыкка дал келбейт. Мен премьер-министр катары жоопкер болуп ишендирип кетем. Эгерде кайсы бир кызматкер ушундай ишке бара турган болсо... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *