Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2020

Новости за 26.07.2020

Кадамжайда сел алты көпүрөнү жууп кетти

Azattyk.org 

Бүгүн, 26-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрүп, жаңыдан оңдолгон алты көпүрөнү агызып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен жүргөн сел райондун Орозбеков айыл өкмөтүндө Охна сел өтүүчү сайындагы бир нече күн мурун, 24-июлда калыбына келтирилген алты көпүрөнү бузуп кетти. Азырынча селден адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок. ӨКМ кошумча кабар берерин билдирүүдө. Жергиликтүү элдин маалымдашынча селден эгин талаалары жабыркаган. Читать дальше...

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү алмашары кабарланды

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиевдин ордуна Балбак Түлөбаев дайындалганын, ал облустук администрациянын жамаатына 27-июлда тааныштырыларын өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев “Азаттыкка” билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн аппараты бышыктай элек. Премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүн алмаштыруу тууралуу буйрук чыгарган-чыгарбагандыгы да беймаалым. Балбак Түлөбаев 2018-жылдын август айынан бери Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп келаткан. Читать дальше...

Түндүк Корея коронавирус жуккан алгачкы учур катталганын билдирди

Azattyk.org 

Мамлекеттик KCNA агенттиги Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын "Өлкөгө ырайымсыз вирус келди" деп айтканын жазды. Ага ылайык, бийлик өпкөнү сезгенткен ооруну мындан үч жыл мурун Түштүк Кореяга качып кетип, кайра өткөн аптада мекенине кайткан жаран алып келди деп шектенип жатат. Ким Чен Ын буга байланыштуу чукул жыйын өткөрүп, чек арадагы Кэсон шаары карантинге алынганы маалымдалды. KCNA Ким Чен Ын ал жаран катуу кайтарылган чек арадан кантип өтүп келгенин текшерүүнү, буга жол бергендерди жоопко тартууну тапшырганын да кабарлады. Читать дальше...

Москвада азерилер менен армяндар жаңжалдашты

Azattyk.org 

Орусиянын Москва шаарында апта аягында Азербайжан менен Армениянын жарандары кагылышкан бир катар окуялар орун алды. Шаардык полиция буга байланыштуу 25-июлда 30дан ашык адам кармалганын билдирди. Ишембиде Санкт-Петербургда полиция азери-армян жаңжалын алдын алынып, ондогон адам камалганын маалымдады. Соңку жаңжалдар тууралуу интернетке бир топ видеолор жарыяланды. Алардын биринде Армениянын номуру тагылган автоунааны бир канча адам талкалап, ичиндеги айдоочуну кошо уруп жатканы тартылган. Башка... Читать дальше...

Ташкент: район акимдери пандемияга даярдык көрбөгөнү үчүн элден кечирим сурашты

Azattyk.org 

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы 11 райондун акими жана  тиешелүү мекемелердин башчылары коронавирус пандемиясына начар даярдык көрүлгөнүнө байланыштуу жарандардын кечирим сурашты. Алар атайын видео кайрылуу таратып, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да айтып беришти. Ага ылайык, ар бир райондо бейтапканалардан сырткары керектүү медициналык жабуудар менен камсыздалган COVID-19 борборлору ачылат жана бери дегенде үч айга жетчүдөй дары-дармек, азык-түлүк камдалат. Акимдер кечирим сураган кайрылуусунда... Читать дальше...

COVID-19: Европанын айрым өлкөлөрүндө оору кайрадан күч алды

Azattyk.org 

Европада коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чаралар кыйла жумшаргандан бери Испания, Германия, Франция, Грекия өңдүү бир катар мамлекеттерде оору күч алды. Испаниянын Каталония аймагында бийлик жарандарды мүмкүн болушунча үйдө болууга чакырып жатат. Барселонада 26-июлдан тартып кинотеатрлар, концерттик залдар жана түнкү бар-клубдар эки аптага жабылды. Саламаттык сактоо боюнча аймактык департамент 25-июлда Каталонияда ооруну жугузуп алгандардын саны 90 миң адамга жеткенин билдирди. Читать дальше...

Израил: премьерге каршы акциялар кагылышуу менен коштолду

Azattyk.org 

Израилдин бир катар шаарларында 25-июлда күүгүм киргенде миңдеген жарандар премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга каршы акцияга чыгышты. Алар негизинен жумушсуздукка, коррупцияга нааразы болуп, өкмөт башчынын коронавирус пандемиясына каршы күрөшүн сынга алышты. Иерусалимде демонстранттар Нетаньяхунун резиденциясынын жанына топтолушту, полиция аларды кууп таратуу үчүн суу менен атты. Акцияга чыккан 12 адам камакка алынды. Каршылык акциялары Тель-Авивде жана Кейсарияда өкмөт башчынын үйүнүн жанында да өттү. Читать дальше...

Изилдөө: Карантинде Бишкектин үнүн уктук

Azattyk.org 

Өздөрүн “шаарман” деп атаган Бишкектин урбанисттери бир ай бою шаардагы добуштарды изилдешти. 36 түрлүү жайда 18 адам 500 аудиокаттоо жасаган. “Шаармандар” карантин маалында мемиреген тынчтыкка, табигый үндөргө тамшанышты.

Партиялардын бедели жана деңгээли

Azattyk.org 

Кыргызстанда саясий партиялар 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого даярдык көрүп жатат. Партияларда идеологиялык көз караш, позиция качан калыптанат?

Дарыгерге зар болгон Чаткал

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын алыскы Чаткал районунда бир да инфекционист дарыгер жок. Буга чейин иштеп келген 70 жаштагы дарыгер пандемияга байланыштуу эс алууга чыгарылган.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *