Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2020

Новости за 06.09.2020

COVID-19: Дүйнөдө оору жуккан эң чоң көрсөткүч катталды

Azattyk.org 

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзү боюнча соңку бир сутканын ичинде коронавирус дагы 304 626 адамдан табылды жана бул эң чоң көрсөткүч болуп калды. Илдет жуккандардын саны боюнча АКШ, Бразилия, Индия жана Орусия дагы эле алдыда. Буга чейинки антирекорд 14-августта катталган жана анда COVID-19 бир күндүн ичинде 304 135 кишиден аныкталган. Дүйнө жүзү боюнча оору жуктуруп алгандар саны 27 миллионго чамалап, 880 миңдей бейтап ажал тапты. Оору жуктуруп алгандар жана илдеттен... Читать дальше...

Майкл Коэн: Трамп Путиндин башкаруучулук жөндөмүнө суктанат

Azattyk.org 

АКШда президент Дональд Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн жаңы китебинде Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинге суктанарын жазган. Тактап айтканда, анын «Жалпыга маалымдоо каражаттарынан тартып финансылык мекемелерге чейин, бүтүндөй өлкөнү бир уюм сымал башкарып-көзөмөлдөгөн жөндөмүнө тамшанат», деп билдирген. Коэндин «Disloyal: A Memoir» («Саткын: Мемуар») деген китеби 8-сентябрда жарык көрөт. «Washington Post», CNN баштаган бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары китептин үзүндүлөрүн 5-сентябрда жарыялашты. Читать дальше...

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылды 

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын доо арызы 7-сентябрда, саат 16.30да Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу партиянын лидери Адахан Мадумаров 6-сентябрда Бишкекте онлайн басма сөз жыйынында билдирди. «Биз үч күндөн бери Кыргызстандагы эң мыкты деген адистер, адвокаттар менен талкуулап отуруп, бир да жерден «Бүтүн Кыргызстан» партиясын каттабай коюуга мүмкүнчүлүк тапкан жокпуз. Конституция боюнча да, Шайлоо кодексинде да эч кандай сөз жок. Читать дальше...

Минскидеги жүрүш: дрондон тартылган кадрлар

Azattyk.org 

Саясий туткундар жана нааразылык акцияларында кармалгандар менен тилектештигин билдирип, 6-сентябрда миңдеген адамдар Минскинин көчөлөрүнө чыгышты. Колонна Лукашенконун резиденциясына чейин жетти, бирок ал жерден ОМОН, чопкуттуу техника жана тикенектүү зым менен курчалды. Акциянын катышуучуларынын дагы бир бөлүгү шаардын борборундагы Немиги районуна жөнөдү.

Беларус: Гроднодо милиция демонстранттарды кууп таратты

Azattyk.org 

Беларустун Минскиден башка дагы бир катар шаарларында шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон жарандар 6-сентябрда каршылык акцияларына чыгышты. «Азаттыктын» беларус кызматы Гроднодо күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери шаардын борборун көздөй бараткан демонстранттардын тобун кууп таратканын, айрымдарын кармап кеткенин маалымдады. «Медиазонанын» кабарына караганда анда милиция тамак кычыштырып, көздөн жаш агызган газ колдонгон болушу мүмкүн. Брест шаарында каз-катар тизилип алып жүрүшкө чыккан демонстранттар орто жолдон кайтты... Читать дальше...

Ыктыярчы медиктер Орусияга кайта албай жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанга июль айында коронавирус күчөп, адистер жетишпей жатканда Орусиядан өз эрки менен келип, «кызыл зоналарда» иштеген дарыгерлер кайра иштерине кайта албай жатышат.

COVID-19: Кытай өзбек өкмөтүнө вакцина сыноого катышууну сунуш кылды

Azattyk.org 

Кытай Өзбекстанга коронавируска каршы өзү даярдаган вакцинаны сыноонун соңку - үчүнчү баскычына катышууну сунуш кылды. Бээжин мындай клиникалык сыноону бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Ыраакы Чыгыш менен араб мамлекеттеринде да өткөрүүнү пландап жатат. Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлиги бул маселе Кытай менен 3-сентябрда эки тараптуу видео форматындагы жыйында талкууланганын кабарлады. Ага Кытайдын Саламаттык сактоо министрлигинин, Илимдер академиясынын жана эл аралык уюмдардын, ошондой... Читать дальше...

Бейрутта уранды алдында калган тирүү адамды издөө оңунан чыккан жок

Azattyk.org 

Ливандын борбору Бейрут шаарында уранды алдында аман калган болушу мүмкүн деген адамды издөө аяктады. Атайын аппарат менен үйрөтүлгөн ит урандынын алдында тирүү адам болушу мүмкүн деген белги бергенден кийин 50дөй куткаруучу үч күн бою ошол жерди казып, бирок тирүү адам табылган эмес.  Чилиден келген ыктыярчы куткаруучулар тобунун башчысы Франсиско Лерманда ишембиде 2-сентябрда адам дем алып жаткансыган белги эми аныкталбай калганын кабарлады. Мындан ары алар урандыларды тазалоо, анын алдында калган... Читать дальше...



COVID-19: АКШ бийлиги жарандарды майрамдык эс алууда сак болууга чакырды

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ак үйдүн коронавируска каршы күрөш боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү америкалыктарды оорунун жайылышынын алдын алыш үчүн сактык чараларын көрүүгө чакырды. Кошмо Штаттарда сентябрдын алгачкы дүйшөмбүсүндө Эмгек күнү белгиленет жана анда жарандар узак эс алууга чыгып, тууган-уругу, жоро-жолдоштору менен жолугуп, жаратылышка чыгып эс алуу салтка айланган. АКШда быйыл май жана июль айларындагы майрамдардан кийин  СOVID-19 менен ооругандар көбөйгөн.  Флориданын... Читать дальше...

«Биримдик маршын» утурлай ИИМ Минскиге аскердик техника киргизди

Azattyk.org 

Беларустун Ички иштер министрлиги 5-сентябрда акцияларга катышканы үчүн өлкө боюнча 91 киши кармалганын билдирди. Мекеменин расмий маалыматына караганда, акциялар Беларустун 18 жеринде өтүп, ага төрт миңдей гана киши катышты. Кармалган 91 адамдын 34ү сотко чейин камакта калып, калганы бошотулду. Күч түзүмдөрү Минск мамлекеттик лингвистикалык уинверситетинде окуган теңтуштарына тилектештик билдирип чыккан студенттерди да кармаган. «Весна» борбору 15 студент кармалганын ишембинин кечинде маалымдады. Читать дальше...

Кой-Таш окуясы боюнча сотто жабырлануучу-күбөлөр сурала баштады

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги жараян болот. Айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдиргендей, сотто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери көрсөтмө берүүнү улантат.  Сот аталган топтун 60тай кызматкерин жабырлануучу-күбө деп тапкан. 4-сентябрда өткөн акыркы жараянда «Альфанын» бир кызматкери көрсөтмө берген. Кой-Таш окуясы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов... Читать дальше...

Кыргызстанда комуз жумалыгы өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда улуттук музыкалык аспаптардын бири болгон комуз жумалыгы 7-сентябрда башталат.  Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, жумалыктын алкагында күү залкарлары эскерилет. Комуз күүлөрүнүн өнүгүшү боюнча илимий конференция болот. Мындан тышкары «Таңшы, комуз» аттуу онлайн гала- концерт, «Комуз менен ырдайбыз» акциясы, «Залкар комузчулардын табериктери» деген баяндар уюштурулат. Ошондой эле композитор Атай Огонбаевдин 120 жылдык мааракесине карата флешмоб өткөрүлүп, анын «Маш ботой» күүсү аткарылат. Читать дальше...

Саркарбаевдин унутулган чырлуу иши

Azattyk.org 

Ош мэриясы ок атуу чырына байланыштуу кызматтан бошотулган спорт комитетинин мурдагы жетекчиси Кылычбек Саркарбаевди кайра жумушка алды. Мэрия Саркарбаев укук коргоо органдарынан «ок атууга аралашкан эмес» деген тастыктоочу кагаздарды алып келгенин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков талкууга түшкөн мыйзамды артка кайтарды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун артка кайтарды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 6-сентябрда билдиргендей, Жээнбеков аталган мыйзамга каршы пикирге кол койду. Ага Жазык кодекси менен Жазык-процессуалдык кодекске киргизилген айрым өзгөртүүлөр негиз болду. Жазык кодексине сунушталган 62-берененин 7-бөлүгү менен эгер шектенүү жөнүндө кабарлама бериле турган адам аныкталбаган болсо... Читать дальше...

Аба ырайы: катуу шамал болот

Azattyk.org 

Эртең, 7-сентябрда айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолордо кар себелейт. Катуу шамал болот. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27; Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20; Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23; Бишкек шаарында түнкүсүн 9...11, күндүз 19...21 градус болот.

Саясий репрессияларга каршы комитети партияларды «Бүтүн Кыргызстанга» тилектештик билдирүүгө чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы Саясий репрессияларга каршы күрөш комитети 6-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турган партияларга жана жарандарга кайрылды. Комитет Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) катоосунан өтпөй калган «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына тилектештик билдирүүгө чакырды. Уюмдун билдирүүсүндө каттоодо кош стандарттуулукка жол берилгени айтылат. Шайлоо эркин өтүп, анын жыйынтыгы мыйзамдуу деп табылышы үчүн саясий жарыш атаандаштыкта өтүшү керек экендиги, антпесе элдин нааразылыгы күчөп... Читать дальше...

Катылган айыптын капыс келген жазасы

Azattyk.org 

Тагдыр тамашасы, катаал жазасы десең да жарашат, качанкы бир унутта калып кеткен айыбың капыс жерден кармап, абийириңдин ашмалтайын чыгарат. Өкүнгөнгө кеч. Ишенбек Жунушевдин «Ачылбаган сыр» аңгемесинен калкып чыккан ой ушундай.

Жарым кылымда жеткен жарык

Azattyk.org 

Айыл түптөлгөндөн тартып, ушул күнгө чейин жарыгы жок жашаган Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылына электр энергиясы жетти. 1960-жылдан бери 800 адам жашаган айылга электр линиясын тартуу иштери быйыл жазында башталган. «Жалал-Абад электр» ишканасы ага 25 млн. сом жумшады. Бирок, айылда онго чукул жашоочунун үйүнө электр энергиясы жетпеди.

«Талибан» кыймылынын делегациясы Катарга барды

Azattyk.org 

«Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Ооганстандагы тынчтыкты калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Катарга барышты. Көптөн бери артка жылып келе жаткан сүйлөшүүлөр ушул күндөрү башталышы күтүлүп жатат. Бул тууралуу кыймылдын басма сөз катчысы Сухайл Шахин 5-сентябрда AFP агенттигине билдирди. «Биздин топтун сүйлөшүүлөргө катыша турган бардык өкүлдөрү Дохага жетти. Сүйлөшүүлөр айрым техникалык маселелер чечилгенден кийин башталат», - деди Шахин. Кабулда Улуттук элдешүү боюнча жогорку кеңештин... Читать дальше...

Ала-Букада «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапкерлери нааразылык билдиришти

Azattyk.org 

Ала-Букада 5-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине нааразылык билдиришти.  Бул тууралуу маалымат аталган партиянын өкүлдөрүнөн алынды. Ага ылайык, партиянын Ала-Бука районунун борборундагы штабына Чаткал районунан да тарапкерлер келишти. Чогулгандар соттон партияны каттоо боюнча оң чечим чыгарууну талап кылышты.  БШК  3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн... Читать дальше...

Коронавируска чалдыккандар 44 403 кишиге жетти

Azattyk.org 

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 дагы 87 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 6-сентябрдагы маалыматына караганда, Бишкекте - 16, Ош шаарында– 2, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда - 11,  Талас облусунда - 4,  Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 16, Баткен облусунда - 20 кишиден вирус чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1061 кишиге жетти. Читать дальше...

Тихановская: Акцияга чыккан элди артка кайтаруу мүмкүн эмес

Azattyk.org 

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская президент Александр Лукашенконун бийлиги элдин үнүн укпагандыктан, өлкө өтө терең саясий кризиске кабылганын билдирди. Ал 5-сентябрдагы түз эфирдеги сөзүндө «Беларус эли өзгөрдү, ойгонду» деп айтты. Тихановскаянын билдирүүсүндө, 9-августта өткөн президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыгына каршы акциялар уланат.  «Беларустар өзгөрүүлөрдү каалайт. Азыркы бийликке мындан ары ишенбейт. Көчөгө чыккан элди артка кайтаруу мүмкүн эмес», - деди ал.  ... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *