Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2020

Новости за 11.09.2020

Ааламда эмне болуп жатат? "Азаттыктан" билиңиз

Azattyk.org 

«Азаттык» окурмандарына дагы бир кадам жакындады. Эми iOS жана Android үчүн жаңы тиркеме аркылуу Кыргызстанда, чөлкөмдө, дүйнөдө болуп жаткан окуялардан үзбөй кабар алсаңыз болот.

Шайлоодо жаштар күчпү же жөн эле жүзбү?

Azattyk.org 

4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого бир катар партияларды жаштар баштап баратат. Жаштар парламентте чын эле реалдуу күч болуп келип, көздөгөн максаттарына жете алабы? Алар саясий партиялар жөн гана жасалма жүз болуп калбайбы? Жаш лидерлер бийликке келсе, эмнелерди өзгөртө алышат? Бул суроолорго “Азаттык плюс” берүүсүндө жооп издедик.

Кыргызстанда сегиз айда жол кырсыгынан 385 адам каза болду

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда быйыл сегиз айдын ичинде 3 474 жол кырсыгы болуп, анда 385 адам каза болгонун билдирди. Маалыматка ылайык бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15% аз. Жол кырсыгынын 78% айдоочулардын күнөөсүнөн болгон. Ага кошумча акыркы жылдары өлкөдө автоунаалар көбөйгөнү белгиленет. Ушул тапта өлкөдө бир млн. 348 миң 780 автотранспорт каражаты бар. Бул тууралуу маалымат 11-сентябрда өкмөттө жол коопсуздугу боюнча өткөн кеңешмеде айтылды. «Биздин жолдор мынча автоунаага эсептелген эмес. Читать дальше...

Онлайн окуунун оош-кыйышы

Azattyk.org 

Кыргызстанда биринчи класстардан башка окуучулар онлайн окуп жатат. Бирок ар кандай себептерден улам балдардын баары аралыктан окууга толук тартылган жок.

Путин менен Лукашенко 14-сентябрда Сочиде жолугушат

Azattyk.org 

Орусиянын жана Беларустун президенттери кийинки аптада жолугушмакчы. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков лидерлер 14-сентябрда Сочиде кездешерин билдирди. Песковдун айтымында, жумушчу жолугушууда эч кандай документтерге кол коюлбайт жана басма сөз жыйыны өткөрүлбөйт. Владимир Путин менен Александр Лукашенко Беларуста бийликке каршы массалык демонстрациялар башталгандан бери биринчи жолу кездешмекчи. Нааразылык акциялары 9-августтагы президенттик шайлоону өлкө башында 26 жылдан бери турган... Читать дальше...

Турак жай көйгөйү энелерди көчөгө чыгарды

Azattyk.org 

Катарда 12-сентябрда Кабул-«Талибан» тарыхый сүйлөшүүсү башталат. ДССУнун коронавирус пандемиясы тууралуу жарыялаганына жарым жыл болду. Казакстанда турак-жай маселесин чечип берүүнү талап кылып көчөгө чыккан көп балалуу энелер башкалаадагы жолбун ит-мышыктарды баккан жайларда түнөдү.



Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү узартылды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 11-сентябрда Кой-Таш окуясына байланыштуу соттук жараянда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам тобунун эки аскери көрсөтмө берди. Райондук соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу сот отуруму 14-сентябрда уланмай болду. Бул жолку отурумда ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков Кой-Таш ишин териштирүүнүн мөөнөтүн 11-ноябрга чейин узартып, камакта отургандарды ошол убакытка чейин абакта калтырды. Читать дальше...

Бишкекте жана Ошто окубай жүргөн 81 өспүрүм аныкталды

Azattyk.org 

Бишкекте жана Ошто милиция бир катар социалдык мекемелер менен чогуу өткөргөн эки күндүк “Салам, мектеп!” рейди учурунда окубай көчөдө жүргөн 81 бала аныкталды. Бул тууралуу 11-сентябрда “Азаттык” радиосуна Ички иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкекте жалпысынан 203 объект текшерилип, 49 бала аныкталды. Алардын үчөө балдар мекемелерине өткөрүлүп берилип, калгандары ИИМдин Өспүрүмдөр арасында мыйзам бузууларды алдын алуу борборуна жеткирилди. Ош шаарында сабакка катышпай жүргөн 32 өспүрүм аныкталып... Читать дальше...

Добуш сатуунун көйгөйү көкөй кести

Azattyk.org 

Башкы прокуратура шайлоо алдындагы мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу 43 материалды изилдеп чыкты. Аларды тактоо үчүн Ички иштер министрлигине жөнөттү.

Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган үч киши кармалды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 10-сентябрда кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган үч адам кармалганын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын жараны Казакстандан Кыргызстанга чек ара өткөрмө бекетинен башка жерден өтүүгө аракет кылган. Аны Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кармаган учурда тек-жайын аныктаган документтери жок болгон. Ал эми Өзбекстандын жана Казакстандын жарандары Кыргызстандан Казакстанга... Читать дальше...

Өкмөт убада кылган ооруканалардын курулушу кечеңдеди

Azattyk.org 

Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында курулуп жаткан ооруканалар өз убагында бүтпөй калды. Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкектеги бейтапкана 25-августта даяр болот деп убада кылган. Эми өкмөт курулуш иштери сентябрдын аягында бүтө турганын билдирип жатат. Имараттар шашылыш курулуп жаткандыктан, курулуштун сапатынан шек санагандар да жок эмес.

Мурдагы премьер Абылгазиевди жоопко тартуу сунушу Финпол тергеп жаткан ишке кошулганы кабарланды

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди шалаакылык үчүн айыптаган арыз коронавирус эпидемиясына байланыштуу иштерге тиркелип, чогуу териштирилип жатат. Бул тууралуу арызды жазган адвокат Канат Хасанов Башкы прокуратуранын жооп катына таянып, 11-сентябрда «Азаттыкка» билдирди. Адвокат Башкы прокуратурага быйыл июль айынын башында кайрылып, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда сырттан келген каржылык жардамды бөлүштүрүү кандай жүргөнүн текшерүүнү, өзгөчө оор кылмыш катары иш козгоп, жоопко тартууну суранган. Читать дальше...

Закаев Чеченстандагы жакындары кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Чеченстандык диссидент Ахмед Закаев анын Чеченстанда жашаган төрт бир тууганын кармап, белгисиз тарапка алып кетишкенин билдирди. Бул маалыматты  Британияда бозгунда жүргөн саясатчы «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна бышыктады. Закаевдин айтымында, жакындарын анын оппозициялык «Телеграм» каналды колдогондугу үчүн кармашкан. Ички иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек. 8-сентябрда Закаев видео кайрылуу жаздырып чечен полициясын жана Рамзан Кадыровду сындаган жаш активисттин кыйноого туш болуп, ыдык көрүшүн айыптаган. Читать дальше...

Белгилүү дипломат Эрик Асаналиев каза болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, дипломат Эрик Асаналиев узак оорудан кийин 61 жаш курагында Бишкек шаарында 11-сентябрда каза болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна маркумдун кызы Бермет Эрик кабарлады. Маркумдун сөөгү 13-сентябрда Түп районундагы өзү туулуп-өскөн Ак-Булуң айылында жерге берилет. Эрик Асаналиев 1959-жылы 2-майда туулган. 1980-жылы Кыргыз улуттук университетинде журналисттик адистикке ээ болуп, 1985-жылы СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) эки жылдык жогорку мектебин аяктаган. Читать дальше...

Баткендин жетекчиси Москвада кармалган уулуна чечимди сот чыгарарын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жазык кодексинин «Ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен шек саналып издөөдө жүргөн Азиз Орозбаев 4-сентябрда Орусиянын Москва шаарында кармалганын кабарлады. Мекеменин маалыматы боюнча 2019-жылдын апрель айында Бишкекте үч киши жеке ишкердин чет өлкөдөн ташып келген эки автоунаасын сатып алууга убада берип, алдап кетишкен. Натыйжада ишкер эки миллион 165 миң сом зыян тарткан. Эки автоунаанын «Toyota Avalon» маркасындагысынын наркы бир миллион 397 миң сом... Читать дальше...

Помпео: Оогандардын өз ара диалогу «талаш» менен коштолушу мүмкүн

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «ооган өкмөтү менен «Талибандын» өз ара сүйлөшүүлөрү «талаш-тартыш» менен коштолушу ыктымал, бирок диалог тынчтык орнотууга карай бирден-бир жол» деп билдирди. Помпео бул тууралуу 11-сентябрда Катарга аттанып жатып айтты. Ишембиде ал жакта оогандардын сүйлөшүүлөрү башталмакчы. Быйыл февралдын этегинде Вашингтон менен талибдер тынчтык келишимине жетишип, Кабул өкмөтү менен кыймылдын сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурушуна жол ачылган. Ал келишимге ылайык ошондой эле... Читать дальше...

«Пашинян реформаны аягына чыгара элек»

Azattyk.org 

Арменияда «баркыт ынкылабынын» аркасы менен бийликке келген Никол Пашинян өлкөнү коррупция сазынан чыгарып, бай-манаптарды бийликке жолотпоого, реформа жүргүзүүгө убада берген. Убадасын аткарып жатабы?

ДССУнун коронавирус пандемиясы тууралуу жарыялаганына жарым жыл болду

Azattyk.org 

Туура жарым жыл мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирус пандемиясы башталганын жарыялаган. Өткөн жылдын этегинде Кытайда башталып, дүйнөнү каптаган коронавирустан 900 миңден көп киши көз жумду. Вирус козгогон COVID-19 илдетине 28 миллиондон ашуун киши чалдыкты. Эң көп жапа чеккен өлкөлөр АКШ, Индия жана Бразилия болууда. Бардык чараларга карабай, ушул тапта бир катар жерлерде оору жуккандар көбөйүп жатат. Акыркы төрт күндө эле дүйнөдө вируска кабылгандар бир миллионго көбөйдү.... Читать дальше...

Бишкекте коомдук транспорттун айдоочуларына 520 миң сом айып салынды

Azattyk.org 

Бишкекте 1-июндан 10-сентябрга чейин 3 981 коомдук транспорт каражаты текшерилди. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, анда санитардык эрежелерди сактабаган айдоочуларга карата 284 протокол толтурулуп, 519 миң сом айып пул салынды. Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын адистери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана Патрулдук милициянын кызматкерлери бирге рейдке чыгып жатышат. Алар коомдук транспортто санитайзерлердин бар-жогун карап, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Читать дальше...

Евробиримдиктин «MED 7» тобу Анкарага эскертүү берди

Azattyk.org 

Евробиримдиктин түштүгүндөгү айрым мамлекеттер эгер Анкара Грекия жана Кипр менен аймактык талаш боюнча сөзгө келбесе Түркияга жаңы санкция киргизерин эскертишти. Бул тууралуу 10-сентябрда, Франциянын президенти уюштурган «MED 7» тобунун бейформал жыйынынан кийин айтылды. Бул топко шаркеттин Жер ортолук деңизи аймагындагы жети мүчөсү - Франция, Грекия, Италия, Мальта, Португалия жана Испания кирет.  Ушул тапта Грекия менен Кипр газ кору жана деңиз чек аралары боюнча Түркия менен чырдашып жатышат. Читать дальше...

Аба ырайы: өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Azattyk.org 

12-сентябрда Кыргызстанда түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *