Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2020

Новости за 28.09.2020

Украин парламентинде самогон ачыткандарды айыпка жыкпоо тууралуу сунуш айтылды

Azattyk.org 

Украин парламенти Жогорку Рададагы «Эл кызматчысы» фракциясынын айрым депутаттары Административдик укук бузуу тууралуу кодекске алымча-кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдашты. Анда өлкөдө самогон салгандарды, бул ичимдикти сактагандарды айыпка жыгууну камтыган ченемдерди алып таштоо сунушталган.  Депутаттар ошондой эле мындай ичимдик даярдаган адамдарга кайсы бир талаптарды коюу, салык салуу жана талапты бузганы үчүн жоопкерчилигин кароо үчүн дагы башка мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү караштырып жатат. Читать дальше...

Польша экстремизм боюнча шек саналган тажик жарандарын депортациялады

Azattyk.org 

Польша «Ислам мамлекети» террорчул тобу менен байланышы бар деп шек саналган беш тажик жаранын өлкөдөн чыгарды. Аларга Шенген аймагына кирүүгө тыюу салынды. Ушул жылдын май айында Польшанын бийлиги «Ислам мамлекети» террорчул тобунун идеяларына шыктанып жүргөн, согушкерликке үндөгөнгө аракет кылган деген шек менен төрт тажик жараны кармалганын билдирген. Дагы бири кийинчерээк колго түшкөн. Анын алдында Албанияда Германия террор үчүн айыптаган тажик жараны Интерполдун жардамы менен колго түшкөн. Читать дальше...

Эрдоган Армениядан Тоолуу Карабактан чыгып кетүүнү талап кылды

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «Армения Азербайжандын оккупациялап алган жерлеринен чыгып кетиши керек» деп билдирди. Бул тууралуу «Anadolu» агенттиги жазды. Армениянын Тышкы иштер министрлиги өз кезегинде Анкараны «Азербайжан менен куралдуу кагылышта жалданма аскерлерди тартып жатат» деп айыптады. Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки мамлекет чатак үчүн бири-бирин күнөөлөшкөн. Ереван Бакуну «Тоолуу Карабакка кол салды» деп айыптаган жана өз өлкөсүндө аскердик абал жарыялап... Читать дальше...

Эгемендик жана "евразиячыл интеграция"

Azattyk.org 

Шайлоого бараткан, бийликчил «Биримдик» партиясынын лидери, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Марат Аманкуловдун «Евразиячыл интеграция» тууралуу билдирүүсү чуу жаратты. Социалдык тармактарда Марат Аманкуловдун сөзү Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары бааланып, аны бир катар саясатчылар менен активисттер кескин сындап чыгышты. Мындан тышкары Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында “Кул болбо!” аттуу нааразылык акциясы өттү. Марат Аманкулов сынга кабылып жаткан тасмага комментарий берип... Читать дальше...

Президенттин сын коштогон сапары

Azattyk.org 

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен жолугуп, Кыргызстанда парламенттик шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданып жатканын айтып, аларды «өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө каршылык көрсөтүп жаткандар» деп атады.

Светлана Алексиевич Беларустан Германияга учуп кетти

Azattyk.org 

Адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты, беларус оппозициясынын Координациялык кеңешин мүчөсү Светлана Алексиевич Германияга учуп кетти. Бул тууралуу TUT.BY сайты анын жардамчысына шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, Алексиевичтин өлкөдөн чыгып кетиши Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө карата «Бийликти басып алуу» беренеси менен козголгон кылмыш иши менен байланышы жок. Жазуучу Беларуста бул кеңештин эркиндикте калган жана өлкөдөн чыгып кетпеген жалгыз мүчөсү болчу. Жазуучунун өкүлү «Азаттыктын»... Читать дальше...



COVID-19: Катталган өлүм, камаарабаган эл

Azattyk.org 

Кыргызстанда COVID-19 илдетинен акыркы суткада бир адам каза болду. Бул соңку үч жумадан бери илдеттен каза болгону айтылган биринчи киши. Акыркы жумаларда расмий статистика боюнча өлкөдө коронавирус кайра көбөйдү.

COVID-19: ооруканаларда жаткан 119 бейтаптын абалы оор

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алып ооруканада жаткан 700 бейтаптын 119унун абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, вирус жугузуп алгандардын ичинен 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат. Тогуз бейтаптын абалы канааттандырарлык. 559 адамдын абалы орто деп бааланууда. Үсөнбаев Кыргызстанда коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал кооптуу экенин кошумчалады.  Кыргызстанда акыркы... Читать дальше...

Кенде тоо кулап, суу булганды

Azattyk.org 

Адистер Кара-Кечедеги табигый кырсыкка экосистеманын бузулушу себеп болгонун айтышууда. Пандемияда үй бетин көрбөй бейтаптарга жардам берип жүрүп, өзү да илдетти жугузуп каза болгон фельдшер. Балыкчыда каржы пирамидасын түптөгөндөр элден 74 миллиондон ашуун сом топтоп алышкан.

Жээнбеков: Шайлоо алдында ар кандай күчтөр жанданып жатат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен 28-сентябрда Сочиде жолугушууда айтканын Путиндин расмий сайты жазды. Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө Орусия жана анын президенти Владимир Путин Кыргызстанга саясий жана экономикалык жактан зор колдоо көрсөтүп жатканын айтып, бул үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Орусиянын жардамы менен Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынганын белгиледи. Ошону менен катар Жээнбеков Кыргызстанда парламенттик... Читать дальше...

Беларуста митингчилерге кайра күч колдонулду

Azattyk.org 

Беларус полициясы 27-сентябрда өткөн оппозициянын ири жүрүшүндө жүздөгөн кишини кармады. Оппозициячыл талапкер Светлана Тихановскаянын «элдик инагурациясы» деген аталыш менен баш калаа Минск баштаган бир нече шаарда өткөн жүрүшкө 100 миңден ашык киши катышты.

Мектептерде 2-6-класска чейин окутуу боюнча маселе талкууланып жатат

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы брифингде Кыргызстандагы окуу жана бала бакчалар боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен алгоритмдер түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, менчик бала бакчаларда балдар аз, бардык талаптарды аткарганга мүмкүнчүлүк бар жана алардын иштешине уруксат берилген. Бирок мамлекеттик бала бакчаларда балдар көп болгондуктан, аларды ачуу тууралуу маселе каралууда.  2-6-класска чейин балдарды мектептерде окутуу боюнча маселе да талкууланып жатат. Читать дальше...

COVID-19: шайлоодо добуш берүүнүн алгоритми жарыяланды

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербеш үчүн 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо күнү добуш берүүнүн алгоритми иштелип чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алгоритм Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге иштелип чыкканын 28-сентябрда билдирди.  Маалыматка караганда, анда шайлоого байланыштуу бир катар талаптар камтылган.  Ага ылайык, шайлоо күнү добушканаларда жараянга катышкандардын баары дезинфекциялоо каражаттарын, бет кап, мээлей колдонуп, 1,5-2 метр аралыкты сакташы керек. Читать дальше...

Швейцарияда Евробиримдик менен келишимди токтотуу колдоо тапкан жок

Azattyk.org 

Швейцарияда жекшембидеги референдумда адамдардын ээн-эркин катташы тууралуу Европа Биримдиги менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу боюнча сунуш колдоо тапкан жок. Добуш берүүдө шайлоочулардын 62% келишимди күчүндө калтырууну жактады, ага 38% гана каршы болду. Референдум башкаруучу коалицияга кирген оңчул Швейцария элдик партиясынын демилгеси менен өттү. Бул партия 1999-жылы түзүлгөн бул келишим өлкө бийлигине миграцияга көзөмөл жүргүзүүгө тоскоолдук кылат деп эсептейт. Швейцария Европа Биримдигинин мүчөсү эмес... Читать дальше...

Кичине кыздарга ыплас мамиле кылган деп айыпталган чек арачы мунапыс менен бошотулду

Azattyk.org 

Чүй облустук соту 28-сентябрда жаш кыздарга карата жыныстык мүнөздөгү ыплас аракеттерге барган деп айыпталган мурдагы чек арачынын ишин карады. Жабырлануучу тараптын адвокаты Самат Матцаков «Азаттыкка» билдиргендей, соттук коллегия Токмок шаардык сотунун чечимин өзгөртүп, шектүүнү күнөөлүү деп тапты. Бирок аны мунапыс менен бошотту. «Мунапыс боюнча мыйзам мындай кылмыштарга карата колдонулбайт. Бирок сот колдонуп койду. Бул жерде мыйзам одоно бузулду», - деди Матцаков. Чуулгандуу окуяга байланыштуу... Читать дальше...

29-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

29-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.  Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  ​ Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20; Талас жергесинде түнкүсүн 0...5... Читать дальше...

Равшан Жээнбеков: Жетекчилер улуттук кызыкчылыкты коргоодо жөндөмсүздүгүн көрсөтүүдө

Azattyk.org 

Камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков “Биримдик” саясий партиясынын жетекчиси Марат Аманкуловдун «эгемендикке акаарат келтирди» деп кескин сынга кабылып жаткан сөзүн “жагалдануучулук”, “коркунучтуу принципсиздикке чылгый сугарылган” билдирүү деп баалады. Оппозиционер саясатчынын 28-сентябрда жарыяланган билдирүүсүндө “Кыргызстандын 30 жылдык эгемендигинин тажрыйбасы жетекчилер мамлекеттин эгемендик принциптерин толук коргой албаганын көрсөткөнү, эмне үчүн алар примитивдүү тышкы саясат жүргүзүп... Читать дальше...

Индияда секелек кыз климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу акцияга чыкты

Azattyk.org 

Сегиз жаштагы Лициприя Кангужам 28-сентябрда Индиянын баш калаасы Нью-Делидеги парламент имаратынын алдына пикетке чыкты. Ал премьер-министр Нарендра Модиден жана депутаттардан климаттын өзгөрүшү боюнча мыйзамды тезирек кабыл алууну талап кылды. Кангужамдын климаттын өзгөрүшүнө каршы чыгып жатканына эки жыл болду. Ал дүйнөдөгү эң кичинекей активист. Былтыр ал Мадридде өткөн  Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климат боюнча конференциясында сөз сүйлөгөн. Секелек кыз Индияда абанын булганышына каршы... Читать дальше...

Карабак чатагы: Армения 100дөй кишиси жарадар болгонун билдирди

Azattyk.org 

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак аймагынын аскер жетекчилери кагылышуунун экинчи күнүндө дагы 15 жоокер мерт болгонун кабарлады. Алар атышуунун биринчи күнүндө 16 аскер окко учканын маалымдашкан. Ошентип расмий маалымат боюнча Карабактын 31 жоокери жана эки жайкын тургун мерт болду. Аймактын Коргоо министрлиги «контрчабуулдан улам душман оор жоготууга учурады, армия буга чейин колдон алдырган позицияларын кайтарып алды, Азербайжан 200 аскерин жоготту», деп билдирүү таратты. Армениянын... Читать дальше...

Санарип маммограф, сапаттуу диагностика

Azattyk.org 

Кыргызстанда өсмө ооруларынын ичинен көкүрөк бези жана жатын рагы менен ооругандар биринчи орунда турат. Жылына орто эсеп менен 600-700 аялда бул оору аныкталып, 60 пайызы бир жылдын ичинде каза болот. “Эргене” фонду өлкөдөгү аялдардын эмчек, жатын рагын алдын алыш үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен көчмө санарип маммограф алып келди. Бул машине эми өлкөнүн аймактарын кыдырып, 40 жаштан өйдө аялдардын эмчек, жатын өсмө оорусуна текшерип, эрте аныктоону ишке ашырмакчы.

Активисттер БШКга Аманкуловду жана «Биримдикти» шайлоодон четтетүү тууралуу арыз беришти

Azattyk.org 

Жарандык активисттер «Биримдик» партиясын жана анын лидери Марат Аманкуловду парламенттик шайлоонун жарышынан четтетүү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 150 кишинин колу коюлган арызды тапшырышты. Бул тууралуу 28-сентябрда жарандык активист Умай Арыкова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, арыздануучулар Аманкуловдун эгемендик тууралуу айткандарын «Баш мыйзамга жана элге каршы келген жикчил билдирүү» деп, «Биримдиктин» программасы менен идеологиясы «Кыргызстандын Конституциясына, эгемендигине... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *