Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 02.10.2020

Тоолуу Карабакта эки француз журналисти жарадар болду

Azattyk.org 

Тоолуу Карабактагы атышуу учурунда франциялык «Le Monde» гезитинин эки журналисти катуу жарадар болду. Алар аймактагы окуяларды чагылдырыш үчүн Мартуни шаарына барышкан. «Le Monde» гезитинин башкы редактору Люк Броннер жарадар болгондордун бири гезиттин кабарчысы, экинчиси фотограф экенин айтты. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Тышкы иштер министрлиги жараланган журналисттерди өлкөгө алып келиш үчүн ишти баштаганын 1-октябрда билдирген. Евробиримдиктин саммитине катышуу үчүн Брюсселге келген Макрон: «Медициналык учак учууга даяр турат.

Министрдин орун басары эпидемиологиялык абал курч экенин эскертти

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал дагы эле курч болуп турат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев 2-октябрда билдирип, мындай жагдайга адамдардын ооруну кенебегендиги себеп болуп жатканын айтты.  «Азыр Баткен облусунда оору көбөйүп жатканын байкап жатабыз. Ушундай эле абал медиктердин арасында байкалат. Буга массалык топтолуу жана социалдык аралыкты сактабай калуу себеп болууда», - деди Үсөнбаев. Кыргызстанда 2-октябрга карата 215 адамдан коронавирус табылды. Читать дальше...

Кадамжайда эл сурьма комбинатын сатууга каршы

Azattyk.org 

Убагында миңдеген кишини жумуш менен камсыз кылган Кадамжай сурьма комбинаты Жогорку соттун чечими менен банкрот деп табылып, анын сатылышына каршы болгондор кайрылуу таратышты. Комбинат мындан 15 жыл мурда казакстандык компанияга сатылып, казынага киреше алып келери айтылган. Азыр болсо 300гө жакын жумушчунун алды алты ай, арты бир жылдан берки маяналары берилбей жумуштан бошотулуп жатат. Соттун чечимине ылайык комбинатты башкаруу атайын администраторго өткөрүлгөн. Кадамжай сурьма комбинаты 2005-жылы 300 млн. Читать дальше...

«Матраимовдун падышалыгы» аттуу журналисттик иликтөө чыкты

Azattyk.org 

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги, «Bellingcat» уюму бирге жасаган бул иликтөө Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматында иштеп, жетекчинин орун басарынын кызматына чейин жеткен Райымбек Матраимов бажыдагы көз боёомочулуктарга кантип көмүскөдөн жол ачып турганын көрсөтөт. Матраимов азыр Мамлекеттик бажы кызматында иштебейт. Ошентсе да ал мартабалуу мамлекеттик кызматтарды ээлеген бир туугандары менен бирге эсепсиз байлык топтоп... Читать дальше...

БШКнын жумушчу тобу эки партияга эскертүү берүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) үгүт эрежелеринин сакталышы жана маалымат берүү боюнча жумушчу тобу 1-октябрда «Кыргызстан» жана «Мекенчил» саясий партияларына расмий түрдө эскертүү берүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу аталган жумушчу топтун мүчөсү Семетей Аманбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, «Кыргызстан» партиясына карата эскертүү turmush.kg сайтына чыккан кабарга байланыштуу. Аталган партиядан талапкер катары катталып, 21-сентябрда талапкерликтен баш тарткан «Улуттук энергохолдинг»... Читать дальше...

Дональд Трамп жана жубайы Мелания Трамп коронавируска чалдыкты

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп жана жубайы Мелания Трамп коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу Трамп «Твиттерге» жазды.  Президенттин жеке дарыгери Шон Конли: «Президенттин жана биринчи айымдын абалы жакшы, алар айыгып кеткенче Ак үйдөгү өз бөлмөлөрүндө болушат», - деди.  Мурдараак Дональд Трамптын жакын жардамчысы Хоуп Хикс андан коронавирус аныкталганын, мындан улам Трамп өзүн карантинге алганын билдирген.  Президенттин кеңешчиси жана улук жардамчысы Хоуп Хикс 29-30-сентябрда Трамп менен бир самолетто сапарларда чогуу болгон.

ЖАМК Даниел Ажиевдин психиатриялык ооруканага которулганын тастыктады

Azattyk.org 

«Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутууга» шектүү катары кармалган Даниел Ажиев психиатриялык диспансерге которулганы расмий тастыкталды. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдиргендей, Ажиев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 3-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан диспансерге жөнөтүлгөн. Муну Ажиевдин туугандары да «Азаттыкка» билдиришкен. Анын жакындары тергөө алкагында милициядан Ажиевдин психикалык саламаттыгын соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылышкан. Читать дальше...

3-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

3-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан жел согуп турат, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот. Абанын температурасы: Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6... Читать дальше...



Матраимовдордун мүлкү

Azattyk.org 

Бул интерактивдүү карта Матраимовдордун үй бүлөсүнүн Кыргызстандагы жыйырмага чукул мүлкүн камтыйт.

Матраимовдун бажы империясы

Azattyk.org 

Азыр эми алар туугандары жана ишеничтүү адамдары аркылуу Кыргызстандагы маанилүү үч бажы терминалын көзөмөлдөп жатышат.

Кара-Сууда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын үгүтчүсү деген адам 313 миң сом менен кармалды

Azattyk.org 

Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынын агитатору 313 миң сом акча менен кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди. Анын айтымында, акча таратууга шектелген жарандын жанынан беш конвертке бөлүнгөн акча жана аны кимдерге таратуу керек экендиги жазылган тизме табылган.  «Шектүү акчаны таанышы таштап кеткендигин айткан. Азыркы кезде бул окуя боюнча Жазык кодексинин 192 беренеси боюнча... Читать дальше...

COVID-19: Дональд Трамп өзүн өзү карантинге алды

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын жакын жардамчысы Хоуп Хиксте коронавирус аныкталды. Мындан улам Трамп өзүн карантинге алганын билдирди. Бул тууралуу "Твиттерге" жазып, өзү жана жубайы Мелания тест тапшырганын, жыйынтыгын күтүп жатканын айтты. Президенттин кеңешчиси жана улук жардамчысы Хоуп Хикс 29-30-сентябрда Трамп менен бир самолетто бир канча сапарда чогуу болгон. Ал вируска чалдыкканы 1-октябрда маалым болду. АКШ - COVID-19 вирусу эң көп тараган мамлекет. Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй... Читать дальше...

Министр Алайда талкаланган петроглифтерди көргөнү барды

Azattyk.org 

Алайда талкаланган петроглифтердин бузулган бөлүгү калыбына келтирилет. Мындан ары эстеликтерди сактоо максатында, петроглиф эсепке алынып, жайгашкан жердин картасы жана коргоо зонасы тез арада такталат. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Алайда талкаланган тарыхый эстеликтерди көргөнү барды. 2-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, петроглифтердин абалын жеринен иликтөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, археологдор жана атайын адистер тартылган. Читать дальше...

Кой-Таш иши: Атамбаев катыша турган сот 7-октябрга жылды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча бүгүн, 2-октябрга белгиленген жараян болгон жок. Сот мамлекеттик адвокаттын өтүнүчү менен 7-октябрга жылды. Райондук соттун катчылыгы бул тууралуу айыпталуучуларга жана алардын адвокаттарына 1-октябрдын кечинде кабарлаган. Бул күнкү сот отурумуна Алмазбек Атамбаев өз каалоосуна ылайык катышаары мурда кабарланган. Айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева мамлекеттик адвокат эмне себептен сотту жылдырганы белгисиз экенин «Азаттыкка» билдирди... Читать дальше...

COVID-19: Вирусту жаңы жугузгандардын саны 200дөн ашты

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2-октябрга карата 215 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 154 айыкты. Каза болгондор катталган жок. Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47056 ​кишиге жетти. Алардын 43 137си сакайып, 1065и жашоо менен кош айтышты. Жаңы катталгандар: -Баткен облусунда - 63; -Чүй облусунда 41; -Жалал-Абад облусунда - 40; -Ош облусунда - 23; -Ош шаарында - 19; -Бишкек шаарында - 17; -Ысык-Көл облусунда... Читать дальше...

«Open Democracy» Алканованын айыбын ачты

Azattyk.org 

2-октябрда Лондондогу «Open Democracy» басылмасы «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан парламенттик шайлоого аттанган талапкер, журналист Элнура Алканова тууралуу кеңири макала жарыялады.

Партиянын үгүт жүгү жана үнү

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын үгүт иштери аяктап калды.  Шайлоочулар менен жолугушуулардын маңызы өзгөрдүбү? Талкуу маданияты калыптандыбы? Айтылган программалардын аткарылышы канчалык реалдуу? «Арай көз чарай» талкуусуна коомдук ишмер, саясий серепчи Алмаз Кулматов, Ош университетинин доценти Абдыжапар Аккулов, билим берүү маселелери боюнча эксперт Бакыт Абдуллаев катышты. «Азаттык»: - Алмаз мырза, буга чейинки шайлоолордогу үгүт иштери менен да жакшы таанышсыз, убагында жазып жүргөнсүз. Читать дальше...

Президент Жээнбеков шайлоого байланыштуу элге жана саясий партияларга кайрылды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу 2-октябрда элге, саясий жарышка катышып жаткан партияларга кайрылды. Президенттин басма сөз кызматы жарыялаган кайрылууда Жээнбеков үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өткөнүн, эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келгенин билдирген. Жээнбеков калыс шайлоо өткөрүш үчүн бардык шарттар түзүлүп, мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталганын, жараяндын бардык баскычтарында шайлоо адилеттигин камсыз кылууга аракет болгонун белгилеген. Читать дальше...

Атамбаевди «актаган» социал-демократтар

Azattyk.org 

Абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары жана жан-жөкөрлөрү быйыл “Социал-демократтар” партиясы менен шайлоого аттанышты. Акыркы эки парламенттик шайлоодо тең фавориттердин катарынан түшпөй келген КСДПнын мураскери саналган бул партия өзүн азыркы бийликтин келишкис оппозициясы катары тааныштырып жатат. Ошентсе да алар Атамбаевдин доорундагы алешемдиктерге байланыштуу ачуу сындан качып кутула алышкан жок. Партиянын тизмесинде кимдер бар? Алардын программасы кандай? КСДПдан... Читать дальше...

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан «Баха» аттуу каймана аты бар, Базар-Коргон районунун тургуну, мурда Орусияда жана Кыргызстанда киши тоноп соттолгон, 39 жаштагы А.Б. аттуу жаранды кармады. Ал Ички иштер министрлигинин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары (кримтөбөл К.Көлбаевдин уюшулган кылмыштуу тобуна кирет - ИИМ) каттоодо турган. Анын үстүнөн 22-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун 60 жаштагы тургуну А.Ш. милицияга «Баха аттуу жаран бирөөдөгү карызын өндүрүп бере турган... Читать дальше...

Дональд Трамп айрым өлкөлөр менен мамилесин чектөө тууралуу жарлыкка кол койду

Azattyk.org 

Дональд Трамптын жарлыгына ылайык Бурунди, Кытай, Куба, Түндүк Корея, Иран, Никарагуа, Орусия жана Сирия мамлекеттерине гуманитардык эмес, соодага байланышпаган жардам берилбейт. Бул өлкөлөргө чектөөлөр алар адам сатууга каршы алгылыктуу иш алып барган жок деген жүйө менен киргизилди. Мындан тышкары жарлыкта АКШнын Эл аралык Валюта Фондундагы (ЭВФ) жана башка бир катар өнүктүрүү банктарындагы өкүлдөрүнө ал өлкөлөргө насыя акча берүүгө каршы чыгыш керек экендиги айтылган. Ошол эле учурда АКШ коронавируска... Читать дальше...

Евробиримдиктин Беларуска каршы санкциялары жума күнү бекитилери менен күчүнө кирет

Azattyk.org 

Бул тууралуу Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишел Брюсселдеги басма сөз жыйынында билдирди. Еврокомиссиянын өкүлү Урсула фон дер Ляйендин айтымында, санкциянын тизмеси мурда эле даяр болгонун, аны бекитүү техникалык маселе экенин айтты. Ал Евробиримдик Беларус боюнча бир пикирге келгенине канааттанып турганын билдирди.  Евробиримдиктин «кара тизмесине» Беларус бийлигинен 40 киши кирет. Президент Александр Лукашенко азырынча тизмеге киргизилген жок. Евробиримдик санкциялар аркылуу Минск оппозиция... Читать дальше...

БШК: Көчмө добуш берүүдө санитардык талаптар сакталат

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан алгоритмге ылайык, маанилүү себептер менен шайлоо участогуна келип добуш бере албаган жарандарга атайын комиссия барып, үйүнөн же башка жактан добуш берүүсүн камсыз кылат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнөн, байкоочулардан, партия өкүлдөрүнөн жана журналисттерден турган комиссиялык топтогулардын дене табын атайын окутулган адис өлчөйт. Алар түшүп баруучу транспорт жана башка буюмдар алдын-ала дезинфекцияланат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *