Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 07.10.2020

Бишкек: Башаламандык учурунда 11 автобус жабыркады

Azattyk.org 

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматына караганда, 5-октябрдагы массалык башаламандык учурунда 11 автобус талкаланды. Негизинен унаалардын эшик-айнектери сындырылган. 7-октябрда коомдук транспорт ишин жандантты. Бүгүн каттамга 112 троллейбус, 105 автобус жана 650 кичи унаа чыгып, эл ташууга киришти. 7-октябрга караган түндө Бишкекте белгисиз адамдардын талоончулук кылууга аракеттенишкен. Аларга элдик кошуундун ыктыярчылары менен милиция кызматкерлери жол берген эмес. 4-октябрда... Читать дальше...

Алайда жер титиреди

Azattyk.org 

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 6-октябрь күнү, саат 14:11де Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагында жер титиреди. Силкинүүнүн күчү 5 баллды түздү. Силкинүүнүн күчү Алай районунун Нура, Эркечтам айылдарында 4 балл, Икизяк, Көк-Суу айылдарында 3 балл, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча, эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. Алайдын Нура айылында 2008-жылы октябрда күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйрап калган. Читать дальше...

Бишкекте абал таңга маал турукташты

Azattyk.org 

Бишкекте белгисиз адамдар тобу түндө бир катар көчөлөргө чейин басып жүрүштү. Ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү алардын кадамын көзөмөлдөп турганын жана эч кандай талап-тоноочулук болбогонун шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардан түзүлгөн координациялык кеңештен билдиришти. Маалыматка караганда, түндө талоончулук болот деген коркунучтар болгон. Ыктыярдуу элдик кошуун белгисиз адамдар тобу жүргөн көчөлөрдөгү кафе, соода борборлорун курчап, аларга кимдир бирөөнүн киришине жол берген эмес. Читать дальше...

Митинг учурунда жараат алган жети кишинин абалы оор

Azattyk.org 

Бишкекте 5-6-октябрдагы массалык тополоң менен коштолгон митинг учурунда ооруканаларга кайрылгандардын саны 686га жетти. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, алардын 521и алгачкы медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. Ар кандай жараат алган 164 киши ооруканада жатат, анын ичинен жети адамдын абалы оор. Учурда реанимацияда. Буга чейин министрлик оор абалдагылардын саны 13 киши экенин билдирген. 6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына... Читать дальше...

26 мамлекет өздөрүнө каршы санкцияларды алууга чакырышты 

Azattyk.org 

АКШ жана Батыш мамлекеттери санкция салган 26 мамлекет коронавирус пандемиясына каршы күрөштө жеңилдик катары чектөөлөрдү алууга чакырышты. Бул чакырыктын башында турган Кытай 5-октябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын Адам укуктары боюнча комитетинде сөз сүйлөп, санкциялар аталган уюмдун уставына каршы келерин жана адам укугун бузуп жатканын айтты. Кайрылууну Батыш менен Вашингтон санкция киргизген Орусия, Сирия баштаган 26 мамлекет колдоду. Ал тушта Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) пандемиянын кесепеттерин... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *