Тоолуу Карабакта абал курч бойдон калууда
Азербайжан жана Армениядын ортосундагы Тоолуу Карабак аймагындагы абал курч бойдон калууда. 7-октябрда эл аралык коомчулук аймактагы ок атууну токтотуу боюнча аракеттерди күчөткөнүнө карабай азери жана армян күчтөрү ортосунда куралдуу кармаш уланды. Армениянын Коргоо министрлиги өткөн түнү жаңжал зонасында чыңалган абал сакталганын кабарлады. Анда 8-октябрда эртең менен Ереван колдогон Тоолуу Карабактын бийлиги каршы тараптын чабуулунун мизин кайтарганын жана Азербайжан зыян келтиргенин маалымдалган. Читать дальше...