Түркия Бишкекке 180 миң даана беткап жөнөттү
Түркиянын Самсун шаарынын мэри Мустафа Демир 16-октябрда Бишкекке 180 миң беткап жөнөтүлгөнүн жергиликтүү маалымат каражаттарына кабарлады. "Он жылдан бери биз Кыргызстандын борбору Бишкек шаары менен бир тууган калаабыз. Ушул оор мезгилде биз алар менен бирге болгубуз келди. Самсун шаардык мэриясынын жана "Түрк Кызылай" уюмунун салымы менен медициналык каражаттарды Бишкекке жөнөтүп жатабыз",- деди Мусатафа Демир. 2013-жылы Самсун жана Бишкек шаарларынын мэрлери тарабынан "Бир тууган шаар" протоколуна кол коюлган. Читать дальше...