Ош: Жогорку сот абактагы өлүм үчүн өкмөттү БУУнун тыянагына ылайык кенемте төлөөгө милдеттендирди
Милициянын тергөө абагында каза болгон адамдын өлүмү үчүн мамлекет анын үй-бүлөсүнө 300 миң сом кенемте төлөп бермей болду. Бул тууралуу 19-октябрда «Кыйноого каршы коалиция» уюму кабарлады. Уюмдун басма сөз катчысы Нагима Озокеева «Азаттыкка» билдиргендей, 28-сентябрда Жогорку сот 2005-жылы Ош шаарында милициянын убактылуу кармоочу жайында алган жарааттан көз жумган Рахмонберди Эрназаровдун өлүмү үчүн кенемте төлөө тууралуу маселеге чекит койду. Акча маркумдун үй-бүлөсүнө мамлекеттик бюджеттен Финансы министрлиги аркылуу төлөнүп берилет. Читать дальше...