Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 28.10.2020

Дүйшөбаев: Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери августтан бери айлык ала элек

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев «Азаттыкка» маек куруп, кызматтан кетишинин себептери, аткарган жумуштары жана президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун ал жөнүндө айткан кептери тууралуу пикирлери менен бөлүштү. Ал кыска мөөнөттүк ишинде Жапаровго жалпысынан он чакты маселе боюнча кат жазганын, анын ичинде коррупцияга жана криминалга каршы күрөшүү, чек ара, коронавирус жана башка маселелер боюнча маалымат бергенин айтты. Мындан сырткары аскерлердин абалы жөнүндө да билдирүү бергенин маалымдап... Читать дальше...

Парламентте Садыр Жапаров жетектеген өкмөттүн курамы ант берди (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште премьер-министр Садыр Жапаров башында турган жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземи өттү. Парламенттин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын премьер-министрлигине бир добуштан шайланып, өкмөттүн ал сунуш кылган курамы жана түзүмү жактырылган. Ага ылайык мурдагы экономика министри Артем Новиков биринчи вице-премьер, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов жана Аида Исмаилова вице-премьер-министр болушкан. Бүгүн Исмаилованын ордуна социалдык маселелер боюнча вице-премьер... Читать дальше...

Батукаев иши: Сот башкы прокурордун мурдагы орун басары Усманованы мажбурлап алып келүү жөнүндө чечим чыгарды

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши каралууда. 28-октябрда судья башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманованы кийинки отурумга мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарганын «Азаттыкка» Салянованын тарапкери Чынара Турдалиева кабарлады. Анын айтымында, Усманова сотко буга чейин бир нече жолу чакырылган, бирок барган эмес.  «Бул жолу себебин да айтпастан келбей койду, - деди ал. Читать дальше...

Европада коронавируска байланыштуу жаңы чектөөлөр каралууда

Azattyk.org 

Франция жана Германия коронавирус жуккандар көбөйгөндүктөн жаңы чараларды караштырууда. Илдетти жугузгандар көбөйгөнүнө байланыштуу Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө реанимация бөлүмдөрүнө күч келип жатат. Кризис март-апрель айларындагы көрсөткүчтөргө жакындады. Ошондо толук карантин коронавирус кризисин ооздуктоого жардам берген эле. Франциянын президенти Эммануэл Макрон 28-октябрда кечинде элге кайрылып, жаңы чараларды жарыялайт. Эксперттер бул өлкөдө кайрадан катаал карантин киргизилиши мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Читать дальше...

АКШда президенттикке талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууда

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүнүн алкагында 2016-жылы жеңишке жетишкен Мичиган, Висконсин жана Небраска штаттарында жолугушууларды өткөрдү. Трамп өзүн бул штаттарда маанилүү болуп саналган өнөр жайын жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн күрөшкөн талапкер катары сыпаттап, шайлоочулардын добушун бул жолу да алууга үмүттөнүп жатат. Мичигандагы шайлоочулардын алдында сүйлөп жатып Кошмо Штаттардын президенти автоунаа өнөр жайы өнүккөн штат үчүн 3-ноябрдагы шайлоо «экономикалык жактан аман калуунун маселеси» болорун эскертти. Читать дальше...

ИИМ тогуз айда бир тоннадан ашык мыйзамсыз жүгүртүлгөн баңгизат тапты

Azattyk.org 

2020-жылдын тогуз айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине жалпы укук коргоо органдары 56746 кылмышты каттаса, анын 52434 (92,4%) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери киргизип, иликтөөгө алды. Бул тууралуу 28-октябрда ИИМдин январ-сентябрь айларындагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча онлайн коллегияда айтылды. Отчёттук маалда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан 643 кылмыш катталган. Жалппысынан бир тонна 277 килограмм 524 грамм баңгизаттар, психотроптук каражаттар менен перекурсорлор алынган. Читать дальше...

ТИМ өнөктөш өлкөлөрдөн, уюмдардан жардам сурап жатат

Azattyk.org 

Кыргызстан өнөктөш өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүү жүргүзүп, алардан жардам сурап жатат. Бул тууралуу 28-октябрда «Азаттыкка» тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди. Министрдин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги маселелер – коронавирус пандемиясынын экинчи толкунуна каршы күрөшүүгө, президенттик, парламенттик шайлоо менен конституциялык реформаны өткөрүүгө, эң негизгиси - бюджеттеги 35-50 миллиард сомго чейин жетиши ыктымал болуп жаткан тартыштыкты жоюуга жардам суралууда. Читать дальше...

Муфтият: Сауд Арабиясы кичи ажылык үчүн Кыргызстанга уруксат бере элек

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы – муфтият ажылык жана умра (кичи ажылык) ибадатын уюштурууга байланыштуу билдирүү таратып, жагдайга түшүндүрмө берди. Мекеме Сауд Арабиясы уруксат берген жана уруксат берилбеген өлкөлөрдүн тизмесин жарыялаганын, ага Кыргызстан кирбей калганын маалымдады. Анда айтылгандай, үчүнчү этап менен 1-ноябрдан баштап сырттан келүүчүлөрдү умрага кабыл алууга 108 өлкөгө уруксат берилди. Алардын катарында Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Азербайжан жана Беларус өлкөлөрү бар. Читать дальше...



29-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

29-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаандан кийин кар жаайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй... Читать дальше...

«Реформа» партиясы Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга каршы Конституциялык палатага даттанды

Azattyk.org 

«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылды. Бул тууралуу арыз 28-октябрда берилгенин партиянын өкүлү Рита Карасартова «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, бул мыйзам Конституциянын бир нече беренесине дал келбейт. «Булар бир олтурганда үч окуудан дароо өткөрүп, 20-декабрда боло турган шайлоону кийинки мөөнөткө жылдырып койгон. Читать дальше...

Министр Казакбаев: Канттагы авиабазаны кеңейтүү боюнча расмий сунуш болгон эмес

Azattyk.org 

Кыргыз-орус кызматташтыгынын азыркы расмий күн тартибинде Канттагы авиабазаны кеңейтүү маселеси жок. Бул тууралуу 28-октябрда «Азаттыкка» Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди. Ал жакында Москвадагы иш сапары учурунда да бул тууралуу расмий сүйлөшүү болбогонун айтты: «Ал жерде эки тараптуу расмий сүйлөшүүлөрдө Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Канттагы Орусияга таандык болгон базасы боюнча маселе көтөрүлгөн жок. Кийин жыйынында журналисттер, ошол жерде катышып жаткан... Читать дальше...

Соттук өкүлчүлүк борборунун мурдагы директору кармалды

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) өкмөткө караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун мурдагы директорун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектүү катары кармады. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме мурдагы директордун инициалык «Ш.Т.» деп маалымат таратты. Бир топ басылмалар ал Тимур Шамбетов экенин белгилешти. Финансы полициясы билдиргендей, Соттук өкүлчүлүк борборунун кызмат адамдары мамлекеттик бюджетке 12 млн. Читать дальше...

«Үмүт» саясий кыймылы парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүүнү талап кылды

Azattyk.org 

«Мекен Ынтымагы», «Реформа», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар» баштаган бир топ партиянын өкүлдөрү «Үмүт» аттуу саясий кыймыл түзгөнүн жарыялап, парламентке кайра шайлоону Конституцияга ылайык, 20-декабрда өткөрүүнү талап кылышты. Бул тууралуу талабын алар 28-октябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында кабарлашты.  Чогулгандар шайлоого байланыштуу мыйзамдарга киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол коюп, шайлоону калыс өткөрүп бериши керек экенин белгилешти. Читать дальше...

Парламент вице-премьерликке Сурабалдиеваны жактырып, министрликке Исмаилованы колдогон жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 28-октябрдагы жалпы жыйынында социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке Элвира Сурабалдиеванын талапкерлиги жактырылды. Ал эми Аида Исмаилованы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигине дайындоо боюнча өкмөттүн сунушу колдоо тапкан жок. Буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитети эки талапкерди тең колдоогон. Жалпы жыйында депутаттар Сурабалдиеваны бир добуштан жактырып, ага анча көп суроо беришкен жок. Читать дальше...

Төрага Исаев: Мага ишеним көрсөтпөө боюнча демилге тууралуу так маалыматым жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев өзүнө ишеним көрсөтпөө тууралуу демилге боюнча так маалыматы жок экенин 28-октябрда «Азаттыкка» билдирди. «Мага да ошондой сөздөр жетти. Бирок депутаттардын «кол койдум» же «койгон жокмун» деген так сөзүн уккан жокмун. Демилге көтөрүп жаткандардын ой-пикирин сурайбыз да. Чогуу угабыз», - деп жооп берди ал «Азаттыктын» суроосуна. Исаев ошондой эле төрагага ишеним көрсөтпөө үчүн 40тан кем эмес депутат демилге көтөрүшү керек экенин, чечим кабыл алынышы үчүн... Читать дальше...

Башкы прокуратура БШКны тинтүүгө байланыштуу депутат Никитенкого жооп берди

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенконун Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) тинтүү боюнча чукул кайрылуусуна жооп берди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, үгүт учурунда мамлекеттик органдардын кээ бир кызматкерлери, мекеме жетекчилери, мамлекеттик башкаруу 30% жогору болгон ишканалардын башчылары кайсы бир партияларга талапкер болуп, административдик ресурстарды пайдаланганы жана добуш сатып алууга жол берилгени аныкталганы белгиленет. «Ошого байланыштуу... Читать дальше...

COVID-19: Абактарда пневмониянын симптомдору 1000ден ашык адамдан байкалган

Azattyk.org 

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор, Акыйкатчы институту жана «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму чогуу жүргүзгөн иликтөө Кыргызстандагы жабык жайларда пневмониянын симптомдору 1000ден ашык адамдан байкалганын аныктады. Бул тууралуу 28-октябрда аталган уюмдардын жетекчилери Бишкекте атайын басма сөз жыйынында билдиришти. Иликтөөдө 47 колонияга 1000ге жакын адам пневмония менен кайрылганы жана алты адам каза болгону жазылган. 22 адам ПЧР тестин тапшырган. Кыйноонун алдын алуу борборунун жетекчиси... Читать дальше...

Депутат Нышанов: Төрага Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтолуп жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште төрага Канатбек Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүлүп, кол топтолуп жатат. Бул тууралуу 28-октябрда «Азаттыкка» депутат Сайдулла Нышанов билдирди. Анын айтымында, маселе парламенттин эртеңки (29-октябрдагы) жыйынына чыгышы ыктымал: «Мага келип, кол коюуну суранышты, мен макул болгон жокмун. Угушума караганда 80ге жакындап калыптыр. Демилге фракциядан же көпчүлүк коалициядан болсо, ачык чыкмак. Бул депутаттардын эле демилгеси болсо керек. Коомдо парламентке ишенбестик, нааразылык көбөйдү. Читать дальше...

Бишкекте иштен алынган эки вице-мэрдин тарапкерлери митингге чогулду

Azattyk.org 

28-октбярда Бишкек мэриясынын алдында вице-мэрлик кызматтан алынган Алымбек Абдылдаев менен Виктория Мозгачёванын тарапкерлери митингге чогулуп, аларды кайра ордуна коюуну талап кылышты. 50дөн ашык адам «Иштеткиле!», «Вице-мэрлерди кайтаргыла!» деген транспаранттарды кармап турушту. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев алар менен жолугуп, арызын укту. Кийин алардын делегаттарын ичкери кирип сүйлөшүүгө чакырды. Бишкектин төрт вице-мэринин экөө - турак жай, коммуналдык чарба... Читать дальше...

Министрликке талапкер Аида Исмаилова депутаттардын сынына кабылды

Azattyk.org 

Парламентте талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине көрсөтүлүп жаткан Аида Исмаилова 28-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттардын сынына кабылды. Депутат Үмбөталы Кыдыралиев Исмаилованын пандемия учурунда шайлоого катышканын белгилеп: «Сиз сыяктуу аткаминерлер бардык эрежелерди уятсыздык жана жоопкерчиликсиздик менен жерип, шайлоого барып, 5-октябрдагы окуяга салым кошту», - деп айтты.   Исмаилова күнөөсү жок экенин белгилеп, шайлоого оору боюнча кырдаал жөнгө салынгандан кийин кеткенин айтты. Читать дальше...

ИИМдин Жол коопсуздугу мекемесинин жетекчисинин орун басары кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын (ЖККББ) башчысынын орун басары, милициянын подполковниги «С.Н.Р.» кармалды. Бул тууралуу 28-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирге өткөргөн ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө ЖККБнын жетекчилиги тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз алуу боюнча коррупциялык схеманы аныктаган. Анын жыйынтыгында кармоо 27-октябрда болгон. Читать дальше...

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, вирус 538 кишиден табылды

Azattyk.org 

28-октябрга карата бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония дагы эки кишинин өмүрүн алып, 538 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Бир суткада илдеттен 414 киши айыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1138ди түздү. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 57 276 адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 48 637 киши. Учурда 3 479 бейтап стационарларда... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат

Azattyk.org 

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Күн тартибине ылайык, жаңы эки депутат ант берди, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселеси каралып, колдоого алынды. Мындан тышкары, өкмөт башчынын вице-премьерлик кызматка Элвира Сурабалдиеваны, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованы дайындоо тууралуу сунушу каралууда. Эки талапкер буга чейин парламенттин конституциялык комитетинен жактырылган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *