Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2020

Новости за 29.10.2020

30-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

30-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13; Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 8…13; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11; Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 5…10; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1 градус болот. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

Бишкекте элдик курултай деп аталган жыйын конституциялык реформаны талкуулады

Azattyk.org 

Бүгүн, 29-октябрда Бишкекте «Конституциялык реформа – мезгилдин талабы» деген темада жыйын өттү. Уюштуруучулар элдик курултай деп атаган иш-чараны «Кыргызстан элинин аксакалдары», «Элдик курултай», «Жети дубан ынтымагы» жана башка коомдук уюмдар менен катар жеке адамдар тобу өткөргөнүн «Азаттык» радиосуна «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди. Анын айтымында, жыйынга катышкандардын арасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кеңешчилери да болду. Жыйын азыркы бийликтин демилгелерин колдоп... Читать дальше...

Казакстанда активисттердин үйлөрү тинтилди

Azattyk.org 

Казакстандын баш калаасы Нур-Султандын полициясы бир нече жарандык активисттин үйлөрүндө тинтүү жүргүздү. Активисттер Алматыда 31-октябрга белгиленген митинг алдында басымга туш болушканын айтышууда. Шаар бийлиги эки укук коргоочуга акция өткөрүүгө уруксат берген. Активисттер саясий реформаларды, куугунтукту токтотууну талап кылып чыгууну көздөшөт. Нур-Султандын тургуну, активист Серик Жахин полиция шейшембинин кечинде үйүнө келип, эч кандай документ көргөзбөстөн телефонун, эски блокнотторду алып кеткенин «Азаттыкка» айтып берди. Читать дальше...

Беларуста ички иштер министри алмашты

Azattyk.org 

Беларустагы медиа каражаттарынын жазганына караганда, Юрий Караевдин ордуна Иван Кубраков дайындалды. 45 жаштагы Кубраков буга чейин Минск шаардык милиция башчысы болуп иштеп келген. Ал эми мурдагы министр Караев Александр Лукашенконун Гродно облусу боюнча жардамчысы болуп дайындалганын «БелТА» агенттиги жазды. Юрий Караев Ички иштер министрлигин 2019-жылдан бери жетектеп келген. Ал бийликке каршы акциялардын катышуучуларына каршы абдан катаал чара көрүп, полициянын зордук-зомбулугунун символу катары аталып жаткан. Читать дальше...

Өкмөттүн аппараты Садыр Жапаровдун элчилер менен болбой калган жолугушуусунун себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Өкмөт аппараты билдирүү таратып, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Кыргызстанда аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, ошондой эле чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен белгиленген жолугушуусунун болбой калышынын себебин түшүндүрдү. Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү 29-октябрда кабарлагандай, жолугушуу 28-октябрь саат 14:00гө белгиленген. Ушул эле күнү премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземи да белгиленип калгандыктан... Читать дальше...

Жалал-Абад милициясы: Бозумчак комбинатына кирип баргандар боюнча териштирүү башталды

Azattyk.org 

Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» алтын комбинатына жергиликтүү 100дөй жаран барып, талап койгону тууралуу мурда маалымат тараган. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда 28-октябрда саат 14:00 чамаларында Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан кен казуучу ишкананын ичине жергиликтүү 100дөй тургун кирип барып, «айылдын жолун оңдойсуңар, анан иштейсиңер» деген талап койгон. Читать дальше...

Садыр Жапаров: Кадрларды эки-үч айдан кийин сынак аркылуу кайра тандап, тазалайбыз

Azattyk.org 

Мамлекеттик кызматтардагы азыркы дайындоолор өлкөдөгү саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатат жана 2-3 айдан кийин ал орундардын баарына сынак аркылуу тандоо уюштурулат. Бул тууралуу 29-октябрда өкмөттүк жыйында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров билдирди. Жапаров соңку дайындоолордо мүчүлүштүктөр бар экенин мойнуна алып, мамлекеттик башкаруу системасына жаңы мамиле калыптандыруу муктаждыгы жаралып жатканын, бул багытта мекеме аралык комиссия түзүлөрүн айтты. Читать дальше...



«Электр станциялары»: ЖЭБде жарылуу болгон жок

Azattyk.org 

«Улуттук энергохолдинг» компаниясы жана «Электр станциялары» ишканасы билдирүү таратып, Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жагдайга байланыштуу түшүндүрмө берди. «Электр станцияларынын» басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева «Фейсбукка» койгон маалыматында белгилегендей, алгач «Түндүкэлектр» ишканасынын «Бишкек» көмөкчордонуна (110 кВ подстанция) энергия жиберген ЖЭБдин ачык бөлүштүрүүчү каражатынын (ОРУ - открытое распределительное устройство) кабелдик линиялары чапташып (замыкание) калган. Читать дальше...

Коронавирустан улам Францияда толук карантин киргизилди

Azattyk.org 

Францияда 29-октябрдан тартып экинчи жолу толук карантин киргизилди. Барлар, ресторандар жана бир катар ишканалар коронавирус күч алганына байланыштуу жабылды. Франциянын президенти Эммануэл Макрондун айтымында, күнүнө он миңдеген адамдан вирус табылып жатканына байланыштуу саламаттык сактоо системасына күч келүүдө. Жазындагыдай эле бул жолу өлкө тургундарына жүйөлүү себепсиз үйдөн чыгууга болбойт. Болгону азык-түлүк алганы чыкканга, ооруканаларга барууга жана бир саат спорт көнүгүүлөрүн сыртта жасоого уруксат берилет. Читать дальше...

Садыр Жапаров: Коррупцияны конституциялык реформадан кийин жойбосок, азыр жоюу татаал болуп жатат

Azattyk.org 

Коррупцияга каршы күрөш өтө татаал болуп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн ушу тапта өтүп жаткан жыйынында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, жемкорлукту жоюуга шарт түзүш үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү зарыл болуп жатат. «Коррупция менен күрөшүү өтө татаал болуп жатат, - деди Жапаров. - Чырмалышып калган экен. Муну конституциялык реформа жасап, башкаруу системасына өзгөртүү киргизгенден кийин гана жоё албасак, азыр жоюу өтө татаал экен. Бирок, колдон келген аракетибизди кылып жатабыз. Читать дальше...

Тоолуу Карабактагы жаңжал боюнча Женевада жолугушуу өтөт

Azattyk.org 

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабактагы куралдуу жаңжалдын курмандыктары көбөйүүдө. АКШнын арачылыгындагы үчүнчү жолку ок атышууну токтотуу келишиминин бузулушу үчүн тараптар бири-бирин айыптап жатат. 29-октябрда Женевада Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери ЕККУнун алкагындагы Минск тобунун теңтөрагасы болгон өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөрү кабарланды. Карабак чатагын жөнгө салуу боюнча топтун теңтөрагалары катары АКШ, Орусия жана Франция... Читать дальше...

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын бөлүм башчысы вагондорду сатууга шектелип кармалды

Azattyk.org 

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер боюнча башкармалыгынын башчысы (Дж.К.) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 29-октябрда (Финансы полициясы) кабарлады. Анда айтылгандай, тергөө учурунда «Кыргыз темир жолунун» жооптуу кызматкерлери жеке пайда табуу үчүн тиешелүү уруксат кагаздары жок, темир жол вагондорун мыйзамсыз талкалап салышкан. Натыйжада бюджеттен ири көлөмдө зыян келтирилген. Читать дальше...

Блогер жандыктын башы салынган куту алды

Azattyk.org 

Нарындык журналист, блогер жана жарандык активист, медиа чөйрөдө Эркежан Исакова аттуу псевдоним менен чыгып жүргөн Элмира Ниязбекова белгисиз адамдардан жандыктын башы салынган куту алды. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Маалыматты ал «Азаттыкка» да ырастап, ага куту Бишкектен салынганын, анын колуна 27-октябрда тийгенин билдирди. Блогер буга байланыштуу 28-октябрда Нарын шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазганын кабарлады. Элмира Ниязбекова журналист катары мурдатан коррупциялык жана башка темаларды жазып келгенин... Читать дальше...

Бишкек ЖЭБи аварияга кабылганы кабарланды

Azattyk.org 

Интернет колдонуучулар Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) аварияга кабылганын жазып, социалдык тармактарда сүрөт, видеолорду жарыялап жатышат. Башка колдонуучулар борбор шаардын бир топ райондорунда жарык өчүп калганын жазышты.   «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын өкүлү Фатима Төрөканова менен «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева азыр эмне болгонун тактап, андан кийин жооп берерин билдиришти. Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров 27-октябрда Бишкек... Читать дальше...

Ошто күйөөсүнүн токмогунан каза болгон келиндин апасы да көз жумду

Azattyk.org 

Ош шаарында күйөөсүнүн токмогунан каза болгон кош бойлуу келиндин апасы да көз жумду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык оорукананын башкы дарыгери Кыялбек Ташболотов билдирди. «Алган жараатынан улам мурдагы күнү каза болду. Мээсине кан куюлуп кеткен экен», - деди ал. 22-октябрда Ошто 29 жаштагы жети айлык боюнда бар келин күйөөсүнүн токмогунан каза болгон. Маркумдун апасы да кылмышка шектүү жарандан катуу токмок жегенин айткан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жубайынын өлүмү үчүн шек саналган эркекти өткөн аптада кармаган. Читать дальше...

Укук коргоочулар түрмөдө коронавирус чыкканын эскертти

Azattyk.org 

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор, Акыйкатчы институту жана «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму чогуу жүргүзгөн иликтөө Кыргызстандагы жабык жайларда пневмониянын белгилери 1000ден ашык адамдан байкалганын аныктады.

Галина Байтерек президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды

Azattyk.org 

Тележурналист Галина Байтерек президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бул тууралуу жарлыкка кол койгону жөнүндө маалымат 29-октябрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды. Галина Байтерек көп жылдардан бери Коомдук телерадиокорпорацияда иштеген. Коомдук-саясий, экономикалык программаларды алып барчу. 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. 2017-жылы алты жылдык президенттик... Читать дальше...

Түркмөнстан карантин чараларын күчөтөт

Azattyk.org 

Түркмөнстанда коронавирустун жайылышына байланыштуу абал оорлошуп баратат. 1-ноябрдан тарта өлкөдө карантиндик чектөөлөр күчөшү мүмкүн деген кабарлардан кийин кырдаал ого бетер чыңалууда.

Тогуз миллиард сомдун өөнөлгөнү иликтене баштады

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) казынага тогуз миллиард сомдук зыян келтирген коррупциялык схемага Социалдык фонддун жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү аралашкан деп шек санап, тергөө жүргүзүүдө. Жергиликтүү медиа бул кылмыш иши «Кумтөр» компаниясына байланыштуу экенин жазып чыкты.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *