Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Новости за 02.01.2021

Калиевага каршы иштин жаңы жагдайлары

Azattyk.org 

УКМК Евробиримдиктин долбоору боюнча Жогорку соттун төрайымын жемкордукка айыптаган иштин буга чейин айтылбаган жаңы жагдайлары белгилүү боло баштады.

Садыралиев: Өлкөдөгү абалга зээним кейийт

Azattyk.org 

"Азыркы кыргызстандык" подкастынын бул жолку каарманы ырчы, маданияттын мыкты кызматкери Султан Садыралиев. Ал чыгармачылык, Кыргызстандагы соңку окуялар жана келечекке карата үмүттөрү тууралуу ой бөлүштү.

УКМК: Аксыдагы тополоң мыйзам чегинде тергелүүдө

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчилиги 2-январда нааразылык акциясына чыккандар менен жолугуп, Кербен шаарындагы окуя мыйзам чегинде иликтенип жатканын жана тыкыр көзөмөлдө экенин билдирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымат таратты. Атайын кызматтын кабарлашынча, УКМКнын облустагы башкармалыгынын алдына үч жүздөй киши топтолгон. Алар атайын кызматтын өкүлдөрүнөн тополоңго айыпталып кармалгандарды үй камагына чыгаруу жана... Читать дальше...

Хабаровскиде экс-губернаторду колдогон жүрүш бул сапар болгон жок

Azattyk.org 

Хабаровскиде 2-январда жергиликтүү бийлик имаратынын алдында ондогон адамдар акцияга чыгышты. Алар экс-губернатор Сергей Фургалды колдоо үчүн чогулушту. Жергиликтүү маалымат каражаттары алгачкы жолу салтка айлангандай ар ишембидеги акция жүрүш менен коштолгон жок. Хабаровскидеги каршылык акциялары Сергей Фургал 15 жыл мурдагы киши өлтүрүү ишине байланыштуу айыпталып, 9-июлда камалгандан кийин башталган. Фургал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Ал Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясына мүчө болбой туруп... Читать дальше...

Рухий мурастардан идея тапкан сүрөтчү

Azattyk.org 

Сүрөтчү, керамист, дизайнер Замир Илипов «Манас» эпосу «Сүрөттүү Манас» деген аталышта комикс вариантында чыккан китептин сүрөттөрүн, «Үч берен», “Манастын келиши”, «Сейтек» аттуу композицияларын жараткан. Ал кыргыз эл жомокторуна, балдар адабиятына байма-бай сүрөттөрдү тартып келет.

Индия неге Oxford / AstraZeneca вакцинасын жактырды?

Azattyk.org 

Индия 2-январдан тартып COVID-19 илдетине каршы жапатырмак эмдөө алдында машыгуу өткөрүп жатат. Ал эми келээрки аптадан тартып бул өлкөдө Оксфорд университети / AstraZeneca вакцинасы менен жапатырмак эмдөө иштери башталмакчы.

Жалал-Абадда шектүү төрт килограммга жакын баңгизат менен кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Токтогул районунан буга чейин ачылган кылмыш иштин алкагында бир киши кармалып, жанынан 3 килограмм 618 грамм баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы маалымдады. ИИМдин маалыматына ылайык, Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкы башкармалыгынын ыкчам тобу Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында жаткан 32 жаштагы шектүү Жалал-Абад облусундагы Республикалык психиатриалык ооруканасында мажбурлап дарылоого жаткырылган жаран аркылуу маңзат алып келүүгө буйрук берген. Читать дальше...

Грозныйдагы кол салууга ИМ террордук тобу жоопкерчилик алды

Azattyk.org 

Чеченстандын борборунда 28-декабрдагы бир полиция кызматкеринин өмүрүн алган кол салуу боюнча жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өз мойнуна алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Кандуу окуя Грозныйдын борборунда орун алган. Расмий маалыматка караганда, бир туугандар Хасан жана Хусейн Тимурзиев патрулдук кызматтын инспекторуна бычак менен кол салып, куралын тартып алууга аракет кылган. Кол салууда бир полиция кызматкери каза болуп, өнөктөшү жараат алган. Ингушетиянын тургундары Тимурзиевдер кармоо учурунда өлтүрүлгөн. Читать дальше...



Адвокат: Садыр Жапаровдун барымта боюнча иши 21-октябрда кыскарган

Azattyk.org 

Премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырып, президенттикке ат салышып жаткан Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов Жапаровдун барымта боюнча иши 2020-жылдын 21-октябрында кыскарганын “Азаттыкка” маалымдады. Жактоочу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ишти кыскартты деген токтомду да бөлүштү.   УКМКнын тергөөчүсү Мамбетакуновдун колу коюлган документте 2013-жылы 7-октябрдагы Каракол шаарында болгон окуяга Жапаровдун катышты бар экени жөнүндө түз далилдер жетишпегендиктен ишти кыскартуу чечими кабыл алынган. Читать дальше...

Казакстандын президенти өлүм жазасын тыйган мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тынч маалда өлүм жазасын колдонууга тыюу салган эл аралык келишимге кол койду. Бул тууралуу маалымат казак президентинин сайтына жайгаштырылды.  Өлкө бул жазаны жокко чыгарган жарандык жана саясий укук жөнүндө Эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколуна кошулду. Документте протоколдун катышуучулары өлүм жазасынан баш тартуу адам укуктарын сактайт жана адамдык ариетти бекемдейт деп эсептери жазылган.  Казакстан эми Кылмыш кодексинин 17 беренесинен... Читать дальше...

Аксыдагы тополоңго байланыштуу камалгандардын тарапташтары митингге чыгышты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Жалал-Абаддагы башкармалыгынын имаратынын алдына 7-октябрда Аксы районундагы тополоңго байланыштуу камалган Кутман Шадыбеков, Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбековдун тарапташтары, Ак-Дөбө айылынын тургундары нааразычылык акциясына чыкты. Жергиликтүү кабарчыбыздын айтымында, жүздөгөн адамдар кармалгандарды үй камагына чыгарууну талап кылышууда. Учурда атайын кызматтын өкүлдөрүнөн бул боюнча комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек. Чогулгандар... Читать дальше...

Чынгышев: Кумтөр боюнча келишимибиз иштеген жок

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Турсунбек Чынгышев болду. Ал комсомолдогу, партиялык кызматтардагы саясий карьерасы, Токтогул ГЭСинин кечигип пайдаланууга берилишинин себептери, СССРдин кыйрашындагы Кыргызстандагы абал, сомдун киргизилиши, “Кумтөргө” байланышкан “алтын чыры” жана саясатчылар Аскар Акаев, Султан Ибраимов, Насирдин Исанов тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Пандемия дүйнөнү өзгөрткөн жыл

Azattyk.org 

2020-жылды салют атып, шампан ачып, салтуу шаан-шөкөт менен тосуп алып жатканда адамзатты алдыда кыйын сыноо күтүп жатканын эч ким сезбесе да керек. Соңку 12 айда мурда жолукпаган коронавирус биздин жашообузду олуттуу өзгөрттү.

Аба ырайы: туман түшөт, кар жаабайт

Azattyk.org 

3-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7; Талас облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3; Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25... Читать дальше...

Коронавирустун жаңы штаммы Түркияда да катталды

Azattyk.org 

Буга чейин Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммы (түрү) Түркияда да катталды. Бул тууралуу 1-январда өлкөнүн салматтык сактоо министри Фахреттин Кожа кабарлады. Жаңы штамм Британиядан Түркияга учуп келген 15 жарандан табылган. Министр Кожа бейтаптар үй-бүлөсү менен Газиантеп жана Балыкесир аймактарында обсервацияга алынганын билдирди. Ал эми Түркиянын Транспорт министрлиги 1-январдан баштап Британия менен аба каттамдарын токтотконун кабарлады. Коронавирустун жаңы мутацияланган... Читать дальше...

Укук коргоочулукка жетелеген оор жылдар

Azattyk.org 

Азиза Абдирасулова укук коргоочу болгонго чейин татаал тагдырды башынан өткөргөн. Ал Майлуу-Суудагы оор күндөр, тирилик үчүн таштандыдан темир-тезек издеген учурлары, айласыздан Бишкекке келип “Ош базарында” тамак саткан кездери, гезитке макала жазып жүрүп жарандык активисттер менен таанышканы, эки күнгө камалганы, соттолгону тууралуу сыр бөлүштү. Ошондой эле азыркы жашоосу, укук коргоочулук ишмердиги, өзү түптөгөн “Кылым шамы” уюмунун жетекчилигинен кеткенин айтып берди.

Коронавирус дагы эки медициналык кызматкерден табылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери илдет 4120 медкызматкерге жукту. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штаб 2-январда билдирди. Маалыматка караганда, акыркы бир суткада Бишкек жана Ысык-Көл облусунда эки медициналык кызматкерден вирус табылды. Алардын бири "кызыл зонада" иштеп жаткан. Бир күндө үй карантинден беш медкызматкер чыкты.Пандемияда вирустан каза тапкан медкызматкерлержин саны 80ден ашты. Оору жугузуп алган медиктердин 3932и айыкканы кабарланды. Читать дальше...

Өкмөт 8-январга чейин мал-жандыктарды сыртка сатууга уруксат берди

Azattyk.org 

Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлиги буга чейин тыюу салынган мал-жандык жана айыл чарба азыктарын сыртка чыгарууга бир жумага уруксат берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Министр Тилек Токтогазиевдин айтымында, мындай чечим көптөгөн жолугушуулардагы сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды. Айрым ишкерлердин товар жеткирүү боюнча буга чейин түзүлгөн келишимдерин аткарып алууга убакыт берилди. Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында эт чукул кымбаттап кеткендиктен... Читать дальше...

Шайлоо: үгүт учурунда бузулган мыйзам

Azattyk.org 

Президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фонду соңку бир жумада административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу жана шайлоочуларга кысым көрсөтүү боюнча шайлоо мыйзамын бузган 27 учур катталганын билдирди. БШК анын астында ыкчам чара көрүү тобуна келип түшкөн маалыматтарды факт катары аныктап, мыйзамдуу чара көрүп, тиешелүү корутунду чыгаруу үчүн укук коргоо органдарына жиберилгенин билдирди. БШКнын маалыматы боюнча шайлоо мыйзамын бузууга байланыштуу кырктан ашуун арыз келип түшкөн. Читать дальше...

COVID-19 бир күндө дагы 58 кишиден табылып, илдеттен эки киши көз жумду

Azattyk.org 

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 2-январдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус Бишкекте дагы эки кишинин өмүрүн алды. Бир күндө вирус дагы 58 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 81 214 адамды түздү. Анын 76 351и сакайганы айтылды. Бир күндө 203 адам ооруканалардан айыгып чыкты. Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1358 кишиге жетти. Читать дальше...

УКМК: теракт жасоого аракет кылган киши кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 31-декабрында коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматы менен биргеликте Кыргызстандын аймагындагы пландалган террордук актынын алдын алганын кабарлады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, теракт жасоого аракет кылган деген шек менен 23 жаштагы кыргыз жараны Ош облусунун аймагында кармалды. Учурда Жазык кодексинин 239-беренеси (“Терроризм актысы”) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып... Читать дальше...

Сенат Трамптын коргоо жаатындагы мыйзам долбооруна каршы ветосун четке какты

Azattyk.org 

АКШнын Сенатынын басымдуу көпчүлүгү президент Доналд Трамптын коргоо жана сарптоо жаатындагы мыйзам долбооруна каршы ветосун четке кагууну жактап добуш берди. Республикачылар көзөмөлдөп турган Сенат 2021-жылдын 1-январында (эс алуу күнү) чогулган адаттан тыш отурумунда президенттик вето маселесин карады жана Сенаттын 81 мүчөсү аны четке кагууну туура көрдү. Президенттин ветосун жокко чыгаруу үчүн сенаторлордун бери дегенде үчтөн экиси ветого каршы добуш берүүгө тийиш болчу. Бул – андан алда канча көп добуш менен жүзөгө ашырылды. Читать дальше...

COVID-19: Германиялык BioNTech компаниясы өз вакцинасын кошумча өндүрүүнү тездеткиси келет

Azattyk.org 

Быйыл дүйнө жүзүндө калк саны 7 миллиард 875 миллион кишиге жетиши мүмкүн. Ал эми BioNTech-Pfizer вакцинасы быйыл 650 миллион кишини гана эмдөөгө жетиши күтүлөт, ошондуктан BioNTech компаниясы өз дарысын кошумча өндүрүү аргаларын ойлонуштурууда.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *