Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов дүйнөдөн кайтты
Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 26-январдын түнүндө 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты Кыргызстандын Жазуучулар бирикмесинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, акын көптөн бери ооруп жүргөн. Акыркы күндөрдө Бишкектеги онкологиялык ооруканада дарыланып жаткан. Анын сөөгү качан жана кайсы жакка коюлары азырынча чечиле элек. Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын... Читать дальше...