Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Новости за 29.01.2021

Президент Зеленский украин парламентинин курамын кыскартууну сунуштады

Azattyk.org 

Украинада парламенттин (Жогорку Раданын) депутаттарынын санын азыркы 450 кишиден 300 кишиге чейин кыскаруу алгылыктуу. Бул тууралуу президент Владимир Зеленский 29-январда билдирди. “Айтмакчы, эми депутаттар 300 эле болсун деген сунуш өтүүсү үчүн 300 добуш керек болот”, – деди Зеленский.   Видео тасма. В.Зеленский референдум тууралуу. (4:29 мүнөттөн; украинче). “Фейсбук”. 29.1.2021. “Жалпы украин референдуму аркылуу элдик бийлик тууралуу” мыйзам, Зеленскийдин оюнча, Украинанын бардык жарандарына... Читать дальше...

Олег Навальный менен Любовь Соболь үй камагына алынды

Azattyk.org 

Орусияда жекшембиге белгиленген нааразылык жыйынынын ирегесинде оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын айрым жөкөрлөрүнө кысым күчөдү. 29-январда Москвадагы Тверской соту “санитардык иш” делген окуя боюнча кармалгандардын бардыгын үй камагына кесип, тергөөчүлөрдүн талабын канааттандырды. Бул иш 23-январдагы өлкөдөгү Навальныйды колдогон массалык нааразылык жыйындардан соң ачылган. Жемкорлукту изилдөө максатында Навальный негиздеген кордун юристи Любовь Соболь, оппозициячыл саясатчынын бир тууганы Олег Навальный... Читать дальше...

Кимбайкенин жалындуу сатирасы

Azattyk.org 

Төлөгөн Карыкеев – сүрөтчү, сатирик, юморчу, жазуучу, айтор, көп өнөрлүү талант. Кыл калем ээлеринен жөн калемди кармап, жумшак юморду, курч сатираны сөз жана чийме аркылуу келиштире берген саналуу таланттардын бири – Төкөбүз ("Кимбайке"). Бекташ Шамшиевдин блогу.

Путин Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишимин узартуу тууралуу мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 29-январда Стратегиялык чабуул куралдарын анан ары чектөө жана кыскартуу тууралуу АКШ менен Орусиянын ортосундагы жаңы келишимди дагы 5 жылга узартуу тууралуу мыйзамга кол койду. Бул мыйзам Орусиянны Мамлекеттик думасы тарабынан 27-январда кабыл алынган жана ошол эле күнү Орусиянын парламентинин жогорку үйү – Федерация Кеңеши тарабынан жактырылган. Бул келишимди узартуу «Орусиянын улуттук кызыкчылыктарына төп келет жана Орусия менен АКШнын өз ара стратегиялык... Читать дальше...

Казакстанда мунай кенинин жумушчулары иш таштады

Azattyk.org 

Казакстандын Актөбө облусундагы Башенкөл кенин иштеткен «АМК-Мунай» мунай компаниясынын 60ка жакын жумушчусу иш таштады. Алар маянаны 100% көтөрүүнү талап кылууда. Өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылган жумушчулар учурда 67 миң теңгени түзгөн маянаны 150 миңге теңгеге чейин көтөрүүнү талап кылышты. «Айлыкты көтөрүү - биздин жалгыз талабыбыз. Майрам күндөрү, түнкү күзөттө иштеген учурда мыйзамда көрсөтүлгөндөй төлөнбөйт», деп айтылат кайрылууда. Жумушчулар буга чейин тиешелүү органдарга... Читать дальше...

Президент Жапаровдун алгачкы жарлыктары

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун алгачкы кадамдары өлкөнүн өнүгүү ыргагын токтоткон тоскоолдуктарды жоюуга багытталган кечиктирилгис чаралардан турары белгиленди. Бул үчүн мамлекет башчы системалуу коррупциянын тамырын кыркууга, араңжан экономиканы жандантууга жана бул үчүн ишкерлер менен инвесторлорго жеңилдик берип, жагымдуу шарттарды түзө турган жаңы мамлекеттик саясаттын концепциясын иштеп чыгууга багытталган жарлыктарга кол койгону дайын болду. Саясат талдоочулар жаңы президенттен коомчулуктун күткөнү көп... Читать дальше...

Евробиримдик «Pfizer» вакцинасын Британияга экспорттоого чек коюшу мүмкүн

Azattyk.org 

Европа Биримдиги коронавируска каршы «Pfizer/BioNTech» вакцинасын Британияга экспорттоого чек коюшу мүмкүн. Мындай чечим Британиянын Европа өлкөлөрүнө COVID-19 вирусуна каршы дагы бир «AstraZeneсa» вакцинасын жеткирүүдө милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн кабыл алынышы ыктымал.  Бул тууралуу Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин расмий катына шилтеме берип британиялык «The Independent» гезити жазып чыкты. Басылманын маалыматы боюнча, Британияга карата чара көрүү тууралуу демилге менен Еврокеңешке Австрия, Чехия, Дания жана Грекия кайрылган. Читать дальше...



Ээн кыштоодо гүлдөй өмүр кыйылды

Azattyk.org 

Нарындын Кочкор районунда 23 жаштагы аялдын өлүмүнө шек саналып 25 жаштагы эркек кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жаш келин менен анын өлүмүнө шектүү тааныш болгон. Адам өлүмүнө жеткирген окуя эмнеден улам чыкканы белгисиз. Укук коргоо органдары кылмыштын чоо-жайын териштирип жатат. Ушул жылдын 23-январында Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө саат 21:30 чамасында Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Чоң Кара-Кужур өрөөнүнүн Тынай-Булак кыштоосундагы сарайда адамдын сөөгү жатканы тууралуу маалымат берген. Читать дальше...

Экс-президент сотко чакырылды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишине байланыштуу сотко чакырылды. Ошто милиция кызматкери киши колдуу болду. Пентагон “Талибан” өзүнө алган милдеттенмесин толук аткарбай атат”, - деп эскертти.

Өкмөттү түзүү күн тартибине чыкты

Azattyk.org 

Президенттин инаугурациясынан кийин жаңы өкмөттү шайлоо күн тартибине чыкты.  Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка талапкер тууралуу расмий сүйлөшүүлөрдү баштай элек. Буга чейин Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов парламенттеги коалиция өкмөт башчылыкка талапкерди президенттин инаугурациясынан кийин көрсөтө турганын айткан болчу.  Коалициядагы «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев өкмөт башчылыкка талапкер жаңы президенттин пикирин... Читать дальше...

Жамин Акималиев: Усубалиев менен түз сүйлөшчүмүн

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн коногу “легендарлуу парламенттин” депутаты, академик Жамин Акималиев болду. Биздин каарман совет заманындагы кыргыз кадрларын даярдоо, колдоонун жолдору, депутаттарды шайлоодогу бийликтин кийлигишүүсү, мамлекет жетекчилери Хрущев, Усубалиев, Акаев менен жолугушуулары, мамилеси, айтылуу “алтын маселесинин” тагдыры, легендарлуу парламенттин коомдогу орду ж.б. маселелер жөнүндө кеп кылат.

Навальныйдын штаб башчысы Леонид Волковго издөө жарыяланды

Azattyk.org 

Орусиянын Тергөө комитети оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын аймактык штабдарынын башчысы Леонид Волковго издөө жарыялады. Волковго карата «Уруксатсыз нааразылык акциясына жашы жете электерди чакыруу» деген берене боюнча сыртынан айып коюлду.  Ага Волковдун өспүрүмдөрдү акцияга чыгууга чакырган тасмасы негиз болгону кабарланды. Оппозициячыл активист учурда чет өлкөдө жүрөт. Леонид Волков бул кылмыш ишине жазуучу Жорж Оруэлл китебинен үзүндү келтирип, какшыктап жооп кайтарды. Орусияда... Читать дальше...

Финпол депутат Кубанычбек Жумалиевдин жакындарын кармады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев менен анын жакындарына карата сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз борбору маалымдады. Мекеме кабарлагандай, Финансы полициясына германиялык инвестордун ири суммадагы акчага байланыштуу алдамчылык фактысы тууралуу арызы келип түшкөнү себеп болгон. Арызда депутат менен анын туугандары чет элдик инвестордун ишенимине кирип 1 миллион АКШ долларына бааланган жабдууну алып... Читать дальше...

Пентагон талибдердин убадасын эске салды

Azattyk.org 

АКШнын Коргоо министрлиги «Талибан» Ооганстанга тынчтык орнотуу келишиминдеги милдеттенмелерин аткарбай, «Аль-Каида» менен алака-катышын үзбөй жатканын эскертти. Мунун алдында Вашингтон Дональд Трамп президент болуп турган кезинде кол коюлган бул келишим кайра каралып чыгышы мүмкүн экенин маалымдаган. Кабул менен талибдер 19 жылга чукулдаган согуштуу токтотуш үчүн былтыр сентябрдан бери Катарда көзмө-көз сүйлөшүп жатат, бирок андан азырынча майнап чыга элек.  Пентагондун басма сөз өкүлү Жон... Читать дальше...

TI: Кыргызстан жемкорлук желесинен чыга элек

Azattyk.org 

Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин изилдеген «Transparency International» эл аралык уюму жарыялаган жаңы баяндамага ылайык, Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи. Бул Кыргызстан дагы деле коррупция күч алган мамлекеттердин катарында дегенди билдирет. «Transparency International» эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 100 баллдын ичинен 31 балл алып, бул жылы да коррупция күч алган мамлекеттердин катарына кирди. Аталган уюмдун адистеринин баамында... Читать дальше...

Садыр Жапаровдун алгачкы беш жарлыгы чыкты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-январда алгачкы беш жарлыгына кол койду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, биринчи жарлык элдин руханий өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу. Кийинки жарлыктар кадр саясатына, ишкерлердин менчигин жана инвесторлорду коргоого, миграциялык абалды жакшыртууга жана тоо-кен тармагын реформалоого багытталган. Кыргызстанда 2020-жылдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик чукул алмашкан. 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Читать дальше...

Бизнес-акыйкатчы ишкерлер үчүн тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит ишкерлерге карата кысым болуп жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Ишкерлердин укугун коргоочу омбудсмен 29-январда билдирүү таратып, кайсы бир экономикалык мыйзам бузуу боюнча шек саналып жаткан ишканалардын жеке маалыматы ачык жарыяланганы мыйзамга каршы келерин, Жазык-процессуалдык кодекс сотко чейинки териштирүүнүн маалыматтарын жарыялоого тыюу саларын белгиледи. Ошону менен катар ал соттун мыйзамдуу чечими чыкмайынча кимдир-бирөөнү... Читать дальше...

Сурабалдиева: Жаңы тергөө абагын куруу зарыл

Azattyk.org 

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Элвира Сурабалдиева 29-январда Бишкектеги №1 тергөө абагына барып, анда иштеген кызматкерлер жана камактагылар менен жолугуп, абактагы эпидемиологиялык кырдаалды көрдү. Сурабалдиева имараттын ички абалы, инфратүзүмү эскиргенин белгилеп, бул жайда камактагы жарандар менен кызматкерлер үчүн оор кырдаал түзүлгөнүн айтты. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүү таратып, абакта коронавируска каршы катуу санитардык чаралар көрүлүп жатканын маалымдады. Сурабалдиева: «Камералардын абалы абдан начар. Читать дальше...

«Кыйноого каршы коалиция»: Соттолгон милиционер акталууга аракет кылып жатат

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын мурдагы жетекчиси Ислам Шералиев өзүнө карата чыккан сот өкүмүн жокко чыгарып, актоо тууралуу өтүнүч менен Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу «Кыйноого каршы коалиция» уюму кабарлады.  Уюмдун маалыматына караганда, 2016-жылы шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында камакта отурган бир адам кыйноого кабылганын айтып, Шералиевди айыптаган. Прокуратура анын арызынын негизинде Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык... Читать дальше...

Эсеп палатасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун текшерди

Azattyk.org 

Эсеп палатасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун 2017-2018-жылдардагы чыгымдарын, «Кумтөр» компаниясы берген каражаттын эсебин териштирип чыкты. Анын негизинде Палата өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фондду башкаруу боюнча дирекция түзүү укугуна баа берүүнү сунуш кылып Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу Эсеп палатасы маалымат таратты. Маалыматка караганда текшерүү учурунда фонддун каражаттарын башкаруу дирекциясынын башчысы бөлүштүрөрү, ага мындай укукту өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү ыйгарганы... Читать дальше...

Эл аралык эксперттер Уханда коронавирустун чыгышы боюнча иликтөөнү баштады

Azattyk.org 

СOVID-19 вирусунун чыгышын иликтеген эл аралык эксперттер тобу Кытайдын Ухань шаарында ишин баштады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрү Кытайда эки апталык карантинден соң 28-январда Ухандагы ооруканага барып, кытайлык окумуштуулар менен жолукту. Эми алдыдагы эки жума ичинде адистер 2019-жылы коронавирус алгач жолу аныкталган бул шаардагы базарга, ооруканаларга, лабораторияларга барышат.  АКШ, Австралия, Германия, Жапония, Британия, Орусия, Нидерлландар, Катар жана Вьетнам өңдүү... Читать дальше...

Мугалим окуучуга жыныстык ыдык көрсөттү деп шек саналгандан кийин мектептер текшерилүүдө

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназияда тарых сабагынын мугалими окуучуга жыныстык ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалды. Бул факт боюнча тиешелүү райондун ички иштер бөлүмү Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 165-беренеси («Уятсыз иш-аракеттер») менен сотко чейинки териштирүү ишин ачты.  Шектүү мугалим кармалып, убактылуу камакка алынды. Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык 2020-жылдын 13-январында №64 мектепке мугалим болуп кирген жаран 1995-1997-жылдары... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *