Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 02.02.2021

Конституциянын жаңы долбоору парламентке жиберилди

Azattyk.org 

Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип жазылган Баш мыйзамдын жаңы долбоору 2-февралда Жогорку Кеңешке жиберилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди. Анын айтымында, эки айдан ашуун иштеген кеңешме ишин аяктады. Аталган кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 27-январда кабыл алган. Анда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт, президенттин администрациясын... Читать дальше...

Ош милициясы «Азаттыктын» кабарчысына кол салган жаранды издөөдө

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулуна кол көтөргөн жаранды издей баштады.  Бул тууралуу 2-февралда аталган башкармалык кабарчы менен 6-октябрдагы окуя боюнча сурак жүргүзгөндөн кийин билдирди.  6-октябрь күнү саат 8:30 чамасында «Реформа» партиясынын мүчөлөрүн ур-токмокко алып жаткан топту «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулу тасмага тартып жаткан учурунда белгисиз бирөөлөр чаап жиберген. Ал учурда шаардагы борбордук... Читать дальше...

COVID-19: Кыргызстан «AstraZeneca» вакцинасын тандады, алгачкы 504 миң доза мартта келет

Azattyk.org 

Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина март айынын башында келет. Бул тууралуу 2-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди: «Биз COVAX программасына кирип, кечээ күнү кайсы вакцина келерин тактап алдык. «AstraZeneca» деген вакцина марттын башында 504 миң доза келе турган болду». Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну октябрь-декабрь айларында болду. Азыр кыргыз өкмөтү бул вирустун... Читать дальше...

Пакистандын Жогорку соту америкалык журналистти өлтүрүүгө катышкан кишини бошотууну чечти

Azattyk.org 

Пакистандын Жогорку соту америкалык журналист Дэниел Перлди өлтүргөн кишини түрмөдөн бошотууга буйрук берди. Өткөн аптада үч судьядан турган коллегия Ахмед Омар Саид Шейхти бошотууну чечкен. Ал 2002-жылы «Wall Street Journal» гезитинин кабарчысын уурдап кетип, көзүн тазалоого катышы үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган. Ал кылмышты «Аль-Кайида» жана Пакистандагы радикал исламчылар ишке ашырган.  Былтыр апрелде өкүм жокко чыгарылып, жети жылга эркинен ажыратууга алмаштырылган.  Лондондогу Жогорку... Читать дальше...

Бишкек ЖЭБинде чыккан өрт өчүрүлдү

Azattyk.org 

Бишкектин Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) бүгүн, 2-февралда өрт чыгып, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү үч машине тартылды. «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жумушчулардан эч ким жабыркаган жок.  Өрттүн чыгышына жер астындагы кампадагы отун жүктөлүүчү конвейерде электр зымдары чагылышкандан чыккан от себеп болгону расмий айтылды. ЖЭБдин маалыматына караганда, өрт өчүрүлдү, конвейерлер бузулган жок, азыр зымдарды текшерүү иши жүрүп жатат. 2018-жылдын январь айында ЖЭБде авария болуп... Читать дальше...

Түркия менен Азербайжан биргелешкен машыгуу башташты

Azattyk.org 

Түркия жана Азербайжан дүйшөмбүдө Армения менен чек ара аймагында 12 күндүк ири масштабдагы аскердик машыгуу башташты. Түркиянын Карс шаарынын жанындагы машыгуу Баку менен Анкаранын байланыштары тереңдеп жатканынын дагы бир белгиси катары каралууда. Түркия жикчил Тоолуу Карабактын айланасында былтыр күзүндө болгон урушта Азербайжанды катуу колдоп келген. Түркиянын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө машыгуу кыш шартында аскердик координацияны жана аскерлердин даярдыгын камсыздоону көздөй турганы айтылат. Читать дальше...

Жапон өкмөтү чукул абалды узартууну чечти

Azattyk.org 

Жапония борбор шаар Токио жана бир нече башка аймактарда чукул абал режимин дагы бир айга узартканы жатат. Өкмөт башка өнүккөн өлкөлөрдөн айырмаланып коронавирустан жапырт эмдөөнү айдын аягында баштамакчы. Эмдөө иштери үчүн жооп берген министр Таро Коно Европа Биримдиги вакцинаны экспорттоону токтото турууну чечкендиктен, иммунизация программасы кечеңдеши мүмкүн экенин эскертти. Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) тобу Кытайдын Ухань шаарында иликтөөсүн улантып жатат. Адистер 2-февралда... Читать дальше...

Садыр Жапаров кадрдык дайындоолор боюнча билдирүү таратты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-февралда «Фейсбуктагы» жеке баракчасы аркылуу кадр маселеси боюнча билдирүү таратты. Ал революция «өлкө оңолсун, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун» деп жасалганын белгилеп, «мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою отурушум керек, жоюлбасын» деген түшүнүктөн алыс болууга чакырды. Ошону менен катар Жапаров акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи же жээнбековчу дегенди токтотуш керек экенин айтып... Читать дальше...



Премьерликке талапкер Марипов парламент комитетине өкмөт түзүмүн, курамын тааныштырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети ушу тапта премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын талкуулап жатат. Буга чейин экономика жана Финансы министрликтери бир блокко биригип, анын жетекчисине вице-премьер-министр деген макам берүү сунуш кылынган. Марипов өкмөттүн курамына 16 талапкерди сунуш кылды. Талапкерлердин сегизи жаңы сунушталууда, калган сегизи өкмөттүн курамында мурда иштеп келгендер. Читать дальше...

Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы боюнча жыйынга качан чогулары белгисиз

Azattyk.org 

Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча жыйынга качан чогулары азырынча белгисиз. Бул тууралуу 2-февралда "Азаттык" радиосуна мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Башкы прокуратура Калиева боюнча сунуштамасын Тартип комиссиясына 28-декабрда жөнөткөн. УКМК Калиева коррупцияга байланыштуу шек саналып жаткандыктан тергөө органдары аны жазык жообуна тартуу максатында Тартип комиссиясына сунуштама бериш үчүн Башкы прокуратурага өтүнүч келтиргенин 26-декабрда маалымдаган. Читать дальше...

Коронавирус дагы эки кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы эки бейтаптын өмүрүн кыйды. Эки учур тең Бишкек шаарында катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин 2-февралдагы маалыматына караганда, бир күндө вирус 58 кишиден жаңы аныкталды. Пандемияда илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча жалпы 1414 кишиге жетти. 18-августка чейин вирустан 498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып келген. Бирок бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын... Читать дальше...

Кыйноого кабылганын БУУ комитети тааныган кыргыз жараны сотко кайрылат

Azattyk.org 

Милициянын кыйноосуна кабылганын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитети тааныган кыргызстандык жарандын адвокаты сотко кайрылганы жатат. Соттон ишин кайра карап чыгууну жана кенемте төлөтүп берүүнү суранмакчы.  Бул тууралуу 2-февралда “Азаттык” радиосуна “Кыйноолорго каршы коалиция” уюму билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, Курманбек Чыныбеков 2007-жылы мал уурулук үчүн соттолгон. Бирок кийин ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун кызматкерлери айыпты моюнуна алдыруу үчүн... Читать дальше...

Ири кендерди мамлекетке алуу сунушталды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун ишке киришкенден кийинки алгачкы беш жарлыгынын экөө экономикага байланыштуу болду. Тагыраагы алар менчикти, ишкерлер менен инвесторлорду коргоого жана тоо-кен тармагын реформалоого багытталды. Бул экономикалык каатчылыкка жана ишкерлерге кысым болуп жатат деген маалга туш келди. Ушул жагдайларды «Элдик экономика» түрмөгүндө талдайбыз. Ата мекендик жана чет элдик ишкерлерди коргоо «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыктын алгачкы пунктунда укук коргоо... Читать дальше...

"Электр станциялары" ишканасында жетекчи алмашты

Azattyk.org 

Кыргызстанда "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеев өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Анын биринчи орун басары Таалайбек Бектенов ишканага жетекчи болуп дайындалды. "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечимди директорлор кеңеши 1-февралда кабыл алды. Жолдошбек Ачикеев аталган ишкананы 2020-жылдын февралынан бери жетектеп келе жаткан. Анын жумуштан кетүү тууралуу чечиминин себеби кабарланган жок. “Электр станциялары” ачык акционердик... Читать дальше...

Бизнес-акыйкатчы: Көп сунушубуз президенттин жарлыгында камтылганын кубаттайбыз

Azattyk.org 

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы ишкерлерди колдоо боюнча буга чейин айтып келген сунуштары президенттин «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгында камтылганын кубаттайт. Бул тууралуу бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смиттин 1-февралдагы билдирүүсүндө айтылды. Ишкерлерге салык жагынан жеңилдик берүү, аларды негизсиз текшерүүнү токтотуу, коопсуздугун камсыз кылуу, уруксат берүү системасын жөнөкөйлөтүү сыяктуу кадамдар өлкөнүн жаңы жетекчилигинин саясий эркинин далили экени белгиленди. Читать дальше...

Катарда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына күйөрмандар киргизилет

Sputnik Кыргызстан (sport) 

2022-жылдагы дүйнө чемпионаты Катар өлкөсүндө 21-ноябрдан 18-декабрга чейинки аралыкта өтөт. ФИФА жетекчилиги ал мезгилге чейин эпидемиологиялык жагдай жакшы болот деп үмүт артууда.

Кыргызстандык калыс Өзбекстан – Аргентина командаларынын беттешин тейлейт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Ал Өзбекстандын Футзал ассоциациясынын өтүнүчү менен аталган беттешти тейлөөгө чакырылган. Букуев ФИФАнын тизмесине кирген кыргызстандык футзал калысы болуп саналат.

Коомго китеп окуганды үйрөткөн сабак керек

Azattyk.org 

Жалаң компүтер жана санарип менен “оозанган” жаңы муундарды кантип кадыресе китеп сүйүүчүлөргө айландыра алабыз? Бириккен Арап Эмирликтеринин борбору Абу Даби шаарында байырлап жаткан жаш педагог Нурайым Ысмайыл кызынын “Азаттыкка” жолдогон блогу дал ушул көйгөйгө арналган.

«Бешинчи канал» менен «Пирамида» каналдарын сатуу демилгеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөлөрү мамлекеттик «Бешинчи канал» жана «Пирамида» телеканалдарын жеке жактарга сатууну сунушташты. Бул тууралуу 1-февралда эки каналга бюджеттен 20 млн. сомдон 40 млн. сом бөлүп берүү маселеси каралып жатканда айтылды. Финансы министри Кыялбек Мукашев телеканалдардын кызматкерлерине 2020-жылдын декабрь айы үчүн бюджеттен каралган айлык жетпей калганын ушундан улам кошумча акча керек болуп жатканын билдирди. Жыйынтыгында депутаттар 40 млн. Читать дальше...

Былтыр коңшу өлкөлөр менен чек арага байланыштуу 12 чыр-чатак катталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, былтыр чек арага байланыштуу 12 чыр-чатак катталды. Анын ичинен кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында тогуз, кыргыз-өзбек чек арасында үч учур болду. Кыргызстан төрт өлкө – Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Өзбекстан жана Тажикстанга чектеш аймактарда утур-утур чыр чыгып, ок атылган учурлар бар. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1 378 чакырым. Анын 1 170 чакырымы же 85% такталган. Читать дальше...

Аманбаев: 48 мамлекеттик органдын саны 16га кыскартылды

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин штатын кыскартып, алардын ишин оптималдаштыруу ишин жыйынтыктап президентке жиберди. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын тутумун реформалоо үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык комиссиянын жетекчиси, өкмөттүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев 1-февралда «Азаттык» радиосунун «Арай көз чарай» берүүсүндө айтты. «Анын негизинде Кыргызстандагы 48 мамлекеттик органдын саны 16га кыскартылды. Жаңы регламент, жоболор иштелип чыкты. Жаңы өкмөт ошол жаңы структуранын... Читать дальше...

Парламенттин тиешелүү комитети өкмөттүн курамын талкуулайт

Azattyk.org 

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети 2-февралда премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» комитеттин мүчөсү, депутат Аида Касымалиева билдирди. 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдоду. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштады. Тармактык комитет өкмөттүн курамын жактырса... Читать дальше...

Пакистан Кытайдан коронавируска каршы 500 миң доза вакцина алат

Azattyk.org 

Пакистандын аскердик учагы коронавируска каршы вакцинанын алгачкы партиясын алып келүү үчүн Кытайга учуп кетти. Маалыматка караганда, учак Пакистанга "SinoPharm" вакцинасынын 500 миң дозасын жеткирет деп күтүлүүдө. Буга чейин Бээжин Исламабадга да ушул эле көлөмдө вакцина берүүнү убада кылган. Пакистанда кытай вакцинасы менен биринчи кезекте медицина кызматкерлери эмделет. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 400 миң медик эмдөөгө жазылган. 30-январда Пакистандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө "COVAX"... Читать дальше...

Украина: А. Дубинский «Эл кызматчысы» партиясынын фракциясынан чыгарылды

Azattyk.org 

Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Александр Дубинский өлкө президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясынын фракциясынан чыгарылды. Бул депутат АКШдагы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишкен деген доо менен жакында АКШнын «кара тизмесине» киргизилген болчу. 2021-жылдын январында айрым украиналыктар Кошмо Штаттардагы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишкен деген доого кабылып АКШнын чектөөлөр тизмесине киргизилген. Аларды орусиячыл украин депутаты Андрей Деркач менен байланышта болгон деп да айыпташкан. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *