Зулушев: Тартип комиссиясы уруксат берсе Калиева боюнча тергөө уланат
Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралдагы басма сөз жыйында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча суроолорго жооп берди. Башкы прокурордун айтымында Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы уруксат берсе, Калиевага карата тергөө иштери уланат. Ал Жогорку соттун төрайымын "атайлап куугунтуктоо аракети болушу мүмкүнбү?" деген суроого мындай жооп кайтарды: "Тилекке каршы, ушул кылмыштын айынан сот органдары маалыматтык системага кошулбай калып, иш аксап турат. Эгер Тартип комиссиясы уруксат берсе Гүлбара Калиева боюнча тергөө уланат"... Читать дальше...