Финполициянын жетекчисинин мурдагы орун басары Жамгырчиев үй камагына чыкты
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 8-февралда кабыл алганын басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы Жамгырчиев мамлекетке 20 миллион сом өлчөмүндө зыянды төлөп бергенин билдирди. 2020-жылдын 20-октябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шектүү... Читать дальше...