Бишкек сотунун кулпуларын сындырып кирүүгө шектүү адам Ошто кармалды
Бишкек шаардык сотунун имаратына түнүчүндө эшиктердин кулпусун сындырып кирип барган деп шектелген адам Ош шаарында кармалды. Бул тууралуу 13-февралда “Азаттык” радиосуна Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 30 жаштагы шектүү азыр Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурат. Милиция окуяны Жазык кодексинин “Уурулук” деген 200-беренесинин негизинде каттоого алып, келтирилген чыгымды тактап жатат. Мекеме билдиргендей... Читать дальше...