Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2021

Новости за 16.02.2021

Шайлоого көз салган үч уюм Баш мыйзамдын долбоору боюнча сын айтты

Azattyk.org 

Кыргызстанда шайлоо жараяндарына көз салып келе жаткан бир нече уюм Конституциянын жаңы долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирип чыгышты. “Жалпы иш”, “Эгль” жана “Таза шайлоо” уюмдары 16-февралда жарыялаган биргелешкен билдирүүсүндө парламенттин сайтына талкууга чыгарылган долбоордо Борбордук шайлоо комиссиясынын (Боршайком) курамына оппозиция өкүлдөрүн катыштыруу тууралуу норма кирбей калганы белгиленген. Кайрылуу менен чыккан юристтердин айтымында, Баш мыйзамдын коомдук талкууга коюлган долбоорунда... Читать дальше...

АКШ: Конгресс Капитолийге чабуулду иликтеген комиссия түзөт

Azattyk.org 

АКШнын Конгресси Капитолийге чабуулду иликтөө боюнча көз карандысыз комиссия түзөт. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин демократтарга жолдогон катында айтылат. Андагы маалымат боюнча эксперттик топ 2001-жылдын 11-сентябрдагы террордук чабуулдун жагдайларын иликтеген комиссияга окшош тартипте иш алып барат. Пелоси комиссия иликтөө жүргүзүп, “ички террордук акт”, “өлкөдөгү бийликти тынч жол менен өткөрүүгө кийлигишүүгө” байланышкан фактылар жана себептерди коомчулукка жарыялашы керектигин кошумчалады. Читать дальше...

УКМК: ИИМдин кызматкери пара талап кылууга шек саналууда

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 15-февралда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкеринин (А.А.) жана анын шеригинин үйүн, иштеген жерин тинтүүгө алды. Атайын кызмат иш Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси менен иликтенип жатканын кабарлады. Расмий маалыматка ылайык, былтыр ноябрдын аягында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери (А.А.) Чүйдүн Аламүдүн районунун тургунун (П.А.)... Читать дальше...

Германия тажик жарандарын террорчулукка айыптады

Azattyk.org 

Германияда беш тажик жаранына “Ислам мамлекети” террорчул уюмуна байланыштуу айып коюлду. Бул тууралуу “Ассошэйтед Пресс” агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме кылып жазды. Өткөн айдын аягында дагы бир тажик жараны аталган уюмдун жигердүү мүчөсү деген айып менен жети жылга соттолгон. Немис прокурорлору дүйшөмбүдө “Ислам мамлекети” террорчул уюмунун мүчөсү деп шек саналган тажик жарандары тууралуу тергөө материалдарын сотко жөнөттү. Германияда полиция Фарходшох К., Мухаммадали Г., Азизжон Б.... Читать дальше...

Блинкен Ирактын Күрдистан аймагына ракеталык чабуулду иликтөөгө чакырды

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Ирактын Күрдистан чөлкөмүндө болгон ракеталык чабуулду иликтөөгө чакырды. Ал кол салууда бир адам өлүп, беш киши жараат алган. Алардын арасында америкалык аскер да бар. «Биз бүгүн Ирактын Күрдистанында болгон ракеталык чабуул үчүн нааразыбыз. Мен Күрдистандын жергиликтүү өкмөтүнүн башчысы Масрур Барзани менен окуяны талкуулоо үчүн байланыштым. Ошондой эле мен ага чабуулду иликтеп, анын артында тургандарды жоопкерчиликке тартууда колдоо көрсөтө аларыбызды билдирдим»... Читать дальше...

Прокуратура Навальныйды "Ив Роше" иши боюнча 3,5 жылга кесүүнү дагы бир жолу суранды

Azattyk.org 

Москванын Бабушкинский сотунда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын үстүнөн сот жараяны уланды. Анда саясатчыга карата Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагеринин ар-намысына шек келтирген деген айып тагылган. 16-февралдагы жараянда мамлекеттик айыптоо Навальныйдын күнөөсү толугу менен далилденгенин билдирди. Буга байланыштуу саясатчыга 950 миң рубль айып салууну жана буга чейинки “Ив Роше” иши боюнча 3,5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу соттун чечимин колдой турганын жарыялады. Прокурор Навальныйды... Читать дальше...

Марипов: Баткенге өзгөчө статус берүү маселеси каралууда

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов 16-февралда «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирге чыгып, жарандардын суроолоруна жооп берип жатканда айтты. «Баткен облусунда абал чындыгында эле оор. Ошол жерде жашап жаткан жарандардын жашоо-турмушуна жардам бергенге өкмөт болгон күч-аракетин жумшайт. Себеби, чек арада жашагандардын ар бирин баатыр деп эсептейм. Баткен облусуна өзгөчө статус берүү да каралып жатат. Анткени маселе абдан көп». Читать дальше...

17-февралдагы аба ырайы

Azattyk.org 

17-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21; Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 16…21; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9; Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 4…9; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -24…-29, күндүз -2…-7 градус болот. Читать дальше...



Марипов: Күн карама майынын баасы 163% кымбаттады

Azattyk.org 

Премьер-министр Улукбек Марипов 16-февралда «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирге чыгып, Кыргызстандагы азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу суроолорго жооп берди. Өкмөт башчынын сөзү боюнча, күн карама майынын литри акыркы алты айда эле 163% кымбаттаган. Ушул тапта базарларда мурда 90 сомдон сатылган күн карама майынын литри 150 сомго чыкты. 5 литрлик май буга чейин 450 сом турса, азыр ал 650-700 сомдон сатылып жатат. «Күн карама майы эттин, күрүчтүн баасы жана башка социалдык маанидеги... Читать дальше...

Өкмөт үйүнүн алдында чек ара боюнча акция бүгүн да уланууда

Azattyk.org 

Өкмөт үйүнүн жанында бүгүн, 16-февралда чек ара маселесине байланыштуу пикет уланды. Отуз чакты адам өкмөттөн чек ара тилкелерин тактоо ишин тездетүүнү талап кылышты. Алар колуна “Делимитация жана демаркация комиссиясына картаны билген адистер дайындалсын”, “Элди кыйнабагыла” деген жазууларды кармап турушту. Соңку күндөрү Баткендин Баткен жана Жалал-Абаддын Ала-Бука райондорунда Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарда жергиликтүү тургундар менен коңшу мамлекеттин жарандары ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар катталган. Читать дальше...

Жамал Сейдакматовадан өчпөс чыйыр калды

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1986-жыл) Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды. Кыргыздын чыгаан театр жана кино өнөрпозу акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-февралда саат 10:00до Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын астында башталды. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары кабарланды. Маданият министри Кайрат Иманалиев: «Сиз кыргыз маданияты үчүн нар көтөргүс эмгек кылдыңыз. Читать дальше...

Сахнага арналган өмүр

Azattyk.org 

Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова 82 жаш курагында оорудан улам дүйнө салды.  Сейдакматова 16-февраль түнкү саат үчтө көз жумган. Кыргыз кино жана театр өнөрүнө эбегейсиз зор салым кошкон Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көлдө туулган. Кыргыз ССРнин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматовага экинчи даражадагы «Манас» ордени ыйгарылган. Актриса эгемендик жылдары алгачкылардан болуп көз карандысыз "Туңгуч" театрын негиздеген. «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы»... Читать дальше...

Шер-Нияз: Акындар демократияга салым кошуп келет

Azattyk.org 

Быйыл “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгы белгиленет. Кыргызстанда төкмөлүк өнөр кандай абалда? Төкмө акындардын чөйрөсүндө эркиндик, чыгармачыл атаандаштык барбы? Бул өнөрдүн агартуучулук ролу кандай? Алдыда айтыш өнөрүнүн күнгөй-тескейин "Сыябан" рубрикабызда талкууладык.

Адвокаттар кеңешинин төрагасы өзүнө тагылган айыптарды төгүндөдү

Azattyk.org 

«Кыргызстандын адвокатурасы» уюмунун адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов бирикменин мүчөсү Арман Кыйгырованын айыптоолоруна жооп кайтарды. Райымкулов 15-февралда “Азаттык” радиосуна билдиргендей ал “пальто иши” боюнча Жогорку соттун чечими менен толук акталган жана бүгүнкү күндө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда анын моралдык зыян боюнча доо арызы каралууда: “1995-жылы болгон экен. Менин ага эч тиешем жок. Жогорку Сотто толук акталып, өкүм чыгарылган. Бирок, кылмыштын курамы жок деп аяктаган ишти кайра-кайра көтөрүп... Читать дальше...

БШК: Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 425 миллион сом сарпталат

Azattyk.org 

11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону каржылоого бюджеттен 425 миллион сом өлчөмүндөгү акча коротулат. Бул тууралуу 16-февралда “Азаттык” радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, чыгымдар сметасы дүйшөмбү күнү Боршайкомдун кезектеги отурумунда бекитилди: “425 миллион сом өлчөмүндө бекитилди. Жер-жерлердеги добуш берүү тилкелерин даярдоого, тизмелерди чыгарып, бюллетендерди, иш сапарларды каржылоого кете турган акча ушул сумманы түздү”. Читать дальше...

Үсөнбаев: COVID-19 боюнча абал туруктуу, бирок режимди сакташ керек

Azattyk.org 

Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-февралдагы брифингде билдирди. Анын сөзүнө караганда, Европа өлкөлөрүндө коронавирус басаңдап калды. Орусияда акыркы бир айдын ичинде ооруну жуктургандар эки эсе азайып, Казакстанда буга чейин бир суткада 1500 кишиден илдет аныкталып жатса, акыркы күндөрү 686га чейин түштү: «Ошол эле учурда биздин республикада абал туруктуу болуп жатат. Бирок дагы деле лаборатория жолу менен тастыкталган жаңы учурлар катталууда. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөт аралык жыйын март айынын башына пландалууда

Azattyk.org 

Март айынын биринчи декадасында кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. Бөрүбаев 15-февралдагы брифингде айткандай, кыргыз тараптын делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жетектейт, курамында бардык тийиштүү тармактардын өкүлдөрү болот: "Биздин жарандар коюп жаткан маселелерди ошол жерден карап, чечкенге аракет кылабыз. Өзүңөргө белгилүү болгондой, Тажикстан... Читать дальше...

Кылымдын китебин жазган Төлөгөн агай

Azattyk.org 

Атактуу эл акыны Аалы Токомбаев "“Мындай китепти дагы жүз жыл бою башкалары дагы жаза албайт!” деп зор баа берген "Сынган кылыч" аттуу тарыхый роман жана анын автору Төлөгөн Касымбеков тууралуу адабиятчы Бекташ Шамшиевдин блогу.

Коронавирустан эки адам каза болуп, 48 кишиге жаңы жукту

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 16-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде бул илдеттен эки адам каза болду. Алардын бирөө Бишкек шаарынан, дагы бири Чүй облусунда. Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1 444 кишиге жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 48 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 17 киши жана Чүй облусунда - 12, Ысык-Көлдө - 10 бейтап. Ош шаары менен Баткен облусунда жаңы учурлар катталган жок. Читать дальше...

Кыргыз экономикасы: жыл төмөндөө менен башталды

Azattyk.org 

2020-жылга карата экономикалык-финансылык айрым көрсөткүчтөрдүн жаңы эсеби чыкты. Маселен, тышкы соода төмөндөгөнү жана мигранттар которгон акча кыскарганы маалым болду. Мурдараак ички дүң өнүм артка кеткени такталган. 2021-жылдын алгачкы айында да экономиканын өсүү темпи терс көрсөткүчтөр менен башталды. «Элдик экономика» түрмөгүндө ушул тема талданды. Калган-каткан жыйынтыктар Алгач узаган жылдын эсептерин бир сыйра тактап алалы. Анда кепти Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү менен баштайлы. Читать дальше...

УКМК: Нарында Эсеп палатасынын инспектору кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 15-февралда пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Эсеп палатасынын Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн «М.А.С.» аттуу улук инспекторун кармады. Атайын кызмат 16-февралда кабарлагандай, шектүү Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөн. Ал үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районундагы айылдардын биринин башчысынан 60 миң сом алган.... Читать дальше...

Бажыдагы коррупция: Дагы эки адамга өкүм чыкканы белгилүү болду

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматында коррупциялык схема түзгөн деп шек саналган мурдагы эки бажычыга да сот өкүмү чыкканы белгилүү болду. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 27-январдагы чечими менен Бажы кызматанын төрагасынын мурдагы орун басары, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага 260 миң сом айып салынды. Ушул эле иш боюнча айыпталган Түндүк-Чыгыш бажысынын мурдагы жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев да коррупция боюнча коюлган күнөөнү моюнуна алып... Читать дальше...

Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова көз жумду

Azattyk.org 

Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова 82 жаш курагында оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу Кинематография департаменти кабарлады. Сейдакматова 16-февраль түнкү саат үчтө көз жумган. Кыргыз кино жана театр өнөрүнө эбегейсиз зор салым кошкон Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көлдүн Темировка айылында туулган. Кыргыз ССРнин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматовага экинчи даражадагы «Манас» ордени  ыйгарылган. Актриса эгемендик жылдары алгачкылардан болуп көз карандысыз "Туңгуч" театрын негиздеген. Читать дальше...

АКШ мыйзамчылары 6-январдагы Капитолийдеги тополоңду кылдат иликтетмекчи

Azattyk.org 

АКШ Конгрессинин төмөнкү үйүндө быйылкы 6-январдагы Капитолийдеги тополоңду көз карандысыз комиссия аркылуу иликтөө демилгеси көтөрүлдү. Республикачы, мурдагы президент Доналд Трампка каршы импичмент соту аны актоо менен аяктаса да, Капитолийдеги тополоңду тергөө ишине жаңы түрткү жарала тургандыгы анык болду. АКШнын Конгрессинин Өкүлдөр үйүнүн спикери Нэнси Пелоси америкалык мыйзамчылар быйыл 6-январда өлкөнүн парламенти жайгашкан Капитолий имаратына зомбулук менен кирип барып, тополоң уюштургандардын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *