“Centerra Gold” кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитражга бергенин билдирди
16-майда Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы (Centerra Gold Inc) кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады. Бул тууралуу билдирүү чет элдик компаниянын сайтына жарыяланды. "Центерра Голд" кыргыз өкмөтүнөн Кумтөр кенине байланыштуу жакында кабыл алынган мыйзамды же "Кумтөр Голд Компани" ишканасына экологиялык чыгым менен салыктан улам салынган айыппулду токтотууну талап кылат. Компания кыргыз өкмөтүнүн акыркы аракеттерин Кумтөр кениндеги инвестициялык келишимдерди бузуу деп эсептейт. Читать дальше...