Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2021

Новости за 18.05.2021

Акаев: Кумтөрдүн "каймагын" кийинки бийлик калпыган

Azattyk.org 

Дээрлик 30 жылдан бери "Кумтөр" алтын кен долбоору чыр чатактан башы арылбады. Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия мурдагы президенттер менен өкмөт башчыларын ири инвестициялык долбоорду саясий соодага жана коррупциялык схемаларга айланткан деп айыптады. Алтын кен ачылганда мамлекетти жетектеп турган туңгуч президент Аскар Акаевди кепке тартып, анын дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу суроолорго жооп алдык.

Шестёрка коррупционера Капарова воришка Дилмурод Махмудов по кличке "Ууру" рвётся к власти

PR Kyrgyz 

КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

АРЫЗ

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Коррупционер Матраимовдор кланынын активдуу мүчөсү Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы Махмудов Дилмурод мамлекет эсебинен мыйзамсыз баюу максатында  көптөгөн коррупциялык схемалар түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

1. Д.Махмудов мыйзамсыз баюу максатында Т.Матраимов жана Капаров менен алдын ала сүйлөшүп, КР ЖК шайлоосунда И. Матраимовго көп добуш алып беремин деп №106 Айбек атындагы мектептин алдынкы директорун артыдан жамандап... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын жолуна милиция посту коюлду. Эки апта мурдараак ушул тегеректеги жаңжал ондогон адамдардын өмүрүн алган. Кыргызстан өз колуна алган «Кумтөр Голд Компани» ишканасына Тенгиз Бөлтүрүк убактылуу башкаруучу болуп дайындалды. Ал мурда «Центерра» компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Беларуста Александр Лукашенко нааразылык акцияларын басууда аскердик техниканы колдонууга уруксат берген мыйзамга кол койду.

Вашингтон Арктиканын милитаризациясына тынчсызданат

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Арктиканын милитаризациясына тынчсызданганын билдирди. Аймактын стратегиялык мааниси супер державалар арасында барган сайын артууда. Блинкен Түндүк Европаны кыдырып жүрөт. 19-майда Рейкьявикте ал Арктика кеңешинин жыйынына катышмакчы. Анын жүрүшүндө орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен алгачкы жолу бетме-бет жолугушат. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайстын айтымында, Блинкен Арктиканы жаңжалдардан эркин аймак катары сактап... Читать дальше...

Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына 100-жолу чогулушту

Azattyk.org 

Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар 18-майда Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына 100-жолу чогулушту. Аларды кармап кетишкени, телефондору өчүк экени кабарланды. Кийин 8 киши сотко жеткирилгени маалым болду. Маалыматтарга караганда, аларга тынч акцияларды өткөрүү тартибин бузуу деген айып тагылууда. Шинжаңда камакта жаткан жакындарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыккан бир нече киши Кытайдын дипломатиялык өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын жанына келишкен. Аларды полиция имаратка жакын келтирбей койгон. Читать дальше...

Министрлер кабинетинин төрагасы Марипов Кумтөр кенине барды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жамаатына убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Марипов Кумтөр кениндеги жумушчулар менен жолугуп, айрым суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, кызматкерлер арасында кыскартуулар болбойт. «Кен өз ишин токтотпойт жана ишин штаттык режимде улантат. Кызматкерлер тийиштүү төлөмүн алышат, эч кандай кыскартуулар тууралуу кеп да болбошу керек. Читать дальше...

Милиция: Чүйдө 17 жаштагы улан жанын кыйды

Azattyk.org 

Чүйдүн Панфилов районундагы Вознесеновка айылында 17 жаштагы бала асынып алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Милициянын маалыматына ылайык, 102 кызматына 17-майда түнкү саат бир чамасында Вознесеновка айылындагы сарайлардын биринде асынып турган баланын сөөгү табылганы тууралуу кабар түшкөн. Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалды. Баштапкы маалыматка ылайык, маркум Кара-Балта шаарында жашачу. Вознесеновка айылына туугандарыныкына келген. Читать дальше...



Аймактарда эмдөө солгун, Бишкекте вакцина түгөндү

Azattyk.org 

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн биринчи фазасы 24-25-майга чейин жыйынтыкталат. Ага ылайык 64 миңден ашуун адам эмделди. Кыргызстанда май айы жаңыргандан бери эле 116 адам коронавирустун курмандыгы болду. Буга кошумча жүрөк-кан тамыр, кан басым ооруларынан жабыркагандардын саны көбөйдү. Бишкекте кардиология бөлүмү толду Май айы жаңыргандан бери өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандар да, андан каза болгондор да көп катталууда. 18-майда бул оору жети кишинин өмүрүн алды. Читать дальше...

Кыргызстан «Кумтөрдү» иштете алабы?

Azattyk.org 

Министрлер кабинети Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тыштан башкаруучу кылып дайындап, алтын кендеги өндүрүштү көзөмөлүнө алды. Ал тапта «Центерра Голд» (Centerra Gold Inc) компаниясы «Кумтөр Голддун» айланасындагы акыркы окуяларга жооп катары Кыргызстандын ишканадагы акцияларын башкаруу укугун чектеди. Канаданын эки министри да камтамачылыгын билдирип, кыргыз бийлигинин кенди убактылуу башкарууга алышы инвестициялык климатка доо кетирерин эскертти. Миңдеген жумушчу иштеп өлкөнүн... Читать дальше...

Чек ара: бир көчөнүн кайгысы

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик жаңжалында Баткендеги Карабак айылынын беш тургуну каза болду, алардын төртөө бир көчөдө жашаган коңшулар болгон. Алар 29-апрелде Көк-Таш айылы тараптагы “Головной” тилкесине барып, минометтун огунан мерт болгон. Айылдаштарынын айтымында, маркум коңшулар жашоосуна тың, үй-бүлөөсүн жалгыз баккан жарандар болгон.

УКМК: суммасы 20 млн. доллар жарым тоннадай баңгизат кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 13-майда Ош облусунан 440 килограммдан ашык баңгизат (героин) кармаганын билдирди. Атайын кызмат героиндин баасын 20 миллион доллардан ашык сумманы түзөт деп эсептеди. Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында баңгизат оор жүк ташуучу автоунаада жашыруун бекитилген жеринен аныкталган. УКМК бул Борбор Азия аймагы аркылуу Жакыны Чыгыш Европа өлкөлөрүнө ири өлчөмдө баңгизат ташуучу канал экенин белгиледи. Бул факт боюнча учурда эки кыргыз жараны кармалып... Читать дальше...

Дүйнөлүк рынокту көздөгөн балчылар

Azattyk.org 

Кыргызстанда балчылык жана аары кармоо акыркы мезгилде бизнестин бир түрүнө айланып, ага кызыккандар көбөйүүдө. Алардын бири аксылык кайната менен келин Авлетим жайлоосунда тоо башында он жылдан бери балчылык менен алектенет. Өлкөдө жылына 10-12 миң тонна бал өндүрүлөт.

Баткен: Мамкаттоо кызматынын иш сааты узартылды

Azattyk.org 

Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда жарандык актыларды каттоо, паспорт жана башка документтерди берүү кызматтары таңкы саат сегизден кечки жетиге чейин иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. “Акыркы чек арадагы окуяга байланыштуу Баткендин чек ара аймактарында документтерин кайра келтирүү үчүн кайрылган жарандардын саны өстү. Мындан улам мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн Баткендин үч районунда иш убактысы эки саатка узартылды”, - деп айтылат маалыматта. 28-29-30-апрелде... Читать дальше...

Ак-Сай менен Ворухтун ортосуна пост коюлду

Azattyk.org 

Баткен облусунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын чектеш жерине кыргыз-тажик милиция кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлду. Милициянын бекети жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыздай турганы айтылууда. Баткендеги Ак-Сай айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы кесилишет. Эки элдин тынчтыгына көзөмөл кылуучу милиция посту ортого жайгашканы жергиликтүү эл үчүн маанилүү. Анткени ушул тапта Ак-Сай айылынын эли малын айдап, анклав аркылуу жайлоого чыгып жаткан кези. Бул... Читать дальше...

Кумтөр: бизнес-акыйкатчы сырттан башкарууга тынчсызданды

Azattyk.org 

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Кумтөр кенинин айланасындагы соңку окуяларга камтамачылыгын билдирди. Ал ири инвестордун өкүлдөрү бийлик менен мунасага келе албай, натыйжада Кумтөргө тышкы башкаруу киргенин белгилейт. Мекеме тараткан маалыматта бизнес-акыйкатчы институту өлкөдөгү соңку кырдаал инвестиция тартууга жана ишкер чөйрөгө таасирин тийгизип жатканын бир нече жолу айтканы жазылган. Ошондой эле Кыргызстан экономикалык кризистен чыгуу үчүн бизнести коргоого алышы керектиги зарыл экени белгиленген. Читать дальше...

“Аэрофлот" июндун аягына чейин Түркияга билет сатууну токтотту

Azattyk.org 

“Аэрофлот" авиакомпаниясы июндун аягына чейин Түркияга билет сатууну токтотту. Коронавируска каршы ыкчам штаб уруксат бергендей, жумасына эки рейс гана аткарылып турмакчы. "Аэрофлоттун" расмий өкүлү Михаил Деминдин айтымында, каттамдар аткарылбай калса, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаралбашы үчүн билет сатпоо чечими кабыл алынды. Мунун алдында орусиялык бир катар маалымат каражаттары чектөө 30-июнга чейин узартыларын жазышкан. Түркия менен аба байланышка Коронавируска каршы ыкчам штаб 15-апрелден 1-июнга чейин чектөө киргизген. Читать дальше...

Ош: Шайлоо үчүн жооптууларга каршы Башкы прокуратурага арыз жазылды

Azattyk.org 

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышкан “Улуу Журт” саясий партиясы шайлоону уюштурууга жооптууларга каршы Башкы прокуратурага арызданды. Бул тууралуу 18-майда “Азаттык” радиосуна партиянын төрагасы Мирлан Орозбаев билдирди. Натыйжада жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоону уюштурууга салык төлөгөн элдин акчасы кеткенин айткан Орозбаев “Шайлоо учурунда өз милдетин жакшы аткарбаган же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн ашыкча аткарган аткаминерлерге иш козголуп, жоопко тартылышы, иштен кетиши” керектигин айтууда... Читать дальше...

Бишкекте Ирак менен Сириядан кайтарылган балдар маселеси талкууланды

Azattyk.org 

Бүгүн 18-майда Бишкекте Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын адистери Ирак менен Сириядан кайтарылган балдар жана аялдар маселесин талкуулашты. Кыргызстандан бул жыйынга саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова катышканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Үч өлкөнүн өкүлдөрү жана эксперттери согуш аймагынан мекенине алынып келген балдарды реабилитациялоо боюнча пикири жана тажрыйбасы менен алмашышты. Солтонбекованын айтымында, «Мээрим»... Читать дальше...

Олжас Сулейменов 85 жашка чыкты

Azattyk.org 

Казак эл жазуучусу, акын жана адабиятчы Олжас Сулейменов 18-майда 85 жашка чыкты. Калемгер 1936-жылы Алматы шаарында туулган. Сулейменов 1970-жылдардын этегинде “Аз и Я” китебин чыгаргандан кийин СССРдагы улуттук азчылыктар арасында өзгөчө популярдуу болгон. Анда акын орустардын “Князь Игордун полку жөнүндөгү баяндоосунун” түбү түрк тилдүү элдерге таандык деп боолголойт. Поэмадагы “Жер, адамга жүгүн!” деген сап биринчи космонавт Юрий Гагариндин мүрзөсүндө жазылып турат. Жазуучу дипломатиялык... Читать дальше...

Өзбекстанда оппозициялык партия каттоодон өткөн жок

Azattyk.org 

Өзбекстандын Юстиция министрлиги "Акыйкат жана өнүгүү" социал-демократиялык партияны каттоодон баш тартты. Партиянын лидери Хидирназар Аллакулов "Озодлик" радиосуна билдиргендей, мекеменин "карама-каршылыктуу" катында кол тамгалардын бир бөлүгү кабыл алынбаганын, калгандары текшерилип жатканын маалымдады. Бирок министрликтин радиобуздун өзбек кызматына берген расмий жообуна караганда, партия катталган жок. Баш тартууну тапшырылган кол тамгалар мыйзамда каралган талаптарга жооп бербейт деп түшүндүрүштү. Читать дальше...

Кыргызстандык мушкер АКШда жеңишке жетти

Azattyk.org 

17-майда АКШнын Пенсилвания штандагы Питсбург шаарында өткөн “Old shcool pro boxing Pandemic Pugilism” деген аталыштагы профессионалдык бокс таймашында кыргыз мушкери Басызбек Баратов америкалык мушкер Ролан Харрисонду утуп алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" мушкердин менеджери Майкл МакСорли жуниор билдирди. Беттеш төрт раундга созулуп, жыйынтыгында үч калыс тең Баратовду жеңүүчү деп тапкан. “Бул менин Америкадагы үчүнчү жеңишим. Рингге чыга элегиме төрт жыл болду. 2020-жылы беттешке чыгууга даярданып... Читать дальше...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен Сочиде жолугат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен 24-майда Сочи шаарында жолугат. Бул тууралуу Путин 18-майда Орусиядагы элчилерге ишеним грамоталарын тапшырып жатканда айткан. Маалыматка ылайык, жолугушууда Евразия экономикалык интеграциясы тууралуу сөз болот. Ошондой эле Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагында аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси көтөрүлөт. 10-майда Садыр Жапаров Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Читать дальше...

УКМК: көмүскө акча ташууга шек саналган эки жаран кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 59,5 миллиард сомду Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган эки жаранды кармады. Маалыматка ылайык, колго түшкөн адамдар адалдоо максатында акчаны Кытайдагы банктарга которуп турган. УКМК бул ишке катыштыгы бар башка да шектүүлөрдү издеп жатат. Атайын кызмат быйыл март айынын башында сөз болуп жаткан фактыны Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *