Чек арада ок жеген Чыңгыз Түркияда операция болду
Баткендеги чек ара жаңжалында 38 жаштагы Чыңгыз Каработоевдин бутуна жана көзүнө октун чачырандылары тийип, оор жараат алган. Ага Түркияда операция жасалды.
Баткендеги чек ара жаңжалында 38 жаштагы Чыңгыз Каработоевдин бутуна жана көзүнө октун чачырандылары тийип, оор жараат алган. Ага Түркияда операция жасалды.
Москвада батирде чыккан өрттөн кыргызстандык мигранттын 4 жана 5 жашар кыздарынын өмүрү кыйылды. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин жергиликтүү тургандар аткезчиликке каршы элдик кошуундарды түзүштү. Орусияда абакта отурган оппозициялык саясатчы Алексей Навальный анын үстүнөн жаңы кылмыш иши козголгонун билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондун Газа тилкесинде ок атышууну токтотууну бекемдөө аракетинин алкагында Жакынкы Чыгышка барды. Ал алгач Израилге барып, Палестин автономиясында, анан андан ары Иордания менен Мисирде Газада тынчтыкты орнотуу боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрө турганы кабарланды. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен алгач Тель-Авивге барып, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга жолукту. Блинкен эки тарап менен тең жолугат Энтони... Читать дальше...
Кыргызстан коңшулаш Тажикстан менен чек арасын убактылуу "толук" жапты. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы олуттуу маселелер чечилмейинче, кыймылды токтотуу чечимин кабыл алганын билдирди. Кыргызстандын бул кадамы чек араны чечүүдө канчалык таасир этет? Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, болушуна, ары-бери жүрүшүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө "убактылуу чектөө" киргизилген. Читать дальше...
АКШ президенти Жо Байден жарандык учакты күч менен кондуруп, журналист Роман Протасевичти камакка алган беларус режимин кескин сынга алып, Евробиримдиктин бул жаатта кабыл алган чечимин кубаттады. 24-майдын кечинде шаркеттин лидерлери Беларуска каршы жаңы экономикалык санкцияларды киргизүүнү макулдашкан. Тихановская кескин чараларды көрүүгө чакырды Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская эл аралык коомчулукту авторитардык лидер Александр Лукашенкого каршы бирдиктүү чараларды көрүүгө чакырды. Читать дальше...
Талас облусун башка аймактар менен бириктирген Өтмөк ашуусундагы негизги жолдун азыркы абал оор. Анын айынан айдоочулардын чыгымдары кыйла көбөйдү. Бул кан жолго жооптуу мекеме болсо тиешелүү акча которулса тешиктер жамала баштарын билдирди. Ашуудагы жолго кабарчыбыз Максат Кутманбеков барып келди.
Быйыл Кыргызстанда 11-классты 61546 өспүрүм аяктап жатат. Ал эми 9-классты 103 414 окуучу бүтүрдү.
Москвада кыргызстандык мигрант үй-бүлөнүн 4 жана 5 жаштагы эки кызы өрттө каза болду.
Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелеринде канчалык бейтарап боло алат? Президент Садыр Жапаровдун орус бийлиги менен мамилеси кандай? Бул жана башка суроолорго Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт, саясат таануу илиминин доктору Андрей Казанцев жооп берди. - Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров акыркы үч ай ичинде экинчи жолу орус президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул анын кыргыз-тажик чегиндеги жаңжалдан кийинки алгачкы чет өлкөлүк сапары. Сиз бул визиттин Кыргызстан... Читать дальше...
Арстанбек Базаркулов — ядро ыргытуу боюнча спорт чебери. Ал майыптыгына карабай өжөрлүгү, өзүнүн аракети менен Токиодо өтө турган XVI Паралимпиадага лицензия утту.
Ядро ыргытуу чебери Арстанбек Базаркулов Токиодо өтө турган XVI Паралимпиадага лицензия утту. Бул алгачкы жана учурдагы жалгыз лицензия.
Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу мөөнөтүнөн кечигип жатат. 2019-жылы сентябрда өткөн тендерди кытайлык “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы уткан. Сынактын шартына ылайык, 2020-жылдын аягына чейин Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушундагы 306 жерде видеокамера коюлуп, жол эрежесин бузгандарды каттоо башталмак. Пандемияда жаралган тоскоолдуктарды эске алуу менен келишим 2021-жылдын 18-июнуна чейин узартылган. Ал келишимдин мөөнөтү аяктап... Читать дальше...
Кыргызстандагы 40 райондун 37 районуна жаңы акимдер дайындалды жана ротацияланды. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев жаңы бийликтин бул аракети кадрлардын резервин даярдоого жардам берет, бирок өлкөнү натыйжалуу башкарууга пайдасы тийбейт деп эсептейт. - Кенжебек мырза, президент Садыр Жапаровдун бийлигинин учурунда акимдерди ротациялоо саясаты ишке ашты. Бул жараянды кандай баалап жатасыз? - Реформа кылам деген бийлик ишти административдик-аймактык реформадан башташы керек эле. Мухаммедкалый... Читать дальше...
Мелдеш Красноярск (Россия) шаарында 27-30-майда өтөт. Кыргызстандык балбан 79 килограмм салмакта күч сынашмакчы.
Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшүү үчүн мүмкүн болгон бардык аракетти көрөт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусунда айтты. Ушуну менен Владимир Путин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин эки өлкөнүн тең жетекчилери менен жолукту. Кыргызстан менен Орусиянын президенттери 24-майда Орусиянын Сочи шаарында жолукту. Расмий маалыматка ылайык, анда кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун абалы... Читать дальше...