Түндүк-түштүк жолу: депкомиссия түзүлдү
Парламентте түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушуна байланышкан ишти иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Бул жолдун курулушу 850 миллион долларга бааланып, 2023-жылы бүтөрү пландалган. Бирок иштин жүрүшүндө тендер чыры жана бир катар алешемдикке жол берилген фактылар айтылып жүрөт. Жогорку Кеңештин 3-июндагы жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушуна байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө сунушу талкуу жаратты. Читать дальше...